Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Баш мыйзам талашы: Бектур Зулпиев ким?


Бектур Зулпиев "Азаттыктын" студиясында. Ноябрь, 2020-жыл.
Бектур Зулпиев "Азаттыктын" студиясында. Ноябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда октябрда бийлик алмашкандан кийин саясий айдыңда аты эң көп чыккандардын бири - Бектур Зулпиев болду. Анын ысымы Баш мыйзамдын жаңы долбооруна байланыштуу да аталууда. Саясий чөйрөдө “Курманбек Бакиевдин юристи” катары белгилүү болгон Бектур Зулпиев ким?

Конституциянын жаңы долбоорунун коомдук талкууга коюлганы акыркы 1,5 айда олку-солку болуп турган Кыргызстандагы саясий турмушту дагы кызытты. Жарандык коом “диктатурага жол ачышы мүмкүн” деп чочулаган документти ким жазганы ушуга чейин так белгисиз. Дал ушундай жагдайда 6-октябрдан кийин бийликке келген Садыр Жапаров президенттик аппараттын жетекчи орун басарлыгына дайындаган Бектур Зулпиевдин ысымы аталып, коомчулуктун көңүл борборуна чыкты.

Университеттен Бакиевдин аппаратына чейин...

55 жаштагы Бектур Зулпиев Ош шаарында туулган. Ал мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, 3-курстан соң Москва мамлекеттик университетине которулган. Жогорку окуу жайды аяктаган соң КУУда бир нече жыл укук таануу боюнча сабак өткөн. Мамлекеттик кызматка Бектур Зулпиев 1997-жылы өтүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын укуктук бөлүмүн башкарган.

2005-жылдагы март ыңкылабынан соң президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Бакиевдин командасынын белдүү мүчөсүнө айланып, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына чейин Ак үйдө иштеген.

Зулпиев 2007-жылдагы конституциялык реформага активдүү катышкан. Ал учурда оппозициянын бир нече жолку реформаны талап кылган митингдерине карабай, Бакиевдин супер-президенттик бийлигин бекемдеген Баш мыйзам кабыл алынган эле. Мындан улам аны саясий чөйрөдө “Бакиевдин юристи” деген сөздөр чыккан. Ал кезде Жогорку Кеңештин депутаты болгон Исхак Масалиев Зулпиевдин кесиптик жолу тууралуу буларды айтып берди:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Бектурду жакындан болбосо да тааныйм. Максимге аябай чоң кеңештерди берип жүргөн. Курманбек Салиевичтин укуктук кеңешчиси болгон. Анын билими бар, жок деп айта албайм. Университетти бүткөн адискөй юрист. Азыркы Баш мыйзамды окуп туруп деле адискөй юрист жазганын түшүндүм. Аны автор деп айта албайм, бирок билген киши жазганы көрүнүп турат”.

Зулпиевдин Баш мыйзам жазуудагы тажрыйбасын эске алыштыбы, айтор он жылдан кийин, быйыл октябрда ал Ак үйгө кайтып келди.

Бакиевдин бийлиги кулагандан кийинки он жылда Бектур Зулпиев эмне менен алектенгени белгисиз. Бир гана жолу, 2015-жылы мурдагы депутат Максат Кунакунов менен чогуу “Манас” аэропортунда кармалганы тууралуу учкай маалымат тараган.

Андан көп узабай Кунакунов “террорчулукка кол кабыш кылуу”, “мыйзамсыз курал-жарак сактоо” сыяктуу оор беренелер менен айыпталып, төрт жылдай камакта жатты.

Ал эми Зулпиев сурак берип, ошол эле күнү эч тоскоолдуксуз сапарын улаганын бул ишти жакындан билген адамдан билдик.

Соңку жылдары саясатка аралашпаган Бектур Зулпиевди ушул жылдын 20-октябрында Садыр Жапаров президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына дайындады. Ошондо эле ага Конституциянын жаңы долбоорун даярдоо тапшырмасы берилгени тууралуу сөз чыккан.

Ал тургай Социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары Темирлан Султанбеков Зулпиевдин Ак үйгө кайтып келишин “Бакиевдин Конституциясына” байлаган:

Темирлан Султанбеков. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Темирлан Султанбеков. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

“2006-жылы ноябрда митингдер болгон. Ошол митингдерден кийин Бакиев “президенттик система болбойт, парламенттик башкарууга өтөбүз” деп айткан эле. Бирок кышында эмне болду? Элге берилген убадага карабай, супер-президенттик Конституцияны кабыл алган. Анын артында ким турган? Ошол кездеги президенттик аппараттын юридика бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев турган. Ошол адамды бүгүн президенттин аппаратынын орун басары кылып алып келбедиңерби! Эмне үчүн? Дал ушул Конституцияны алып келиш үчүн!”.

Ал учурда Жапаровдун бийлиги мындай сөздөрдү четке какканы менен бир ай өтпөй, Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомчулукка сунушталды.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин расмий сайтында Конституциянын долбоору, 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу рефендум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору жарыяланды.

Расмий түрдө демилгени Жогорку Кеңештин 80ге жакын депутаты сунуштаса да, мамлекеттеги негизги мыйзамды "ким даярдады" деген суроого азыркыга чейин так жооп табыла элек.

Жаңы долбоордо президентке кеңири бийлик укуктары берилип, Элдик курултай институтун киргизүү, сөз эркиндигине шек келтирген бир катар нормалар камтылганы сынды да күчөттү.

Саясий чөйрө, жарандык коомдун өкүлдөрү Баш мыйзамдын чыныгы автору Жапаровдун командасы, анын ичинен жооптуу Бектур Зулпиев болушу мүмкүн деп боолгоп жатышат.

Бирок “Азаттыктын” талкуусуна катышкан учурда Бектур Зулпиев Жогорку Кеңешке 40тай долбоор жөнөтүлгөнүн айтып, бутаны депутаттарга бурду:

“Жашыруун жазылып, анан киргизилип жатат” деген ар кандай сөз болуп жатат. Эми коомчулукта көптөгөн демилгечи топтор бар. Президенттин аппаратына, Жогорку Кеңештин аппаратына жөнөтүлгөн 40тай долбоор бар. Алардын баары эле карап чыккыла деп талап кылып жатышат. Депутаттар, алардын юристтери карап чыкты деп ойлойм”.

Автору жок, катасы көп Конституциянын долбоору
please wait

No media source currently available

0:00 1:08:51 0:00

Негедир Зулпиевдин мындай түшүндүрмөсү көпчүлүктү ынандыра албады. Анын үстүнө бул документти парламенттин сайтына жүктөгөн автор Бектур Зулпиев экенин тез эле таап чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Башкы прокуратурага арыз жазып, Зулпиевдин аракетине баа берүүнү өтүндү:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Бул долбоорду Зулпиев жазган деп ойлойм. Садыр Жапаров идеяны айтып берип, бул киши кагазга түшүрдү деген пикирдемин. Мен жоопкерчилик маселеси боюнча Башкы прокуратурага кайрылдым. Ал киши мыйзам чыгаруу жараянына киришпеши керек болчу”.

Ошол эле кезде президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Зулпиевдин Баш мыйзамдын автору экенин четке какты:

Галина Байтереак.
Галина Байтереак.

“Конституциялык реформа жөнүндө маселе көтөрүлө баштаганда Баш мыйзамдын авторлору аны ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго көрсөтүшкөн. Ал документ менен таанышып, президенттин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө тапшырган. Дал ушул бөлүмдө документ мыйзам долбоору катары укуктук жактан катталып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Бул алардын ишинин жыйынтыгы. Ошондуктан, парламенттин сайтынан документти көчүрүп жатканда автор катары Бектур Зулпиевдин аты көрүнүп жатат. Мен дагы бир жолу белгилегим келет, президенттин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүндө документ мыйзам долбоору форматында гана катталган. Ушул гана”.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында Баш мыйзамды онунчу ирет өзгөртүү аракети кызуу талаш-тартыш менен уланууда. Негизги мыйзамды ким даярдаганы чоң табышмакка айланып, анын жандырмагы табыла элек.

Жума күнү президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, анын биринчи жыйыны өттү. Бирок кеңешмеге мүчө 80 кишинин тизмесинде Бектур Зулпиевдин ысымы кирген эмес.

Баш мыйзам: Кыргызстан кайда багыт алат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:52 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG