Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Айылдык кеңештерге шайлоо: жаңы технология сыноодон өттү


Ош облусундагы айылдык кеңештердин бириндеги шайлоо. 9-апрель, 2023-жыл.
Ош облусундагы айылдык кеңештердин бириндеги шайлоо. 9-апрель, 2023-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңештеги шайлоонун баштапкы жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, добуш берүү өткөн аймактарда жалпысынан 72 миңден ашык шайлоочу катталган жана 9-апрелде алардын 28 миңден көбү, тактап айтканда 39,01% добуш берди. Электрондук добуш берүү үчүн катталган 841 шайлоочунун 694ү катышты.

"Таластагы Бакыян айылдык кеңешиндеги шайлоодо добуш берүү эң активдүү болуп, шайлоочулардын 62% ашыгы катышты. Добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочулардан, байкоочулардан жана талапкерлерден арыз-доомат түшкөн жок. Шайлоолордун жыйынтыгы мыйзамга ылайык 20 күндүн аралыгында чыгарылат",-деп жазылган маалыматта.

Нарындын Чаек, Көк-Ой, Баткендин Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр, Оштун Отуз-Адыр, Кабылан-Көл, Исанов, Кеңеш, Таластын Бакыян, Бейшеке, Шекер жана Чүйдүн Байтик, Кызыл-Дыйкан айылдык кеңештериндеги жалпы 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышты. Алардын 164ү аялдар. 254 мандаттын 30% же 97си аялдарга берилет.

9-апрелде Кыргызстандын 14 айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо өттү. Баткен районундагы үч айылдык кеңеште алгачкы жолу электрондук добуш берүү боюнча жаңы ыкманы жана шайлоо бюллетенин жеринде чыгаруучу заманбап жабдыкты пилоттук негизде сынашты. Борбордук шайлоо комиссиясы бул ыкмалар сыноодон ийгиликтүү өтсө, алдыдагы чоң шайлоолордо технологиялык секириктер болот деп турат. Ал эми эксперттер электрондук добуш берүүнүн шайлоонун жүрүшүнө жана жыйынтыгына тийгизе турган опурталдуу жактары да бар экенин белгилеп жатышат.

Баткен районундагы Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев кыргыз-тажик чатагынан бери айылдын тургундарынын көпчүлүгү ар башка жакта жүргөндүктөн, бул жолку шайлоодо мурдагыдай көрсөткүч болбойт деп эсептейт.

“Ак-Сайдагы №8064 шайлоо тилкесинин тизмесинде 1060 шайлоочу бар. Мурда тынччылык заманда добуш берүүгө 700-800 киши катышчу. Шаарда, талаа-түздө жүргөндөр электрондук добуш берүүдөн өтүшү мүмкүн. Добушканага көп болсо 200 жакын шайлоочу келет го. Көпчүлүгү айылга кайта элек да али”.

Бул жолу Баткен районунун аймагындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн добуш берүүдө пилоттук негизде бир катар жаңы ыкмалар сыноодон өттү. Маселен, Самаркандек айыл аймагындагы беш добушканага шайлоочуларды идентификациялоо боюнча модернизацияланган жабдуулар орнотулган. Алар шайлоочуну бармагы же жүзү аркылуу таанып, тизмеде бар болсо, атайын принтерден добуш берүүчү бюллетенди чыгарып берет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендер Гаипкулов ушул ыкма жана алгачкы жолу колдонулуп жаткан электрондук добуш берүү ыкмасынын жөн-жайын мындайча түшүндүрдү.

“Азыр пилоттук негизде жаңы модернизацияланган жабдыкты иштетип атабыз. Анда идентификация болгондон кийин бир бюллетень чыгат, шайлоочу барып ошону менен добуш берет, ага экинчи бюллетень чыкпайт, жараксыз бюллетень болбойт. Экинчиси, бүгүн электрондук добушту киргиздик. Мындайча айтканда, биздин сыртта жүргөн мигранттарыбыз, башка жакта иштеп жүргөндөр шайлоо мыйзамынын негизинде 10 күн мурда өздөрү “биз электрондук добуш беребиз” деп БШКга кайрылат. Аларга өзүнчө атайын тизме түзүлгөн. Ал тизме менен Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүндө 841 шайлоочу электрондук добуш берүүгө катышып жатат. Муну Баткен районунда өткөрүп жатканыбыздын негизги себеби – чек арадагы соңку окуяларга байланыштуу көпчүлүк тургундар Баткенде жашабай, Бишкекте, Ошто, башка жакта жүрүшөт. Андан тышкары мигранттар бар. Ошолорго шарт түзүлдү”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Кыргызстандын 5 облусунун 14 айылдык кенешинде өтүүдө. Ош облусунда 4 (Исанов, Отуз-Адыр, Кабылан-Көл жана Кеңеш), Баткен облусунда 3 (Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр), Нарын облусунда 2 (Чаек жана Көк-Ой), Чүй облусунда 2 (Кызыл-Дыйкан жана Байтик) жана Талас облусунда 3 (Шекер, Бейшеке жана Бакыян) айылдык кеңештерине 254 депутат шайланат. Ага катышуу үчүн 470 талапкер катталган.

Гаипкуловдун айтымында, Баткенде сыналып жаткан технологиялар ушул шайлоодо ийгиликтүү өтсө, келечектеги шайлоолорго кеңири колдонула баштайт.

“Муну атайын пилоттук негизде өткөрүп жатканыбыз – келечектеги чоң шайлоолорго ушул системаны киргизүү маселесин карап жатабыз. Азыр бул жерде байкоочулар, шайлоочулар, БШКнын кызматкерлери өзүбүз көрүп жатабыз. Кандай кемчиликтери болот, жакшы жактары болот, мунун баарын мыйзамга киргизебиз. Азыр биздин иштеп аткан мыйзамдын негизинде жарлык менен эле атайын пилоттук шайлоо болду. Баткенге БШКнын мүчөлөрүнүн келгенинин дагы себеби – биз ушуну өзүбүз көрүп, эгерде кемчиликтер болсо элдин оюн угуп, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жалпы 254 мандаттын ичинен аялдар үчүн 97 мандат бөлүнгөн, ага 164 талапкер аял ат салышты

Электрондук добуш берүүгѳ катышуу үчүн Баткендин 14 өлкөдө жашаган тургундары арыз беришкен. Баткен районундагы үч айылдык кеңеш боюнча шайлоочулардын тизмесине 841 шайлоочу киргизилген, анын ичинде Бишкекте жана Ошто убактылуу жүрүшкѳн 400 жергиликтүү жаран бар.

Шайлоо технологиялары боюнча эксперт Тагир Осмоналиев электрондук добуш берүү ыкмасында бир катар кемчиликтер бар деген көз карашта.

“Акыркы шайлоолорду карай турган болсок, көптөгөн талапкерлер жана саясий партиялар добуштарды сатып алуу менен келген. Биринчиден, электрондук добуш берүүнүн купуялуулугу сакталбайт, электрондук добуш берүүдө телефон же компьютер аркылуу үйүндө отурабы же жумуштабы шайлоо тилкесине келбей, аралыктан добуш берет. Мисалы, ал кишинин жанында кимдер болот – добушту сатып алып жаткан талапкердин өкүлү болобу же үгүтчүлөрү болобу, шайлоочунун телефон аркылуу добуш берүү процедурасына түздөн-түз кийлигишип, жанында туруп көрүп, же жанында болбосо, шайлоочу өзү далил катары экинчи телефонду колуна кармап алып сүрөткө-видеого тартып, өзүнүн добуш берүү жараянын толугу менен көргөзүп, ошол добушун сатып алган адамга далил катары жөнөткөнгө курал катары колдонулуп калат. Бул жерде акчаны берген саясий партия же талапкер добуш берүү жараянын толугу менен көзөмөлгө ала алат”.

Эксперттин баамында, электрондук добуш берүү тутуму киберчабуул жана көз боёмочулук үчүн аярлуу болуп, шайлоонун жүрүшүн жана анын жыйынтыктарын бурмалоого алып барышы мүмкүн. Электрондук добуш берүүдө кагаз түрүндө из калбагандыктан, добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо жана кетирилген каталарды аныктоо мүмкүнчүлүгүн кыйындатат. Мындан тышкары, көзү азиздер же начар уккандар үчүн көйгөй жаралышы жана техникалык себептерден улам байланыш үзгүлтүккө учураган жагдайлар болушу мүмкүн.

Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү үчүн 18 874,9 миң сом кетет деп пландаштырылган.

Шайлоолорго шайлоо комиссияларынын 760 мүчѳсү, 9 АШКдан – 110 адам, 52 УШКдан – 651 адам тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG