Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Месси бешинчи ирет “Алтын бутсыга” ээ болду


Лионель Месси, 25-ноябрь, 2014-жыл.
Лионель Месси, 25-ноябрь, 2014-жыл.

“Барселона” футбол клубунун оюнчусу Лионель Месси бешинчи ирет “Алтын бутсыга” ээ болду. Ушуну менен аргентиналык спортчу бул сыйлыкка эң көп татыган тарыхтагы биринчи оюнчу болуп калды. “Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду бул сыйлыкты төрт жолу алган.

“Алтын бутсы” сыйлыгы жыл сайын Европадагы улуттук чемпионаттардын жыйынтыгы менен ыйгарылат. Месси бул сезондо 34 гол киргизип, 68 упайга ээ болгон. Ал Британиянын “Ливерпуль” командасынын форварды Мухаммед Салахтан төрт гана упайга ашкан. 30 жаштагы Лионель Месси бир катар абройлуу сыйлыктардын ээси.

XS
SM
MD
LG