Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Топ жарган күлүгү жок шайлоо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйылкы парламенттик шайлоодо үгүт өнөктүгү онлайн жүргөнү жатат. Ал ортодо саясий партиялар шайлоого карата даярдыгын жандандыра баштады.

Акыркы айларда коронавирус пандемиясы боюнча абал курчуп турган Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык кызый баштады. Өлкө жетекчилиги акыркы кырдаалга карабай шайлоо белгиленген мөөнөттө өтөрүн билдирген соң Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) да, саясий партиялар да өз ишин жүргүзүп жатышат.

Учурда БШК бекитилген иш тартибинин алкагында шайлоого катышууну каалаган партиялардын өкүлдөрүн, саясий өнөктүктү чагылдырыш үчүн маалымат каражаттарын каттап жатат.

Шайлоо комиссиясы бул жылы пандемияга байланыштуу үгүт өнөктүгү негизинен онлайн түрүндө болорун жарыялады. БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, бул үчүн тиешелүү шартты түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Саясий партиялардын өкүлдөрү, талапкерлер менен шайлоочулардын физикалык түрдө жолугушуусун азайтуу максатында бир катар иштер жүрүп жатат, - деди ал. - Анын ичинде жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, бул иштерди уюштуруу каралууда. Мындан сырткары маалымат каражаттарында акысыз эфирдик убакыт берип, үгүт өнөктүгүн жүргүзүү пландалууда. Эгер сөзсүз түрдө жолугушуу өткөрүү керек болсо белгилүү бир санда, социалдык аралыкты сакташы керек болот. Ал эми жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, мурдагыдай стадион толтура эл топтоого тыюу салынган».

Бекматов кошумчалагандай, шайлоо комиссиясы «Талапкер» деп аталган маалыматтык ресурсту ишке киргизди. Бул ресурста саясий партиялардын программалары, талапкерлери жөнүндө кенен маалымат камтылмакчы.

БШК шайлоого байланыштуу бардык иш-чаралар белгиленген мөөнөттө жүрүп жатканын билдирди.

Буга чейин 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, 44 саясий партия БШКга кайрылган. Бул партиялардын басымдуу көпчүлүгү - буга чейин коомчулукка белгисиз, мурда шайлоого катышпаган саясий уюмдар.

Ал эми мурдагы парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган партиялар арасат абалда турат. Тактап айтканда, беш жыл мурда шайлоочулардын 27% добушун алып, биринчи келген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түзгөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) экиге бөлүнүп, белгисиз кырдаалда турат. Бул партиянын төрагасы катары жарыяланган Сагынбек Абдрахманов жетектеген саясий уюмду БШК каттабай, соттошууга чейин жеткен. 28-июлда Жогорку сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп таап, бул партияны шайлоого катыштырууну милдеттендирген чечим кабыл алды.

Ал эми мурдагы президенттин жакындары жана тарапкерлери «Социал-демократтар» аттуу жаңы партия менен шайлоого барарын жарыялаганына карабай жандуу иш жүргүзгөнү байкала элек.

2015-жылкы шайлоодо 316 миңден ашык жарандын добушун алып, экинчи орунда келген «Республика - Ата Журт» биргелешкен партия катары саясий өнөктүккө катышпайт. «Республика» партиясы өз алдынча шайлоого катышарын жарыялады. Бирок байкоочулар акыркы эки шайлоодо ийгиликке жеткен бул саясий уюмдун позициясы партиянын негиздөөчүсү, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов былтыр саясаттан толугу менен кеткенин жарыялаган соң мурдагыдай болбой калганын белгилешет.

Бабановдун саясаттан кеткени партия үчүн чоң жоготуу болгонун четке какпаган «Республиканын» азыркы төрагасы Мирлан Жээнчороев шайлоого толук даярданып жатканын билдирди:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Шайлоого «Республика» милдеттүү түрдө барат. Учурда ар түрдүү күчтөр менен ар кандай форматта сүйлөшүүлөр динамикалуу түрдө жүрүп жатат. Кайсы күчтөр экенин азырынча айта албайм. Бирок шайлоого барат. Азыркы өкмөттүн, жалпы бийлик түзүмдөрүнүн алсыздыгы бул шайлоодо биздин партиянын кадамдары, кадрлары жана өзгөрбөгөн позициясы бар экенин көрсөтүшү керек».

Ал эми 2015-жылы «Республика» менен бириккен, андан мурунку шайлоодо биринчи болгон «Ата Журт» партиясы да бул жолу таптакыр эле шайлоого катышпайт. Бул партиянын лидери Камчыбек Ташиев «Мекенчил» аттуу партияны жетектеп, саясий жарышка түшөрүн жарыялады.

2015-жылдагы шайлоодо 140 миңден ашуун шайлоочунун добушун алган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы болсо шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга кайрылган жок. Бул партиянын лидери Бакыт Төрөбаев баш болгон бир нече саясатчы бийликке жакын болуп саналган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого барары кабарланган. Бул маалыматты ырастабаган да, төгүндөбөгөн да Төрөбаев алдыдагы күндөрү түшүндүрмө берерин жарыялаган.

Мына ушундай мурдагы шайлоолордун алдыңкылары ара жолдо болуп турган кырдаалда бул жолку саясий өнөктүктүн негизги оюнчулары кимдер болот деген суроо туулат. Азыркы тапта шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 партиянын ичинен канчасы өнөктүктүн аягына чейин жетери белгисиз.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков күздөгү парламенттик шайлоого ондон ашык партия катышат деп болжоп жатат.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Депутаттын пикиринде, көпчүлүк партиялардын күрөөгө коё турган беш миллион сому да, электораты да жок, болгону саясий соодалашуу максатын көздөп, БШКга кайрылышты.

«Азыр мурдагыдай лидер, фаворит жок, - деди ал. - Бардыгы бирдей. Эгер бүгүн бийлик күчтүү болсо, бийликтин партиясы күчтүү болмок. Бийликтин күчү жок болгону үчүн анын партияларынын да күчү жок».

Бирок ошол эле учурда бийликтин партиясы деген кайсы күч деген суроого да бир жактуу жооп бериш кыйын. Азыркы тапта бийликке жакын партиялар катары быйыл алгач жолу парламенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партиялары аталып жатат. Бул партиялар учурда аймактарда жанданып, жергиликтүү бийлик органдары аларга көмөк көрсөтүп жатканы жөнүндө айрым саясатчылар айта баштады.

Мындан сырткары «Кыргызстан», «Замандаш» сыяктуу партиялар да азыркы президенттин саясатын колдочу күчтөр катары сыпатталып жатат. Ал түгүл «Замандаш» партиясынын алдына бийликтин сунушу менен өлкөдөгү Аскар Салымбеков, Марат Султанов мурдагы жетекчилердин башын кошуп жатканын айрым сайттар жазып чыгышты.

Аталган партиянын лидери Жеңиш Молдокматов мындай маалыматтарды төгүндөбөй да, ырастабай да, жакынкы күндөрү биригүү жөнүндө коомчулукка белгилүү болорун билдирди:

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«Негизи «Замандаштын» өз позициясы бар. Ачык айталы, ошол эле бийликчил партиялардан сунуш түшкөндө биз кошулган жокпуз. «Замандаш» өз туусунун алдында барат. Биригүү болуп атат. Кошулган адамдар менен расмий кол коюшкан соң жакын арада жарыялайбыз».

Саясат талдоочу, мурдагы депутат Алишер Мамасалиев учурдагы Кыргызстандагы абалды уникалдуу деп эсептейт. Анын пикиринде, азыркы тапта пандемиядан улам бийликке карата нааразылык маанай күч болуп турганда оппозициячыл күчтөрдүн күнү туушу мүмкүн.

«Буга чейинки шайлоолордо женишке жетишкен партиялар катышпачудай болуп турат, - деди ал. - Шайлоочуларды добушун ким ала алат? Бул чоң маселе. Ошол учурда кеңири масштабдагы оппозициячыл күчтөр да толук байкалбай жаткандай. «Ата Мекен» өзүн оппозиция деп жарыялаганы менен андан кийинки чечкиндүү кадамдары көрүнбөй жатат.

Ал эми учурда Кыргызстанда нааразы электорат аз эмес. Бул тарапта «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа» сыяктуу партиялар эгер биримдикке келип, кеңири коалиция болсо көпчүлүк добуш алууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал эми бийликчил партиялар болуп саналган «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» Кыргызстандын президенти менен мамилеси бирдей эле. Бул партиялар «бийликчилбиз» деп мурдагыдай эле административдик ресурска ишене турган болсо терең жаңылышат. Анткени учурдагы абал ага жол бербейт»

Бирок буга чейин оппозициячыл болуп саналган «Бүтүн Кыргызстан» башка партиялар менен биригүүгө макул эмес экенин билдирген болчу. «Реформа» партиясы болсо жалаң буга чейин саясатта болбогон жаңы жүздөр менен шайлоого барарын жарыялап жатат.

Парламенттик башкарууга өткөнүн жарыялаган Кыргызстанда шайлоодон утуп келген партиялар коалицияга биригип, өкмөттү түзүшү керек. Бирок акыркы жылдары бул эреже толугу менен сакталбай, президенттин таасири күчтүү экени айтылып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG