Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Идлибде чыңалуу күчөдү


Түркиянын аскердик унаалары Идлибдин Бинниш айылынан өтүп баратат, 8-февраль 2020-жыл.
Түркиянын аскердик унаалары Идлибдин Бинниш айылынан өтүп баратат, 8-февраль 2020-жыл.

Түркия Сириянын өкмөттүк күчтөрү беш түрк аскерин өлтүргөнүн билдирди. Окуя Анкаранын президент Башар Асадды колдогон Москва менен мамилеси чыңалып турган учурда орун алды.

Сириянын түндүгүндө Идлиб провинциясында соңку бир апта ичинде аскердик чыңалуу дагы күчөдү.

Түркиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 10-февралда Идлибде түрк аскерлери президент Башар Асаддын күчтөрүнүн артиллериялык аткылоосуна кабылды. Андан беш түрк жоокери мүрт кетип, дагы бешөө жараат алды.

Расмий Анкара жооп иретинде Сирия күчтөрүнүн позицияларын "кыйратканын", андан жүздөй сириялык аскер мерт болгонун кабарлады.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына ылайык, Асаддын күчтөрү Тафтаназ аба базасына сокку урган жана андан алты түрк аскери мерт болуп, дагы жетөө жараат алган.

Бир апта мурда же 3-февралда эле Сирия режиминин күчтөрү Идлибде жети түрк аскерин өлтүргөнү, Түркиянын армиясы жооп иретинде 50дөй позицияга сокку урганы кабарланган.

Бул окуялар Анкара менен Дамасктын мамилеси Идлибдеги чабуулдардан улам ого бетер чыңалып, Түркиянын Асадды колдогон Орусия менен пикир келишпестиги күчөп бараткан учурда орун алып жатат.

Чыңалууну басаңдатуу максатында орус делегациясы өткөн ишембиден бери Анкарада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы менен андан майнап чыга элек.

"Эгер бул темада мунаса табылган болсо, бүгүн жолугушууга зарылчылык болбойт эле. Идлибде болушунча тез арада ок атышуу токтошу керек. Сириянын режими ок атышпоо тууралуу эбак ишке кирген келишим үчүн агрессиясы токтотушу зарыл", - деп билдирди Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу.

Жакын туугандары Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан каза тапканын айткан сириялыктар, Идлиб, 2-февраль 2020-жыл.
Жакын туугандары Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан каза тапканын айткан сириялыктар, Идлиб, 2-февраль 2020-жыл.

Идлиб дээрлик тогуз жылдан бери Сириянын президенти Башар Асаддын режимине каршылык көрсөтүп жаткан көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы чордону катары саналып келет.

2018-жылдын сентябрь айында Түркия менен Орусия Идлибди деэскалация аймагына айландырууну, бул провинцияда ок атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок андан бери аймакта кармаш толук токтой элек.

Асаддын күчтөрү Идлибдеги көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймактарды тартып алууну көздөгөн жаңы чабуулун өткөн жылдын соңунда баштаган. Сириядагы козголоңчуларды колдоп келген Түркиянын бул аймакта ондон ашык аскердик бекеттери бар. Андыктан Анкара Идлибде жайкын тургундардын каны төгүлүп жатканын билдирип, президент Асад менен аны колдогон Орусиядан февраль айынын соңуна чейин аймактагы чабуулдарын токтотууну талап кылган. Анкара бул талап аткарылбаса, түрк аскерлери Сириянын күчтөрүнүн мизин кайтарууга киришерин эскерткен.

Өткөн жума күндөн бери жүздөгөн түрк жоокерлери жана аскердик техникалары Түркиянын Идлибдеги позицияларын күчтөндүрүү максатында Сирияга жөнөтүлүп жатат. Мындай өнүгүүлөр Сирия маселесинде чогуу иш алып барып жаткан "Анкара менен Москванын жаңы карама-каршылыгына жол ачпайбы" деген кооптонууларга себеп болду.

"Менимче, эки тарап тең өз ара алакасын оңдоо үчүн көп күч жумшашты. Аны Сириядагы чатактан улам бузуп алышпаса керек. Андыктан эки тарап тең жаңжалды дагы күчөтүп жибербеш үчүн мунаса табууга аракет кылышат", - деп билдирди Стамбулдун Билги университетинин профессору, саясат таануучу Илтер Туран.

Идлибдин Ариха шаары, 5-февраль 2020-жыл.
Идлибдин Ариха шаары, 5-февраль 2020-жыл.

7-февралда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва менен Анкара туруктуу байланышта турганын, Түркия Идлибдеги деэскалация боюнча макулдашуунун талабын аткара албаганын билдирген. Анын айтымында, Анкара бул аймакта өзү колдогон көтөрүлүшчүлөр менен "террорчул топторду" бири-биринен ажырата билиши керек эле.

"Тилекке каршы Идлиб аймагын террорчулар бийлеп турушат. Мындан улам бул милдеттенме аткарылышы керек болчу", - деп белгилеген Лавров.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Сириянын Идлиб жана Алеппо провинцияларында декабрь айынан бери эле 700 миң киши жер которууга аргасыз болду. Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдө 2011-жылдан бери токтобой жаткан жарандык согуш 380 миңдей кишинин өмүрүн алды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG