Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Блинкен менен Столтенберг украин-орус чек арасындагы абалды сүйлөштү


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны Украинанын чек арасына жакын жайгаштырган аскерлерин тезинен алып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу эки жетекчи 12-апрелде сүйлөшүүсүндө белгилеген. АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайстын билдиришинче, тараптар орус бийлигин Украина менен чек арада жана аннексияланган Крым жарым аралында аггрессивдүү аскердик аракеттерди жасабоону талап кылышкан.

Буга чейин “Чоң жети” (G7) тобуну кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Кремлди Украинанын чек арасына жакын жердеги “чагымын” токтотууга үндөшкөн.

Орусия апрель айынан тартып Украина менен чек аралаш аймактарга жана Крым жарым аралына өз аскерлерин кошумча жайгаштырууда. 12-апрелде расмий Киев бул аймактарда жалпысынан 80 миңде аскер бар экенин билдирди. Мындай абалга Украина жана бир катар Батыш мамлекеттери тынчсызданып, Орусия Донбасска өз күчтөрүн киргизүүгө даярданып жаткан болушу ыктымал деп кооптонушууда.

Орус бийлиги аскерлерин кайсы бир аймакка жайгаштыруу өзүнүн ички иши экенин айтып, аны артка кайтаруудан баш тартууда.

XS
SM
MD
LG