Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:21

Байден Путинге чалып, Украинанын коопсуздугу жаатында саммит өткөрүүнү сунуш кылды


АКШ президенти Жо Байден (солдо) жана Орусия президенти Владимир Путин. Монтаж.
АКШ президенти Жо Байден (солдо) жана Орусия президенти Владимир Путин. Монтаж.

АКШнын президенти Жо Байден орусиялык кесиптеши Владимир Путинди Украина менен болгон чыңалууну азайтуу үчүн чараларды көрүүгө үндөдү. Вашингтон менен НАТО Киевди колдой тургандыгын ырастап жаткан маалда, Байден үчүнчү бир мамлекетте эки лидердин жогорку деңгээлдеги жолугушуусун өткөрүүнү сунуш кылды.

Ак үйдүн билдирүүсүндө: 13-апрелде Путин менен болгон телефондон сүйлөшүүсү маалында Байден "Орусия каратып алган Крымда жана Украинанын чек арасына жакын аймактарда күтүлбөгөн жерден орусиялык куралдуу күчтөрдүн көбөйтүлүшүнө байланыштуу биздин тынчсыздануубузду билдирди жана Орусияны чыңалууну азайтууга чакырды", – деп айтылат.


Кремль болсо өз билдирүүсүндө Байден эки мамлекет башчынын ортосунда "жакынкы келечекте" саммит өткөрүүнү сунуш кылгандыгын ырастады, бирок бул сунушка Путин макул болгон-болбогондугун айткан жок.

Акыркы учурларда интернетте жайнаган сүрөттөр, видео жана башка даректик маалыматтар Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн Украинанын чек араларына жакын аймактарына жана 2014-жылы Москва бир тараптуу күчтөп каратып алган Крым жарым аралына карай чукул арада көчүрүлүп келингендигин тастыктады.

Бул факттар “деги Орусия Украинанын аймагына аскер күчтөрүн киргизүүгө тымызын даярданып жаткан жокпу?” деген кооптонууну күчөттү.


Айрым серепчилер Орусиянын акыркы аракеттери Байдендин жаңы өкмөтүнүн турумун жана Украинага чындап берилгендигин текшерүү үчүн жасалып жатышы мүмкүн деп жоромол айтып чыгышты.

"Президент Байден өзүнүн Орусия менен АКШнын кызыкчылыктарына төп келчү туруктуу жана алдын-ала божомолдонгон мамилелерди түзүү максатын дагы бир жолу тастыктады жана ал АКШ менен Орусиянын алдында турган маселелердин бардык өңүттөрүн талкуулоо үчүн жакынкы айларда үчүнчү бир мамлекетте саммит өткөрүүнү сунуштады", – делет Ак Үйдүн билдирүүсүндө.

Украиналык көзгө атаар мергендер машыгуу учурунда. Маринка шаары. 2021-жылдын 13-апрели.
Украиналык көзгө атаар мергендер машыгуу учурунда. Маринка шаары. 2021-жылдын 13-апрели.

Байдендин Путинге телефон чалуусу орун алган күнү, 13-апрелде, Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий (Дмитро) Кулеба АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенберг менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, орусиялык аскерлердин Украинага чектеш аймактарда жана Крымда кескин көбөйтүлүшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирген. (TT)

XS
SM
MD
LG