Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Навальныйга сот өкүмү чыккандан кийинки акцияларда 1200дөн ашуун адам кармалды


Алексей Навальныйдын тарапташтары. 2-февраль, 2021-жыл.
Алексей Навальныйдын тарапташтары. 2-февраль, 2021-жыл.

Москва соту 2-февралда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колонияга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алгандан кийин Москвада нааразылык акциялары болуп, демонстранттар менен полиция кагылышты.

ОВД-Инфо борборунун маалыматына ылайык, Орусиянын бир нече шаарында өткөн митингдерде 1200дөн ашык адам кармалды. Анын ичинен 981и Москвада. Полиция ошондой эле Санкт-Петербург, Ижевск, Челябинск, Уфа, Киров, Краснодар шаарларында да бир нече адамды кармап кетти.

2-февралда Москва соту Алексей Навальныйга 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу кесүү тууралуу чечимди үч жарым жыл түрмөгө алмаштырды. Саясатчы жабык жайда эки жарым жыл жаза өтөйт. Ал жети жыл мурун бир нече ай үй камагында отурган.

Сот Навальный шарттуу жазага ылайык алынган милдеттенмелерди аткарган эмес деп тапты. Бул чечимге каршы кийинки инстанцияга арызданса болот.

Федералдык жаза аткаруу кызматы Навальный сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузду деп 29-декабрда ага издөө жарыялаган. Сыноо мөөнөтү 30-декабрда аяктаган.

Германияда дарыланган саясатчы 17-январда Москвага учуп келген жеринен кармалган. Эртеси Химкиде өткөн сот аны 15-февралга чейин убактылуу тергөө абагына камаган.

Навальный 2014-жылы «Ив Роше» иши боюнча көз боёмочулук үчүн айыпталып шарттуу кесилгенде беш жылдык сыноо мөөнөтү чегерилген. Кийин ал мөөнөт дагы бир жылга узартылган. Саясатчы бул ишти жана өкүмдү саясий мүнөздө деп баалаган.

Европанын адам укуктары боюнча соту бул өкүм мыйзам бузуу менен чыгарылган деп эсептейт.

Оппозициячыл саясатчы 20-августта Томск шаарынан Москвага баратканда өзүн жаман сезип, учак Омскиге чукул конгон. Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилип, кийин Германиядагы клиникага которулган. Ал эсине 19 күндөн кийин гана келген.

Орусиялык дарыгерлер анын ууландыруу боюнча доону четке кагып келишет. Ал эми германиялык адистер жана европалык бир нече лаборатория Навальный аскердик «Новичок» тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныкташкан. Батыш бул ишти калыс иликтөөгө чакырып келатат.

Жыл этегинде «Bellingcat» иликтөө тобу жана бир катар маалымат каражаттары саясатчыга кол салуунун артында Орусиянын атайын кызматы – ФКК (ФСБ) турган деген тыянакка келишкен. Кремль бул дооматты четке кагууда.

23-январда жана 31-январда Орусиянын жер-жерлеринде Навальныйды колдогон ири нааразылык жыйындары өттү. Полиция демонстранттарды аёосуз ыкма колдонуп таркатты.

XS
SM
MD
LG