Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Сирия жаңжалы: атаандаш резолюциялар


Бомбалоодон кийин. Сирия.
Бомбалоодон кийин. Сирия.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Сириядагы куралдуу кагылышты токтотууга багытталган эки резолюция сунушталып, экөө тең колдоо тапкан жок.

Анын бирин Батыш мамлекеттери, экинчисин Орусия менен Кытай даярдаган. Аталган резолюция президент Башар Асадга каршы куралдуу күчтөрдүн акыркы таянычы болгон Идлиб провинциясындагы гуманитардык абалды жөнгө салууга багытталган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде, Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында куралдуу кагылышты токтотуу тууралуу Батыш мамлекеттери сунуштаган резолюцияга Орусия менен Кытай вето койду.

Аталган резолюцияны Германия, Бельгия жана Кувейт даярдаган. Алар болгону гуманитардык чараларды гана камтый турганын белгилеп, Орусияны колдоп берүүгө чакырышкан. Бирок Москванын өкүлү андан баш тартты.

Василий Небензия.
Василий Небензия.

"Добуш берүүнүн жыйынтыгы мындай: 12 добуш макул, эки добуш каршы, бир добуш калыс. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эки мүчөсү каршы добуш бергендиктен резолюция кабыл алынбайт", - деди Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензия.

Бул Орусиянын 2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталгандан берки Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына койгон 13-ветосу.

Германия, Бельгия жана Кувейт сунуштаган резолюцияда, Сириянын Идлиб провинциясындагы ансыз да оор болуп турган гуманитардык абалды курчутуп жибербеш үчүн бардык тараптарды 21-сентябрдан тарта согуштук аракеттерди токтотуу чакырыгы камтылган.

Анда эң негизгиси бардык контртеррордук операциялар эл аралык гуманитардык эрежелерди жана адам укуктарын сактоо, ошондой эле карапайым адамдардын коопсуздугун камсыздоо менен жүргүзүлүшү керектиги баса белгиленген.

Орусия болсо «антитеррордук операцияларды токтотуу» дегенди алып салууну, террорчул топторго каршы аракеттерди жүргүзүүгө уруксат берүүнү сунуш кылган.

Батыш мамлекеттери бул ар тараптуу түшүнүккө жана чечмелөөгө алып келерин жана карапайым элди бомбалоону токтото албай турганын айтып, каршы болушкан.

“Ооруканаларды, мектептерди, жарандык имараттарды бомбалоо терроризм менен күрөшүүгө жардам бербейт”, - деди Белгиянын БУУдагы элчиси Марк Печстин.

Ушул эле резолюцияга альтернатива катары Орусия менен Кытай тарабынан сунушталган экинчи документти алардын өзүнөн башка эч ким колдогон жок.

Ал эми 15 мүчөнүн тогузу, анын ичинде АКШ, Франция, Британия каршы чыкса, Индонезия, Түштүк Африка, Кот-д'Ивуар жана Гвинея калыс добуш берген.

Келли Крафт.
Келли Крафт.


АКШнын БУУдагы элчиси Келли Крафт буларга токтолду:

"Орусия ушуну менен Сирия боюнча резолюцияга 13-жолу вето коюп жатат. Бул деген миңдеген сириялыктардын өлүмүнө байланыштуу өзүнүн жана Асаддын режиминин күнөөсүн моюнга албоо аракети. Орусия бул жыйындагы жана согуш талаасындагы аракети менен Идлибдеги, Алепподогу, Чыгыш Гутадагы жана Дараадагы (Даръа) карапайым элди коргобосун көрсөтүп жатат. Ошондой эле ал узак убакыт бою ок атышууну токтотууга кызыкдар эмес. Кытайдын Орусиянын резолюцияга вето койгонуна кошулганына өкүнүп турабыз".

Коопсуздук кеңешинде БУУнун резолюциясы толук колдоо табышы үчүн анын туруктуу беш мүчөсүнүн баары - Орусия, Кытай, Франция, Британия жана АКШ колдошу керек.

Идлиб провинциясы - президент Башар Асадга каршы куралдуу күчтөр аракеттенген акыркы аймактардын бири. Учурда анда "Ал-Каида" менен байланыштагы куралдуу "Хаят Тахрир аш-Шам" тобу да бар.

БУУдагы жыйын.
БУУдагы жыйын.


Сириянын президенти Башар Асад жана анын өнөктөшү Орусия апрелден тарта козголоңчулардын Идлибдеги аскердик жайларына аба соккусун күчөткөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, апрелден бери эле ал аймактан 400 миңдей киши жер которууга аргасыз болду. Анын кесепети гуманитардык катастрофага алып келген.

Сириядагы жаңжалда Орусия менен Иран президент Башар Асадды колдоп келет. Ал эми Түркия менен АКШ бийликке каршы согушкан ар кыл топторго колдоо көрсөткөн.

2011-жылы башталган Сириядагы жарандык согуш эл аралык күчтөрдүн жардамы менен “Ислам мамлекети” террордук тобу сүрүлүп, өкмөттүк армия Орусиянын жардамы менен куралдуу оппозиция ээлеп турган аймактарды бошоткондон кийин басаңдады.

Сириядагы жети жылга аяк баскан жарандык согушта жалпысынан 400 миңдей киши курман болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG