Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Бийлик шайлоону Коопсуздук кеңешинде талкуулады


Өкмөт үйү, Бишкек шаары.
Өкмөт үйү, Бишкек шаары.

Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнүндө бийлик өкүлдөрү алты саат бою Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты. Анда алгачкы маселе катары шайлоого даярдык талкууланып, тиешелүү органдар маалымат беришти.

Бийликтин добуш берүү алдында улуттук коопсуздук боюнча башкы аянтчада шайлоону талкуулаганына негиз бар. Себеби, өлкөдө үч жолу орун алган ыңкылап шайлоодогу нааразылыктан улам башталып, бийликтин кулашына алып келген.

Дал ушул жагдайды эске алган азыркы өлкө жетекчилиги шайлоого байланыштуу абалды улуттук коопсуздукка таасир этчү фактор санап, аны мыйзам чегинде уюштурууга убада берип келет.

Президент Садыр Жапаров ушул убадалардын өтөөсүнө чыгууга бардык аракет көрүлүп жатканын белгилеп, аны улантуу керек деп билдирди.

"Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын кол алдындагы адамдардын бири дагы шайлоо процессине кийлигишпеши керек. Ага жол берилбейт. Мыйзамдын бардык ченемдерин кынтыксыз аткаруу принциби мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасы сыяктуу эле, шайлоо процессинин эң негизги өзөгү болууга тийиш. Тилекке каршы, айрым кызмат адамдары өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөр болгонун түшүнүшкөн жок. Алар мурдагыдай эле кызматтык укуктарын пайдаланып, кайсы бир депутатка же саясий бирикмелерге жардам бере алабыз деп ойлошкон. Өзүңүздөр жакшы билгендей, мындай кызмат адамдарына колдонуудагы мыйзамдардын негизинде чара көрүлүп, айрымдары ээлеген кызматынан кечиктирилгис түрдө бошотулду. Бул көрүлгөн чараларды туура деп эсептейм!".

Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев
Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев

Президент мыйзамды сактоо боюнча талап күчүндө экенин добуш берүүнүн жыйынтыгын эл аралык коомчулук тааныгандай болушу керектигин кошумчалады.

Бийлик бул жолу административдик ресурс, добуш сатып алуу сыяктуу ыплас технологияларды колдонууга бөгөт коюлуп, келип түшкөн арыздар азайганын билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку эки күнү акча тараткандарга көзөмөл күчөтүлөрүн эскертти.

"Тартип бузгандардын жоопкерчиликтери дароо каралды, кызматтарынан четтетилди, кызматынан бошотулду. Бул башкалардын мындай каталарды кетирбешине чечкиндүү эскертүү болду жана катуу сокку болду! Натыйжада, бул шайлоодо тартип бузуулар 2 эсеге азайды, партиялардын фонддорун сарптоо 3 эсеге азайды. Бирок ушул акыркы эки күндө акча чачкандарга көзөмөл күчөтүлөт".

Борбордук шайлоо комиссиясына бул жолу үгүт өнөктүгү учурунда мыйзам бузуу боюнча 157 арыз келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү добуш сатып алуу, үгүт эрежесин бузуу жана административдик ресурс колдонууга байланыштуу. Ал эми 27 талапкерге эскертүү берилип, эки талапкер шайлоодон четтетилди.

Алардын бири добуш сатып алуу аракети боюнча шайлоодон четтеген Камчыбек Жолдошбаев болсо, экинчиси, жогорку билим боюнча диплому жасалма делген Рыскелди Момбеков. Дал ушул оппозициячыл саясатчы саналган Момбековдун талапкерлигинин алып салынышы президенттин шайлоону калыс өткөрүү убадасына көлөкө түшүрдү деген пикирлер айтылууда. Мындан улам Коопсуздук кеңешинде айтылган бийликтин убадалары канчалык аткарылат деген суроо турат.

Мындан улам Коопсуздук кеңешинде айтылган бийликтин убадалары канчалык аткарылат деген суроо турат.

Саясатчы Бекболот Талгарбеков буга чейин деле таза шайлоо убадалары көп айтылганын, бирок ага ишенүү кыйын экенин белгиледи.

Бекболот Талгарбеков
Бекболот Талгарбеков

"Ойлору, сүйлөгөндөрү абдан жакшы. Эми иши кандай болот, али белгисиз. Маселе ошондо. Бардык учурда эле шайлоону адилеттүү, таза өткөрөбүз деп убада берип келишкен. Бирок иш жүзүндө башкача болуп келбедиби. Эгерде азыркы бийликтин сөзү менен иши дал келсе, коом өзү ыраазы болот. Бирок сөз менен иши дал келбей калса, кайрадан нааразылыкка себеп болот".

Бул жолу 3 миллион 700 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Бирок алардын канчасы катышары белгисиз. Өкмөт бул жолу шайлоого добуш бергендер аз болушу мүмкүн деп чочулап турат. Муну эске алган президент Садыр Жапаров жарандарды активдүү катышууга чакырып, а түгүл облус жетекчилерине "шайлоочуларды жетектеп алып келгиле" деген тапшырма койду.

Шайлоого эки күн калганда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүү менен бийлик абал көзөмөлдө экенин көрсөтүүгө аракет кылгандай. Анда шайлоодон сырткары улуттук коопсуздук, азык-түлүк коопсуздугу боюнча абал талкууланды. Мындан сырткары президент коррупция, энергетикадагы кырдаалга токтолуп, айыл чарбаны каржылоо боюнча насыялардын буга чейин дыйкандарга жетпей, министр, депутаттардын кийлигишүүсү менен башка максатта пайдаланып келгенин билдирди.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттын 3 пайызы гана дыйкандарга жетип келген. Мындан улам президент дал ушул насыялардын максаттуу пайдаланууну текшерүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырды.

Ал эми тоо-кен лицензиялар, энергетика тармагындагы коррупцияны башкы прокурор текшермей болду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG