Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Талиптердин өкүлдөрү Москвадагы Ооганстан боюнча жыйынга катышат


Молдо Абдул Гани Барадар (ортодо). Исламабад, Пакистан. 2020-жылдын 16-декабры.
Молдо Абдул Гани Барадар (ортодо). Исламабад, Пакистан. 2020-жылдын 16-декабры.

Ооганстандагы Талиптер кыймылынын өкүлдөрү ушул аптада Москвада өтчү Ооганстан тынчтык жыйынына катыша тургандыктарын ырасташты.

10 кишиден турган делегацияны кыймылдын жетекчисинин орун басары молдо Абдул Гани Барадар жетектеп келмекчи. Ал буга чейин АКШнын демилгеси менен Катарда өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө талиптердин тобунун башчысы катары катышып келгендиги белгилүү.

18-мартта өтө турган жолугушууга Ооганстан өкмөтүнүн өкүлдөрү катышууга мурдараак макулдук берген.

Москвадагы жыйынга Ооганстандагы эки тараптан сырткары АКШ, Кытай жана Пакистанга чакыруу жөнөтүлгөн. Бул жолугушууга АКШнын өкүлдөрү катышаар-катышпастыгы азырынча белгисиз.

Акыркы мезгилде Кошмо Штаттардын бийлиги Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү көздөөдө.

Былтыр буга чейинки президент Доналд Трамптын администрациясы Талиптер кыймылы менен келишимге кол койгон. Ага ылайык АКШнын аскерлери быйыл май айына чейин Ооганстандан чыгып кетиши керек эле.

Жакында Жо Байдендин өкмөтү Ооганстан өкмөтү менен талиптердин ортосунда Түркияда апрелде сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 12-мартта "Анадолу" кабар агенттигине маек куруп, БУУнун колдоосу астында өтө турган бул жолугушуу Стамбул шаарында болот деп шардана кылган.

XS
SM
MD
LG