Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:46

Дүйнө эли Марадона менен коштошууда


Диего Марадона 25-ноябрда 60 жашында каза болду
Диего Марадона 25-ноябрда 60 жашында каза болду

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес футболчу Диего Марадонанын өлүмүнө байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады. Диего Марадона 25-ноябрда 60 жашында жүрөгү токтоп каза болду.

Италиянын Неаполь шаарынын тургундары дагы көчөгө чыгып, аргентиналык генийди эскерип жатышат. Анткени, Диего Марадона бул шаардагы “Наполи” клубун дүйнөгө тааныткан.

Чемпиондор лигасынын алкагындагы оюндар да Марадонаны эскерүү мүнөтү менен башталууда.

Дүйнө эли коштошуп жаткан Диего Армандо Марадонанын феноменин түшүнүү үчүн 1986-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына жана футболчунун “Наполи” клубундагы жети жылдык карьерасына токтолуу керек.

Аргентинанын жашоочулары Диего Армандо Марадона атындагы стадионго келип футболчуну эскерип жатышат
Аргентинанын жашоочулары Диего Армандо Марадона атындагы стадионго келип футболчуну эскерип жатышат

Аргентинин акыркы алтыны же “Марадонанын чемпионаты”

1986-жылдагы Мексикада өткөн чемпионаттын чейрек финалы. Беттештин 54-мүнөтүндө оюн талаасынын ортосунан топко жеткен Диего Марадона Англия курама командасынын алты оюнчусун (Гарри Стивенс, Питер Рид, Стив Ходж, Терри Бутчер, Терри Фенвик жана дарбазачы Питер Шилтон) алдап өтүп, бош дарбазага гол киргизди. Аргентиналык футболчунун бул тобу кийин “кылымдын голу” деп таанылды. Мындан үч мүнөт мурда Марадона өз карьерасындагы чуулгандуу, “Кудайдын колу” деп аталган голдун автору болгон эле. Ал бийик көтөрүлгөн топту сол колу менен дарбазага киргизип, оюндан кийин “гол Марадонанын жарым-жартылай башы жана Кудайдын колу менен” киргенин айткан.

“Марадона топту өз оюн талаасынан алып, биздин команданын жарымын алдап өтүп гол киргизген учурда биз Жон Барнс экөөбүз оозубузду ачып туруп калдык. Анын голун эч качан унутпайм. Бир эле учурда ыйлагыбыз жана кол чапкыбыз келип турду” деген пикирин билдирген ошол учурдагы Англия курама командасынын оюнчусу Крис Уоддл.

Марадона "кудайдын колу" деп аталган чуулгандуу голду киргизип жатат.
Марадона "кудайдын колу" деп аталган чуулгандуу голду киргизип жатат.

Дүйнө чемпионатынын жарым финалында дагы Марадонаны эч ким токтото алган жок. Ал Белгиянын футбол боюнча курама командасынын дарбазасына эки гол киргизип, Аргентинаны финалга алып чыкты. Футболчунун экинчи тобу өзүнчө керемет, ал адатынча төрт футболчуну алдап өтүп гол киргизген. Оюндан кийин Белгия командасынын машыктыруучусу Ги Тис аргентиналык феномендин чеберчилигине өзгөчө баа берген:

“Эгерде Белгиянын курамында өзүбүздүн Марадона болгондо, анда финалда биз ойномокпуз. Марадона эч талашы жок азыркы учурдун мыкты футболчусу. Эки оюнчуга Марадонаны кайтаруу тапшырмасын бергем, бирок аны токтотуш үчүн алардын аракети аздык кылды. Бизди Аргентинанын курама командасы эмес, Марадона утуп алды”.

Диего Марадонанын лакап аты "алтын бала" болчу.
Диего Марадонанын лакап аты "алтын бала" болчу.

Мексикада өткөн бул чемпионаттын финалында аргентиналыктар Германиянын курама командасын 3:2 эсебинде жеңип алды. Аргентинага алтын алып келген гол Марадонанын пасынан кийин кирген. Күтүлгөндөй эле Диего Марадона 1986-жылы Мексикада өткөн бул чемионаттын “эң мыкты оюнчусу” деп табылды. Аталган мелдеш футбол тарыхында “Марадонанын чемпионаты” деген ат менен жазылып калды.

Футбол баяндамачы Кубан Атабеков Аргентинанын алтынына Марадонанын салымын мындай деп түшүндүрдү:

Кубан Атабеков
Кубан Атабеков

“Ал мезгилде футбол боюнча дүйнө чемпионатын утуу согушту жеңген менен барабар болчу. Себеби, капиталисттик система менен социалисттер тирешип турган 20-кылымдын аягында дүйнөдө футбол деген бир эле спорт бар болчу. Ал кезде спорттун кызыктуу түрлөрү, Интернет жок болгондуктан, чемпионатты жеңген өлкөнүн саясаты алдыга жүрүп турат деген түшүнүк болгон. Баардык нерсеге салыштыруу аркылуу баа бериш керек. Ошол эле Пеле, Роналду жана Мессинин жанында мыкты оюнчулар, топту ыңгайлуу өңүткө чыгарып бере турган футболчулар бар эле. Ал эми Марадонанын жанында күчтүү оюнчулар болгон эмес”.

Диего Марадона баштаган Аргентинанын командасы 1990-жылдагы Италияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Германия Федеративдик Республикасына 0:1 эсебинде утулуп калды. 1994-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде болсо Аргентинанын башкы машыктыруучусу Альфио Басиле Марадонага ишенбей калган болчу. Бул чемпионатта анын канынан кызытма да табылган.

Аргентиналык гений жалпы жонунан өз өлкөсүнүн командасына 91 оюн өткөрүп, 34 гол киргизди.

Марадонанын “Наполидеги” доору

1984-жылы 5-июлда Диего Марадонаны “Сан-Паоло” стадионунда “Наполи” клубунун 70 миң күйөрманы тосуп алган. Марадона буга чейин эки (1982-1984) жыл “Барселонада” ойноп келген. Клуб жетекчилиги аргентиналык гений үчүн Испаниянын “Барселона” командасынын эсебине 5 млн. фунт которуп берди. Бул сумма ошол учурдун рекорду болчу. Анын 550 миң евросун Неаполь шаарынын тургундары чогултканы айтылып келет. Ал учурда “Наполи” клубу турнирдик таблицанын (Серия А) ылдыйкы бөлүгүндө жайгашып, Италия чемпионатынын экинчи дивизионунда ойноп калуу (Серия B) тобокелчилиги жогору болчу.

Диего Марадона 1960-жылы 30-октябрда Аргентинада төрөлгөн
Диего Марадона 1960-жылы 30-октябрда Аргентинада төрөлгөн

Диего Марадона Италиядагы жети жылдын ичинде (1984-1991) “Наполи” клубуна эки жолу Италиянын чемпиондугун, Италиянын Кубогун жана УЕФА Кубогун жеңип берди. Ал учурда Италия чемпионатында атаандаштык күч эле. Себеби “Ювентустун” курамында Мишел Платини, Микаэль Лаудруп, “Миланда” болсо Марко ван Бастен, Руд Гуллит, Франк Райкард сыяктуу ошол учурдун мыкты футболчулары ойноп турган.

Футбол күйөрманы Максат Кудайбердиев Марадонанын өзгөчөлүгүнө мындай баа берди:

“Аргентиналыктар менен “Наполи” клубунун күйөрмандары үчүн Диего Марадона биринчи футболчу, футболдун иконасы. Анткени, ал эки команданы жеңишке жалгыз жетелеп келди. Марадона футбол үчүн да көп нерсени берди. Ошол учурдагы көп футболчулар физикага басым жасап ойноп келген. Марадона болсо күйөрмандарга футболдун кооздугун, оюн учурундагы бир кишинин таасирин көрсөтүп берди. Улуу муундун көпчүлүгү футболду Марадона, Пеле үчүн сүйүп калган. Аны футбол талаасындагы музыкантка дагы салыштырып койсок болот”.

Марадона “Наполиде” ойногон жылдары Италиянын кылмыш топтору менен байланыш түзүп, 1991-жылы анын канынан кокаин табылган. Марадона 15 айга футболдон четтетилип, андан кийин “Наполинин” формасын кийген жок. Диего Марадона бул клубдун курамындагы 259 беттеште 115 гол киргизе алды. Италиянын Неаполь шаары болсо футболчунун экинчи мекенине айланды.

Баңгиден келген балээ

Марадона 1997-жылы карьерасын жыйынтыктагандан кийин өзүн машыктыруучу катары да сынап көрдү. Ал эки жыл Аргентинанын Улуттук командасын да жетектеди. Футбол коомчулугу 2010-жылдагы дүйнө чемпионатында Аргентина көрсөткөн оюндан кийин Марадонаны машыктыруучу катары тааныган жок. Ал мелдеште Аргентина Германиянын футбол боюнча командасына 0:4 эсебинде утулуп калган эле.

Феномендин баңги затына жакындыгы футболдогу карьерасынын аякташына жана жашоосундагы бир катар көйгөйлөрдүн пайда болушуна алып келди. Жыл өткөн сайын Марадонанын аты чырлуу окуяларда атала баштады.

Дүйнө чемпионатын жана Италия биринчилигин дээрлик жалгыз багындырган Марадона баңгизатты, жашоосундагы кыйынчылыктарды жеңе алган жок. Ал 60 жашында жүрөгү токтоп каза болду. Белгилүү футболчу Пеле Диего Марадонаны "Инстаграм" баракчасы аркылуу мындай деп эскерди:

Пеле (Эдсон Арантис ду Насименту)
Пеле (Эдсон Арантис ду Насименту)

"Кандай гана кайгылуу жаңылык! Мен жакшы досумду жоготтум, а дүйнө легенданы жоготту. Дагы көп нерсени айта берсе болот, бирок азырынча Кудай анын үй-бүлө мүчөлөрүнө күч-кубат берсин! Албетте, бир күнү биз топту асманда чогуу тебебиз".

Кандай болгон күндө дагы Марадона футбол сүйүүчүлөрүнүн эсинде аргентиналык гений катары калды. Марадонадан кийин Аргентина курама командасы эңсеген дүйнө биринчилигин, “Наполи” болсо Италиянын чемпионатын ута алган жок. Азырынча алардын курамында Марадона сыяктуу оюнчу пайда боло элек. Анын жеңишти жалгыз камсыздай алган сапаты бар эле.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG