Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Месси кыргыздарды кыжалат кылды


«Бавария» менен «Барселонанын» беттеши учурунда кайгыга баткан Месси. Чемпиондор лигасынын чейрек финалы. Португалия. 14-август, 2020-жыл.
«Бавария» менен «Барселонанын» беттеши учурунда кайгыга баткан Месси. Чемпиондор лигасынын чейрек финалы. Португалия. 14-август, 2020-жыл.

«Барселона» футбол клубунун атактуу чабуулчусу Лионел Месси клубдан кетерин билдирди. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги шейшемби күнү клубдун жетекчилигине шилтеме кылып жазып чыкты.

Футболчунун «Барселона» менен келишими 2021-жылы жай айында бүтмөк. Мессинин бул билдирүүсү футбол дүйнөсүндө чоң талкууга жем таштады.

Футбол дүйнөсүндөгү эң беделдүү деп саналган «Алтын топ» сыйлыгын алты ирет алган, 33 жаштагы Месси клубдан кетүү жөнүндө «Барса» Чемпиондор лигасынын чейрек финалында «Баварияга» 8:2 эсебинде жеңилгенинен кийин чечим кабыл алганы айтылып жатат.

Футбол жылдызынын бул билдирүүсү көпчүлүк күйөрмандардын арасында талкуу жаратып, футболчунун айрым фанаттарын кайгыга салды. 26-августта футболчунун күйөрмандары "Камп-Ноу" стадионунун астына чогулуп, клубдун жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылышты.

«Барселона» футбол клубунун күйөрмандары «Камп-Ноу» стадионунун астына чогулуп, нааразылыгын билдиришүүдө. Барселона шаары. 26-август, 2020-жыл.
«Барселона» футбол клубунун күйөрмандары «Камп-Ноу» стадионунун астына чогулуп, нааразылыгын билдиришүүдө. Барселона шаары. 26-август, 2020-жыл.

Мессинин кыргызстандык күйөрманы Марат Турганбаев клубдун жетекчилигинин ишине нааразы экенин айтып, буларга токтолду:

«Албетте, кайгырып турам. Месси кетсе «Барселона» көп кирешесин, келишимдерин жоготот. Месси 2004-жылдан бери «Барселонада» ойноп келе жатат. Мессини «Барселонасыз», «Барселонаны» Мессисиз элестетүү кыйын. 2015-жылы клубга Жозеп Бартомеу президент болуп шайланып келген. Ал келгенден эле туура эмес саясат жүргүзүп, туура эмес оюнчуларды алган. 2016-жылдан бери «Барселона» акырындык менен кыйрап жатат. Мессинин жанында жаш, таланттуу футболчуларды ойнотуш керек болчу. Эгер Месси кетсе, «Барселона» оюнун жоготушу мүмкүн».

Футбол жылдызынын билдирүүсү кыргыз Интернетинде да кызуу талкуу жаратууда. Айрым футбол күйөрмандары Мессинин сүрөтү менен ар кандай күлкүлүү сүрөттөрдү чыгарып жатышат. Мисалы, Кыргызстандын «Алай» футбол клубунун күйөрмандары клубдун формасын Мессиге кийгизип, «Алайга кош келдиң» деп бөлүшкөн жайы бар.

Эми клубдун акыркы сезондогу көрсөткүчтөрүнө токтолсок. Быйыл каталондук клубдун такыр жолу болбоду. Ла Лигада «Реал» футбол клубуна утулуп, Испаниянын чемпиондугунан куржалак калды. Испаниянын Кубогу үчүн таймашта чейрек финалда жеңилип, мелдештен четтеди.

«Наполи» жана «Барселона» футбол клубдарынын беттеши учурунда. Чемпиондор лигасынын 1/16 финалы. Испания. 8-август, 2020-жыл.
«Наполи» жана «Барселона» футбол клубдарынын беттеши учурунда. Чемпиондор лигасынын 1/16 финалы. Испания. 8-август, 2020-жыл.

Чемпиондор лигасынын чейрек финалында болсо «Барселона» «Баварияга» чоң айырма менен жеңилди.

Акыркы жылдары клубдан Хави, Иньеста сындуу бир катар мыкты футболчулар кеткен. Футбол адистери «Барселона» азыр өзүнүн алтын доорун жыйынтыктап жаткан кризистик абалда турганын айтышууда. Андан сырткары коронавирус пандемиясынан улам клуб финансылык каатчылыкка да туш болгон.

Спорт журналисти Усубалы Мамбеталиев Мессинин доору бүтүп жатканын айтты:

Усубалы Мамбеталиев.
Усубалы Мамбеталиев.

«Буга чейин «Барселонанын» тарыхында көптөгөн оюнчулар келген, кеткен. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын үстүнө Мессинин жаш курагы да бир топко барып калды. Буга чейин «Барселона» футбол клубу Мессинин айланасында оюн куруп келген. Футбол бат өнүккөндүктөн, бул система акыркы үч сезондо иштебей калганына күбө болдук. Ошол эле «Ливерпуль», «Рома» жана «Бавария» менен болгон оюндарда «Барсанын» таш-талканы чыкпадыбы. Демек бул система жарабайт. Бир эле оюнчунун айланасында оюн куруу туура эмес. Анын ордуна жаш, таланттуу оюнчуларды алып, ошолордун айланасында оюн курса жакшы болмок. Заманбап футболго ылайык оюн куруш керек. Албетте, Месси кетсе оюнда кризис болушу мүмкүн. Бирок жаңы келген машыктыруучу Куман азыр командада реформа жасап жатат. Анын жыйынтыгы биринчи эле сезондо көрүнө калбайт. Ага убакыт керек».

Клубдун жетекчилиги Месси командада калып, өз карьерасын ушул жерде жыйынтыктаса жакшы болот деген пикирин билдирген. Эгер ал буга макул болбосо клуб менен футболчунун ортосундагы келишимди бузууда соттук териштирүү иштери башталышы мүмкүн. Мессинин качан кетери азырынча так айтыла элек.

Футбол боюнча эл аралык серепчи Гари Линекер кандай болгон күндө да «Барселона» футболчуну жылуу узатышы керек деген пикирин «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Эгер Месси келишимин бузуп, «Барселонадан» кете турган болсо, клуб анын жолун тоспой, жардам берет деп үмүттөнөм. Анткени, ал чын дили менен берилип ойноду жана алардын тарыхындагы эң мыкты оюнчу болду. Клуб менен оюнчунун ортосунда талаш-тартыш чыкса, бул абдан кайгылуу көрүнүш болот», деп жазат Гари Линекер.

Футболчунун билдирүүсү түрдүү божомолдорго жем таштады. Эл аралык спорт басылмалары Месси «Манчестер Ситинин» катарына өтүшү мүмкүн экенин жазышууда.

Лионел Месси.
Лионел Месси.

Бирок Мессиге көз арткандардын катарында «Манчестер Юнайтед», «Интер», «Ювентус» жана «Пари Сен-Жермен» клубдары да бар.

Месси «Барселонада» эле карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн деген ойду айткандар да кездешет. Футбол ышкыбозу Курманбек Карабалаев, мисалы, ошондой пикир айтты:

Курманбек Карабалаев
Курманбек Карабалаев

«100 пайыз кепилдик бере алам. Месси «Барселонадан» кетпейт. Балким клубдун жетекчилиги менен келишпестик болуп жаткандыр. Бирок чынын айтыш керек, акыркы 10 жылда «Барселонаны» «Барселона» кылган бул Месси. Ал аброю бийик футболчу. Анын бир-эки жылдык эле карьерасы калды. Аны клубда эле жыйынтыктайт деп ойлойм. Андан сырткары Мессини сатып ала турган, анын айлык акысын төлөй турган клуб азыр жокко эсе. Азыр анын трансфердик баасы 700 миллионго бааланып жатат. Карьерасын жыйынтыктап жаткан футболчуга эч ким мындай көп суммадагы акчаны короткусу келбейт деп ойлойм. Анын маянасы да кымбат».

Аргентиналык футболчу Лионел Месси «Барселона» командасында 17 жылдан бери ойноп келет. Клуб менен ал 10 ирет чемпиондук наамды, алты жолу Испаниянын кубогун, төрт жолу Чемпиондор лигасын уткан. Чабуулчу каталондук клубдун катарында расмий беттештерде 634 гол киргизген. Футболдогу эң беделдүү «Алтын топ» сыйлыгын алты ирет алган дүйнөдөгү жалгыз футболчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG