Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Британ министри Орусияны Украинадагы абалды курчутпоого чакырды


Доминик Рааб
Доминик Рааб

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб расмий Лондон АКШ менен бирге «Орусиянын Украинадагы абалды туруксуздаштыруу аракетине каршы экенин» билдирди. Улуу Британиянын башкы дипломаты Орусияны кырдаалды курчутпоого чакырды.

Соңку күндөрү Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын чек араларына жакын аймактарга жана каартылып алынган Крым жарым аралынын ичине жайгаштырылып жатканы боюнча кабарлар эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатат.

Алар орус бийлиги чек арага жакын аскерлерди жайгаштыруу менен Украинанын чыгышына өз күчтөрүн киргизүүгө даярданып жаткан жокпу деп кооптонуп жатат.

Кремль Батыш өлкөлөрүнүн орусиялык аскерлерди кайра артка жөнөтүү чакырыгын четке кагып, аскерлерин өлкө аймагында жайгаштырууну өз ички иши экенин билдирип келет.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 10-апрелде Стамбул шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунан кийин Украинанын чыгышындагы акыркы кырдаалга тынчсыздануусун билдирген жана Крым жарым аралы Украинага таандык деген турумда кала берээрин баса айткан.

XS
SM
MD
LG