Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:56

Германия, Швеция жана Польша Москвага жооп чара катары орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарышат


Бранденбург дарбазасы, Берлин. 22.1.2021.
Бранденбург дарбазасы, Берлин. 22.1.2021.

Германия, Швеция жана Польша бийликтери Москвага жооп чара катары бирден орус дипломатын өз өлкөлөрүнөн чыгарарын 8-февралда жарыялашты. Өткөн аптада Москва Кремлдин башкы сынчысы «Алексей Навальныйды колдогон демонстрацияларга катышкан» деген шылтоо менен Евробиримдиктин үч өлкөсүнүн дипломаттарын чыгарган.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө «Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Берлиндеги Орусия элчилигинин кызматкерин «персона нон-грата» катары жарыялады», - деп жазылат.

Ошондой эле министрлик Москванын чечимине эч негиз болбогонун, Германия элчилигинин кызматкери өз ыйгарым укуктарынын алкагында гана ишмердүүлүк жүргүзгөнүн маалымдады. Ушундай эле билдирүүлөрдү Швециянын жана Польшанын өкмөттөрү жасашты.

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде "Твиттердеги" барагында өлкөдөгү орус элчисине элчиликтеги бир кызматкер өлкөдөн чыгарыла тургандыгы жөнүндө маалымат берилгендигин жазды. "Бул - өз милдетин гана аткарып жаткан швед дипломатын өлкөдөн чыгаруу боюнча кабыл алынгыс чечимге карата ачык жооп", - деди Линде айым.

Польшанын тышкы иштер министрлиги «Твиттерге» Познань шаарындагы орус консулдугунун кызматкерин өлкөдөн чыгып кетүүсүн суранганын жазды.

Буга чейин Москвага барып келген Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель Навальныйдын камалышына байланыштуу Евробиримдик Орусияга санкция киргизиши мүмкүн экенин билдирген.

Кремлдин 44 жаштагы келишкис сынчысы Алексей Навальный былтыр жайында Томск шаарында ууландырылгандан кийин Омск шаарында комага түшүп, оор абалында Берлинге жеткирилген. Ал Германиядан дарылануудан Москвага келери менен 17-январда аба майданда кармалган.

2-февралда Москва соту Навальныйдын «Ив Роше» иши боюнча буга чейинки шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кести. Анын камалышына каршы бир нече ондогон миңдеген кишилер Орусиянын ар кыл шаарларында нааразылык жыйындарын уюштурушту жана бир нече миңдеген демонстрант кармалды.

XS
SM
MD
LG