Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Талиптер Түркиядагы Ооганстан тынчтык жыйынына катышууга даяр эместигин маалымдашты


Герат вилайетинде талиптердин жоочуларына каршы абадан сокку урулду. 2021-жылдын 7-апрели.
Герат вилайетинде талиптердин жоочуларына каршы абадан сокку урулду. 2021-жылдын 7-апрели.

Ооган талиптери 16-апрелде Түркияда башталаары болжолдонгон Ооганстан боюнча эл аралык тынчтык жыйынына катышууга даяр эместигин билдиришти.

Талиптер кыймылынын Катардагы саясий кеңсесинин басма сөз катчысы Мохаммед Найим өз кыймылы бул жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө кийинчерээк башка күнү деле катышаар-катышпастыгы да чечиле электигин 12-апрелде "Азаттыкка" билдирди. Найим мырза бул арсар кырдаалдын чоо-жайын түшүндүрүп отурган жок.


Талиптердин мындай чечими – ооган өкмөтү менен талиптердин ортосундагы тынчтык келишимине жетишүү аркылуу Ооганстандагы ондогон жылдар бою жүрүп жаткан согушту токтотууга багытталган АКШнын аракетине сокку болуп калды.

Америка Кошмо Штаттары тарабынан демилгеленген жана Түркия да күчүн үрөп уюштурууга умтулуп жаткан Стамбул жыйыны жаңжалдашкан оогандардын былтыркы сентябрда башталгандан бери майнаптуу боло албай жаткан ич-ара тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жаңы дем берүү максатын көздөмөк.

Стамбулдагы 10 күндүк бул жыйынга Ооганстан өкмөтү, талиптер кыймылы, Индия, Иран, Кытай, Орусия, Пакистан сыяктуу өлкөлөр да кирген бир катар чөлкөмдөк дөөлөттөрдүн өкүлдөрү катышуусу күтүлүп жаткан.

АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын өкмөтү жана талиптик кыймыл тарабынан 2020-жылы февралда кол коюлган эки тараптуу тынчтык келишиминин негизги шарттарынын бири – америкалык аскерлерди Ооганстандан 2021-жылдын 1-майына карата толук чыгарып кетүү шарты болгон.


Стамбулдагы бул жогорку жыйын дал ошол датанын алдында өткөрүлмөк. АКШнын азыркы президенти Жо Байден 1-майда өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүү – жүзөгө ашырылуу үчүн оорчулук жараткан милдет болуп жатканын жакында белгилеген. (TT)

XS
SM
MD
LG