Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Трамптын Сирия боюнча күтүүсүз чечими


Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 9-ноябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 9-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлер чыгарыларын билдирди. 19-декабрда жарыяланган чечим көптөр үчүн күтүүсүз болду. Бир катар сенаторлор президенттин бул кадамын айыпташып, чечимин өзгөртүүгө чакырышты.

"Биз "Ислам мамлекети" радикал тобун жеңдик. Бул Трамптын президенттигинин маалында ал жакта аскерлерди калышынын жалгыз себеби болчу" деген билдирүүнү алгач АКШ президенти "Твиттердеги" өз баракчасына жазды. Көп өтпөй ал өз чечими тууралуу видеокайрылуу да жарыялады.

- Биз Сирияда көптөн бери согушуп келатабыз. Менин президенттик кызматыма эки жыл болуп калды жана биз чындап киришип, "Ислам мамлекети" радикал тобун жеңдик. Биз аларга сокку урдук, онбогондой сокку урдук. Аймакты кайра кайтардык, эми биздин аскерлер үйлөрүнө кайтчу убакыт келди. Өлкөбүз үчүн согуш талаасында өз жанын берген жоокерлердин ата-энелерине, жубайларына жана күйөөлөрүнө телефон чалып, кат жазуу менин жүрөгүмдү ар дайым оорутат. Биз аларды унутпайбыз, - деди Дональд Трамп.

Анын мындай билдирүүсүн АКШ Сенатынын бир катар мүчөлөрү, алардын ичинде республикачылар да айыпташты. 19-декабрдын кечинде бир нече сенатор кол койгон кат президенттин администрациясына жөнөтүлдү. Анда мындай кадамга азырынча эрте экени жана жалаң эле Кошмо Штаттардын коопсуздугуна коркунуч келтирбестен, өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун, Сирия президенти Башар Асаддын, аны колдогон Иран менен Орусиянын күч алышына жол ачары белгиленди.

- Америкалыктарды, Сириядагы америкалык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу чечим - менимче жакынкы жылдарда жана айларда олуттуу кесепеттерге алып келүүчү абдан зор, олуттуу ката, - деп сенатор Марко Рубио тынчсызданса, анын кызматташы Боб Коркер Трамптын чечимин “эртең менен ойгоно калып эле кабыл алгандай” деп сынга алды.

- Биз менен ушунча убакыт бир болуп, биз менен бирге ар кандай өңүттө согушка аралашкан 50-60тай өнөктөш мамлекет бар. Мен билгенден, алар менен “бүгүн эртең менен ушундай жарыя жасаган атабыз” деп сүйлөшкөн да жокпуз. Бул баары үчүн күтүүсүз болду. Сенаттагыларды бул чечим айран-таң калтырды, - деди ал.

АКШнын сенатору Боб Коркер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 4-декабрь, 2018-жыл.
АКШнын сенатору Боб Коркер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 4-декабрь, 2018-жыл.

Сөз болуп жаткан коалициядагы өнөктөштөрдүн ичинен алгачкылардан болуп Франция менен Британия үн катышты. Франциянын Европа иштери боюнча министри Натали Луазо 20-декабрдагы өз билдирүүсүндө Сирияда террорчулукка каршы күрөш аяктай элек экенин айтып, «биз азырынча Сирияда кала беребиз» деп кошумчалады. Ал эми британ өкмөтү тараткан билдирүүдө Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө али да жасала турган көп иштер бар экендиги белгиленет.

“ДАИШке (“Ислам мамлекети” террордук тобунун дагы бир аталышы) каршы күрөштө глобалдык коалиция чоң прогресске жетишти. Бирок алдыда дагы жасай турган көп нерсе бар. Биз алардан тараган коркунучту көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Террордук топ аймагы жок эле чоң коркунуч бойдон кала берүүдө”, деп айтылат билдирүүдө.

Трамптын жарыясынан көп өтпөй АКШнын коргоо министри Жим Мэттис вице-президент Майк Пенс менен жолукту. Бир ай мурда эле Мэттис террорчулар жарыялап алган "халифат" жок кылынганы менен радикал согушкерлер майда топторго бөлүнүп кеткенин жана аларга каршы күрөш уланып жатканын айткан. Пентагондун маалыматына ылайык, ушул жылдын август айында Сирияда террорчул топтун 13 миңдей согушкери бар болчу. Азыркы тапта Сирияда эки миңдей америкалык аскер бар. Алар негизинен күрт жана араб кошуундарынан турган Сирия демократиялык күчтөрү менен кызматташып, колдоо көрсөтүп келатышат.

Кээ бир сенаторлор “америкалык аскерлерди чыгарып кетүү дал ушул кошуундарды сатып кеткенге барабар” деген пикирин айтышты. Ал эми Сирия демократиялык күчтөрү 20-декабрда тараткан билдирүүдө Трамптын чечими “Ислам мамлекети” террордук тобун түп-тамырынан жок кылуу аракеттерине чоң сокку болорун жана глобалдык туруктуулук менен тынчтык үчүн кесепети кооптуу болуп калышы мүмкүн экендиги жазылат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ак үйдүн Сириядан аскерлерин чыгарып кетүү тууралуу чечими “ал жактагы жаңжалды саясий жактан жайгарууга шарт түзөт” деп билдиргенин ТАСС агенттиги кабарлады.

2014-жылы "Ислам мамлекети" радикал уюмунун согушкерлери Сирия менен Ирактын көпчүлүк бөлүгүн басып алып, "Ислам халифатын" жарыялап алышкан. Кошмо Штаттар башында турган коалиция Сирияда 2014-жылы абадан сокку ура баштаган, ал эми аскерлер 2015-жылы киргизилген.

Сириядагы америкалык аскерлер. Манбиж шаары. 29-март, 2018-жыл.
Сириядагы америкалык аскерлер. Манбиж шаары. 29-март, 2018-жыл.

Орусия Сириянын президенти Башар Асад уруксатын алмайынча АКШ башында турган күчтөрдүн ал жакта жүрүүгө укуктары жок деп эсептейт. Москва менен Тегеран 2011-жылдын март айынан бери ушул күнгө чейин басылбай жаткан согушта Дамаскка чечкиндүү колдоо көрсөтүп келатышат.

Куралдуу кагылышуулар андан бери 400 миңдей адамдын өмүрүн алды, миллиондогон киши үй-жайын таштай качып, өлкөдөгү тарыхый жайлардын көбү кыйратылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG