Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Конституциялык кеңешменин курамы сынга кабылды


Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык коомдун өкүлдөрү. 22-ноябрь, 2020-жыл.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык коомдун өкүлдөрү. 22-ноябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын юристтер коому конституциялык кеңешме чакырып, анын курамын бекиткен жарлыкты Баш мыйзамга жана эл аралык укуктук практикага каршы келген аракет катары сындап чыкты.

Ошондой эле саясий чөйрөдө жана бул кеңешменин өзүндө анын курамы бир жактуу көз караштагы адистерден куралып калганы боюнча маселе көтөрүлдү. Айрыкча ага буга чейин президенттик бийликти күчөтүүгө салым кошкон адамдардын кирип калганы белгиленди.

Ошондуктан кеңешмеге атаандаш көз караштагы саясатчыларды, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жарандык активисттерди чакыруу сунушталды. Кеңешменин жетекчилиги коюлган дооматты четке какты.

Кеңешменин легитимдүүлүгү

Кыргызстандын юристтер коомчулугу конституциялык реформа эл аралык укукту жана Баш мыйзамды одоно бузуу менен жүрүп жатканын сынга алды. Анда парламенттин иштөө мөөнөтү мыйзамсыз узартылып, бирок ага карабастан Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, конституциялык реформаны сунуштаганы легитимсиз экени белгиленди.

Баш мыйзамда мыйзам демилгелөө укугу жок президенттин милдетин аткаруучу конситуциялык кеңешме чакырып, анын курамын бекитип жатканы мисалга алынды.

Конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева конституциялык кеңешме чакыруу тартиби бузулганын айтып, анын Баш мыйзамды иштеп чыгуудагы легитимдүүлүгү шек туудурганын билдирди:

«Жогорку Кеңеш 22-октябрда кабыл алган мыйзам толугу менен Баш мыйзамга каршы келет. Мындан сырткары Конституциянын бир да жеринде "президент же болбосо президенттин милдетин аткаруучу өз жарлыгы менен конституциялык кеңешме түзөт" деген сөз жок. Демек, азыркы түзүлгөн конституциялык кеңешме мыйзамсыз жана легитимсиз. Ошондуктан азыр жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа Баш мыйзамга дагы, эл аралык практикага дагы дал келбейт».

Ошол эле кезде коомдук ишмер, конституциялык кеңешменин мүчөсү Кемелбек Ашыралиев азыркысын 2010-жылдагы конституциялык кеңешме менен салыштырды. Ал Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга жана сунуштоого укук берүүчү легитимдүүлүк тууралуу маселеге мындай жооп кайтарды:

Кемел Ашыралиев.
Кемел Ашыралиев.

«2010-жылдагы кырдаалды эстей турган болсок, ошол кездеги президент качып кеткенден кийин парламент да тарап кеткен. Анда легитимдүү бир дагы мамлекеттик бийлик органы калган эмес. Анан Убактылуу өкмөт түзүлүп, легитимдүү жана мыйзамдуу бийликтин жарлыгы жок эле конституциялык кеңешме түзүлбөдү беле. Анан он жыл бою иштеген Баш мыйзам кабыл алынган. Андай болсо, биз 10 жыл аралыгында эч кандай легитимдүүлүгү жок конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзам менен иштеген экенбиз да. Мына ошол Баш мыйзам менен бүгүнкү Конституциянын жаңы долбоорунун айырмасы башкача болуп жатат да. Кечээгиде президент өз ыктыяры менен кызматын тапшырып, анын милдетин мыйзамдуу бекитилген премьер-министр аткарып калды. Анан ал президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, парламенттин спикери президенттин милдетин аткарууда. Анын жарлыгы менен учурдагы конституциялык кеңешме түзүлүп жатат».

Баш мыйзам долбоорун кимдер иштеп, кимдер талдашууда?

Анткен менен депутат Каныбек Иманалиев конституциялык кеңешменин курамы коомдун түрдүү катмарынын көз карашын чагылдырбай турганын сындады. Ал аймактык лидерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү бул кеңешмеге киргизилбей калганын мисал келтирди.

«Бишкекте отуздай окмуштуу чогула калып эле, Баш мыйзамдын долбоорун жаза салса эле, ал жалпы республиканын эрежеси болуп калабы? Биз Бишкек шаарынын Конституциясын жазып жаткан жокпуз. Ошто, Нарында, Жалал-Абадда, Таласта, Баткенде жана Ысык-Көлдө Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыга турган окумуштуу жокпу? Булар эмне Илимдер академиясынын жобосун жазып жатышабы? Кыргызстанда Чолпон Жакупова, Клара Сооронкулова, Азиза Абдирасулова, Динара Ошурахунова сыяктуу мурдагы президенттер менен кармашып келген жарандык коомдун күчтүү лидерлери бар. Алар кайда? Караңгыда отуруп алып жазылган Баш мыйзам Кыргызстанга жарык тартуулай албайт».

Президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен бекитилген конституциялык кеңешменин курамы 89 адамдан турат. Анын курамына республикага белгилүү юристтер, коомдук ишмерлер, мурдагы аткаминерлер, депутаттар жана жарандык активисттер кирген.

Бирок саясат талдоочу Шайырбек Маматокторов бул кеңешменин курамында мурдагы президенттердин чексиз бийлигин күчөтүүгө салым кошкон ишмерлер дагы бар экенин байкаганын айтты:

«Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча ошол кездеги президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин президенттик чексиз бийлигин күчөтүүгө салым кошкон бир катар юристтер менен коомдук ишмерлер бул жолу да конституциялык кеңештин курамына киргенин байкадык. Бул адамдардын аң-сезиминде күчтүү президенттик бийлик дегенден башка эч нерсе жок. Парламентаризм жана демократиялык баалуулуктар деген бул адамдар үчүн чоочун нерсе. Ошондуктан бул адамдар бир адамга гана жеке басар бийликти ыйгарып берип, ошого кошомат кылууга болгон аракеттерин жасап келишкен. Алар көп жылдан бери кайсы гана бийлик келбесин кулдук ура берип, көнүп калган. Албетте, баары эмес. Арасында мыкты юристтер дагы жүрүшөт».

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун конституциялык кеңешменин курамын кеңейтүүнү сунуштады. Анда бул конституциялык кеңешме түрдүү саясий күчтөр мунаса таба турган аянтча болушу керектиги белгиленди.

Турсунбек Акун буга төмөндөгүдөй жүйөлөрдү келтирди:

«​Бул жерде отурган сексен киши Кыргызстандын тагдырын чече албайбыз. Азыркы мезгилде Кыргызстанга белгилүү саясатчылар биз менен удаалаш эле тегерек үстөл өткөрүп, "Садыр Жапаров кошоматчы адамдарды кеңешмеге киргизип алып, мыйзамсыз иштелип чыгып, сунушталган долбоорду талкуулаганга кандай акысы бар?" деген маселени көтөрүп, катуу сындап жатышат. Эки тарапка бөлүнүп, ар бирибиз өз-өзүнчө отуруп, Баш мыйзамды талкууласак, экиге бөлүнүп чырдашсак, пикет-митингдер өтө берсе аягы жакшы болбойт. Бул жерде бир жактуу эле отуруп, монолог кылбай, диалог жүргүзүп, талашып-тартышып, анан бир жыйынтыкка келсек жакшы болмок. Ошондуктан атаандаш тараптын дагы өкүлдөрүн конституциялык кеңешмеге киргизип койсок болот эле»​.

Бирок конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев берилген сунуштарды жоопсуз калтырды. Бөрүбашев кеңешмеге кирбеген жарандар деле сунуш бере ала турганын кошумчалады.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«​Баш мыйзамдын бул долбоорун колдогондор, сындагандар да бар. Биз алардын ой-пикирин угалы, сыйлайлы. Келиңиздер, оюңуздарды айтыңыздар. Эшигибиз ачык. Сырттан туруп алып эле курулай кыйкыра бериштин кереги жок. Сунуш болсо бериңиздер. Биздин атаандаштар сунуш бербей эле "силердин бул Баш мыйзамды жазганга акыңар жок" деп сындап жатышат. Бул туура эмес».

Буга чейин парламентаризмди колдогон саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер өзүнчө жыйын куруп, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуунун, кароонун жана концепциясын бекитүүнүн тартиби бузулганын сындап чыгышкан.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев бул кеңешмеге катышуу алар үчүн майнапсыз экенин айтты:

«Бул конституциялык кеңешме негизи Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлүшү керек болчу. Ошондуктан аны биз мыйзамсыз түзүлгөн орган деп эсептейбиз. Анын курамына бизди чакырса, биз ага макул деп кире бере турган болсок, бул мыйзамсыз конституциялык кеңешмени мыйзамдаштырып бергендей болуп калабыз. Анан калса, ал жакка барган менен биздин үнүбүз угулбайт. Чечимди баары бир алар өздөрү кабыл алат. Ошондуктан бул кеңешмеге катышуунун мааниси жок».

Буга чейин Венециялык комиссия азыркы Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу чектелген абалда болгондуктан Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сыяктуу орчундуу чечимдерди кабыл албастыгы тууралуу тыянак чыгарган.

XS
SM
MD
LG