Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Путин Сирияга күтүүсүз барды


Орусиянын президенти Владимир Путин Сириянын мамлекет башчысы Башар Асадга жолукту.

Путиндин Сирияга барышы Ыйса пайгамбар жарыкка келген күнгө (7-январь) жана Сириянын союздашы Иран генералы Сулейманинин өлүмү үчүн АКШдан өч алууга камынып жаткан учурга туш келди.

Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулеймани мындан бир апта мурда АКШнын учкучсуз учагы аткан октон өлгөн.

Касем Сулеймани Жакынкы Чыгыштагы согуштардын башкы архитектору, Сирияда жарандык согуш чыкканда эң таасирдүү фигуралардын бири болгон.

Сириядагы согушка аралашууга Путинди дал ушун генерал көндүргөнү да айтылып жүрөт.

Бирок Кремл орус президенти Владимир Путиндин Сирияга жасаган иш сапары менен Ирандын генералы Касем Сулейманинин өлүмүнө байланышы жок экенин айтууда.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун билдиргенине караганда, Путин Дамаск аэропортунан Орусиянын аскер базасына чейин машине менен барган.

Аскер базадан аны Сириянын президенти Башар Асад күтүп алган. Эки президент аймактагы абал тууралуу маалыматты чогуу угушкан.

- Биргелешкен аракеттин натыйжасында абал кескин өзгөрдү. Биз азыр Сирия мамлекетинин кайрадан түптөлө баштаганына күбө болуп жатабыз. Аймакта абал кайрадан курчуй баштаганына карабай Дамаскта тынчтык орногону көрүнүп турат. Көчөдө автомашиналар көбөйүп, кафе-ресторандар иштеп жатканына өзүм да күбө болдум. Жашоо кайрадан калыбына келип жатканы кубандырды, - деди Путин.

Сириянын президенти Башар Асад бул жолугушууда кызматташтыкты мындан ары да уланта берүүнү суранды.

- Бир нече ай мурун түз эле биздин башыбызга снаряддар жаап жаткан. Орусиянын аскерлери биздин күчтөр менен биргеликте Сириянын көп аймагын бошотуу үчүн кандай аракет кылганын сиз жакшы билесиз. Биз канчалык аракеттенип, ийгилик жараткан сайын абал андан бетер татаалдашып кетип жатат. Анткени терроризмди кайрадан калыбына келтирүү аракеттери токтой элек. Ошондуктан мындан аркы биргелешкен аракеттерибизди тактап алуу үчүн сиздин бүгүнкү иш сапарыңыз өтө маанилүү.

Орусия аскерлери Сириядагы чатакка 2015-жылы киргизилген. Путин Сирияга биринчи жолу 2017-жылы Латакия шаарынан анча алыс эмес жердеги Хмеймим аскер базасына барган.

Бул жолу Сириянын борбор калаасы Дамасктагы Орусиянын аскер базасына барды. Дүйнөлүк коомчулукта анын Сирияга капыстан жасаган иш сапары Путиндин жеңиши, Трамптын жеңилиши катары бааланууда.

Путин Сириядан ары Стамбул шаарына барып конду. Ал Сириядагы жаңжалда козголоңчуларды колдоп, Сириянын түндүгүнө аскерлерин киргизип, күрд жоочуларына каршы согушкан түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту.

Эки лидер Орусия менен Түркиянын Сириядагы кызыкчылыктары кесилишкен жагдайларды талкуулашмакчы. Андан сырткары алар орус газын Түркияга экспорттоо үчүн курулган Түркстрим газ түтүгүн ачышмакчы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG