Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Сириянын лидери Асад жана анын жубайы коронавируска кабылды


Сириянын президенти Башар Асад жана анын жубайы Асма парламенттик шайлоодо добуш берүүдө. Дамаск шаары. 2020-жылдын 19-июлу.
Сириянын президенти Башар Асад жана анын жубайы Асма парламенттик шайлоодо добуш берүүдө. Дамаск шаары. 2020-жылдын 19-июлу.

Сириянын президенти Башар Асаддан жана анын жубайынан коронавирус табылды. Президенттик кеңсенин 8-марттагы билдирүүсүнө караганда, жубайлар COVID-19 илдетине шайкеш оору белгилерин сезгенден кийин тесттен өтүп, бул оору аныкталган.

Билдирүүдө айтылгандай, 55 жаштагы Башар Асад жана анын жубайы, 45 жаштагы Асма эки-үч апта өз үйүндө обочо дарыланган соң, жумуштарына кайтышат. Экөөнүн тең «ден-соолугу чың жана абалы туруктуу», деп айтылат билдирүүдө.

Сирия 2011-жылы март айында "Араб жазы" деп аталган бүткүл аймак боюнча авторитардык режимдерге каршы кеңири жайылган нааразылык жыйындары жана толкундоолор учурунда жарандык согушка кириптер болду.

Расмий маалыматка караганда, өлкөнүн өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөп жаткан бөлүктөрүндө вирус жуккан 16,000ге жакын учур катталган. Ооругандардын ичинде 1,063 киши набыт болгон. Бирок коронавируска каршы анализдин чектелген көлөмүн эске алганда, ооруга чалдыккандардын саны мындан алда канча жогору деп болжолдонууда.

Сирия өткөн аптада эмдөө өнөктүгү башталганын жарыялап, бирок анын чоо-жайы тууралуу эч кандай маалымат берген эмес.

XS
SM
MD
LG