Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Жоан Лапорта “Барселона” клубунун президенттигине шайланды


Жоан Лапорта
Жоан Лапорта

“Барселона” футбол клубунун президенттигине Жоан Лапорта шайланды. Ал негизги атаандаштары Виктор Фонт жана Тони Фрейшага караганда көп добуш алды.

Лапорта 2003-2010-жылдары “Барселона” клубунун президенти болгон. Ал учурда клуб төрт жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Чемпиондор лигасынын кубогунун ээси болгон.

Жоан Лапорта шайланган соң клубдун оюнчусу Лионел Месси менен келишимди узартуу үчүн бардык аракетин көрөрүн убада кылды. Мессинин клуб менен келишиминин мөөнөтү быйыл жайында бүтөт.

“Барселонанын” буга чейинки президенти Жосеп Бартомеу 2020-жылдын октябрында кызматынан кеткен. Аны жемкорлук жана социалдык тармактардагы махинация үчүн айыпташкан. Клубдун башкы кеңсесинеде тинтүү жүргөн.

Ал учурда журналисттер бул футбол клубу социалдык тармактардагы аккаунттар үчүн жылына миллион евро коротуп, мыйзамсыз аракеттердин изин жашырууга аракет кылганын жазып чыгышкан. 1-мартта Бартомеу тергөө үчүн кармалып, бирок эртеси күнү убактылуу бошотулган.

XS
SM
MD
LG