Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Орусиянын Украинанын чыгышындагы "оюну" тынчсыздандырууда


Украинанын президенти В.Зеленский Донбасста. 2021-жылдын 9-апрели.
Украинанын президенти В.Зеленский Донбасста. 2021-жылдын 9-апрели.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин 12-апрелдеги билдирүүсүндө орус бийлигине Украинанын чыгышындагы соңку кырдаалды талкуулоо сунушталганы айтылат. Анда расмий Киев Орусияны соңку күндөрү Украина менен чек аралаш аймактарга жайгаштырган аскерлерин алып кетүүгө чакырган.

“Тилекке каршы, орус тарап бул өтүнүч боюнча зарыл болгон маалыматты берүүдөн баш тартты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары украин президенти Владимир Зеленскийдин бийлиги кырдаалды талкуулоо сунушун орус президенти Владимир Путинге жолдогону белгилүү болду.

Бул тууралуу билдирген Зеленскийдин маалымат катчысы Юлия Мендель сунушка Кремль азырынча жооп бере электигин шардана кылды.

Менделдин маалыматына ылайык, Орусия соңку күндөрү Украина менен чек арага жакын аймакка 40 миңдей, дал ушундай эле сандагы жоокерди басып алынган Крым жарым аралына жайгаштырган.

Бирок орус бийлиги Киевдин сунушуна так жооп бербей жатат. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун “акыркы учурда кайсы бир сунуш тууралуу кабарым жок” деп айтканын орус маалымат каражаттары жазып чыкты.

Орусия аскерлерин Украинага жакын жайгаштырууда

Орусия апрель айынан тарта Украина менен чек аралаш аймактарга жана Крым жарым аралына өз аскерлерин кошумча жайгаштырууда. Муну орус бийлиги Украинадагы кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деп түшүндүрүүдө.

Мындай абалга Украина жана бир катар Батыш мамлекеттери тынчсызданып жатат. Алар орус бийлиги Украинанын чыгышына өз күчтөрүн киргизүүгө даярданып жаткан жокпу деп кооптонушууда.

Кремль Батыш өлкөлөрүнүн орусиялык аскерлерди кайра артка жөнөтүү чакырыгын четке какты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кайрадан украин бийлигине опузалаган билдирүү жасады.

Sergei Lavrov
Sergei Lavrov

“Мунун аягы жаман бүтүшү мүмкүн. Анткени, азыркы украин бийлиги өз рейтингин калыбына келтиребиз деп жатып, ойлонулбаган кадамдарга барышы ыктымал”, - деди ал.

Айрым серепчилер Кремль мындай жол менен АКШнын президенти Жо Байдендин Украина боюнча турумун байкап көрүүдө, деп божомолдоодо.

АКШнын бийлиги болсо Орусия “ойлонбостон же баскынчыл иш-аракетке” барса, анда кесепети оор болорун эскертти.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 11-апрелде NBC каналына курган маегинде: "Президент Байден бул жөнүндө оюн абдан таасын айтты. Эгерде Орусия ойлонбостон же баскынчыл иш-аракет кылчу болсо, анда анын айынан чыгымдарга, кесепеттерге туш болот", – деди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 11-апрелде "эч ким согушту көздөп отурган жок", – деп билдирип, бирок Москва Украинанын чыгышында жашаган орус тилдүүлөрдүн тагдырына "кайдыгер карабайт" деп да кошумчалаган.

Мындан сырткары Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб болсо Лондон менен Вашингтон "Орусиянын Украинаны туруксуздаштыруу далалатына караманча каршы турушат" деп билдирген жана Орусияны ансыз да чыңалып турган кырдаалды курчутпоого чакырган.

Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын бир тараптуу басып алган. Андан тышкары Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскерий, саясий колдоо көрсөтүп келген. Ал топтор аймакты «Луганск жана Донецк элдик жумурияттары» деп атап, Киевдеги борбордук өкмөткө куралдуу каршылык көрсөтүүдө. Бул согуштук аракеттердин жыйынтыгында 13200дөй киши набыт кетти.

Андан бери аймакта ок атууну токтотуу боюнча бир нече келишимге кол коюлса да, алардын шарты эч сакталган жок.

Быйыл жаздан бери Донбасстагы ок атуулар көбөйүп, 26 украин жоокери курман болгону расмий айтылды. Былтыр жылы бою жалпысынан 50 аскер окко учкан. Ал эми Донецк жана Луганстагы жикчилерден быйыл 20дан ашык киши набыт болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG