Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

"Барселона" менен "Боруссия" Чемпиондор Лигасынан четтеди


"Барселона" чабуулчусу Луис Суарес менен "Ювентус" коргоочусу Жоржио Кьеллини.
"Барселона" чабуулчусу Луис Суарес менен "Ювентус" коргоочусу Жоржио Кьеллини.

Испаниянын "Барселона" футболдук клуб УЕФАнын (Европанын футбол Ассосацияларынын бирлиги) Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдагы жооптук беттешинде Италиянын "Ювентус" клуб менен тең чыкты.

20-апрелге карагана түнү "Камп Ноу" стадионунда өткөн оюн 0: 0 эсебинде аяктады. Эки команданын бир жума мурда болгон чейрек финалдагы биринчи беттешинде "Ювентус" 3: 0 эсебинде жеңишке жеткен. Ошол себептен туриндиктер жарым финалга чыкса, каталондуктар мелдештен четтеди.

Чейрек финалдагы дагы бир беттеште Франциянын "Монако" клубу дортмунддук "Борусссияны" 3: 1 эсебинде утту. Бир жума мурда Германияда болгон чейрек финалдагы биринчи оюнда "Монако" оюнчулары 2: 3 эсебинде жеңишке жеткен. Эки беттештин жыйынтыгында жалпысынан 6: 3 эсебинде "Боруссияны" утуп, "Монако" 2004-жылдан бери биринчи жолу Чемпиондор лигасынын жарым финалында ойномой болду. Буга чейин Испаниянын эки клубу жарым финалдык таймаштарга чыккан. Мадриддин "Реалы" эки беттештин жыйынтыгында "Баварияны" утса (2: 1, 4: 2 - кошумча убакытта), "Атлетико" Англиянын "Лестер" клубун жеңип алды (1: 0, 1: 1). Жарым финалдын чүчүкүлак кармашуусу 21-апрелде өтөт. Финалга чыгуу үчүн болгон алгачкы оюндар 3-4-майга караган түндөрү өтөт. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG