Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Кыргызстан алгачкы жолу электрондук добуш берүү ыкмасын колдонуп көрөт


Бүгүн 20-мартта Кыргызстанда айылдык кеңештердин 14үнө депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, үгүт иштери 8-апрелде жыйынтыкталып, шайлоо 9-апрелде өтөт.

Нарындын Чаек, Көк-Ой, Баткендин Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр, Оштун Отуз-Адыр, Кабылан-Көл, Исанов, Кеңеш, Таластын Бакыян, Бейшеке, Шекер жана Чүйдүн Байтик, Кызыл-Дыйкан айыл кеңештериндеги жалпы 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышууда. Алардын 164ү аялдар. 254 мандаттын 97си аялдарга берилет.

Боршайком билдиргендей, Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бул өнөктүк алкагында электрондук добуш берүү ыкмасы колдонулуп көрүлөт. Азырынча Баткендеги үч айылда мындай мүмкүнчүлүктөн ошол жерде катталган, бирок шайлоо күнү добушканага бара албагандар пайдалана алышат. Бул үчүн биометрикалык каттоосу бар шайлоочулар 24-мартка чейин «Тизме» (tizme.gov.kg) порталы аркылуу арыз тапшырып коюшу керек.

Кыргызстанда 453 айылдык кеңеш бар. Депутаттарды беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү эл шайлайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG