Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Боррел Евробиримдик Украинаны кыйшаюусуз колдоорун билдирди


Украин премьери Денис Шмыгал (солдо), ЕБнын тышкы саясат боюнча башчысы Жосеп Боррел, ЕБнын коңшулук жана кеңейтүү боюнча комиссары Оливер Вархели. Брүсселдеги маалымат жыйыны. 2021-жылдын 11-февралы.
Украин премьери Денис Шмыгал (солдо), ЕБнын тышкы саясат боюнча башчысы Жосеп Боррел, ЕБнын коңшулук жана кеңейтүү боюнча комиссары Оливер Вархели. Брүсселдеги маалымат жыйыны. 2021-жылдын 11-февралы.

Европа Биримдигинин чет элдик иштер боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррел украин бийлигин өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен болгон чыр-чатакта Евробиримдик тарабынан «кыйшайуусуз» колдоо болорун билдирди.

Боррел бул тууралуу 4-апрелде "Твиттерге" Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазып, чек арада Орусиянын аскердик жандануусуна бушайман болуп, байкоо салып турганын кошумчалады.

Ал Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кийинки жолугушуусунда бул маселе кошумча талкуулана турганын айтты.

Боррел менен Кулебанын телефондук байланышы АКШ президенти Жо Байден менен украин президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсүнөн кийин болду. Байден: "Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн Вашингтон кыйшаюусуз түрдө колдойт"Ю - деп ишендирди.

Буга чейин Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин ортосундагы элдешүү жүрүмү бузулуп жатканына тынчсыздануусун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG