Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:10

Атамбаев жана анын өнөктөштөрү кайра кармалды


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Форум" ишканасынын алдында. 9-октябрь, 2019-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Форум" ишканасынын алдында. 9-октябрь, 2019-жыл.

Шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайра кармалды. Түрмөдөн бошогон мындан башка дагы бир нече адам, анын ичинде Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев жана башкалар да кайра колго түшүрүлдү. Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу 11 жылга соттолгон.

Кайра тергөө абагына

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен чогуу 10-октябрда өткөрдү. Натыйжада мамлекеттик экс-башчы жана анын сакчылары кайра колго түштү.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Азаттыкка» буларды билдирди.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Бишкек шаарында массалык башаламандыкты уюштурууга байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында тергөөнүн тапшырмасы менен Алмазбек Атамбаев, Канат Сагынбаев жана Дамир Мусакеев кармалды. Учурда мекеме аралык ыкчам-тергөө тобу бул кылмышты уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча аракеттерин улантып жатат», - деди ал.

Атайын кызмат мунун артынан эле ушул эле факты менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов менен ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да кармалганын кабарлады.

Интернетте тарап жаткан сүрөттө операция учурунда мурдагы президенттин уулдары Сейид Атамбаев менен Кадыр Атамбаев да дубалга такалып турганын көрүүгө болот. ИИМ Сейид жана Кадыр Атамбаевдер жана «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков окуяга күбө катары кармалганын маалымдады.

Кийин маалым болгондой, кармалгандардын ичинен азырынча Дамир Мусакеев менен Темирлан Султанбеков 48 саатка камалган. Ал эми Фарид Ниязов үй камагына чыкканы кабарланды.

Кой-Таштагы мурдагы президентти кармоо боюнча операциядан кийин журналисттерге маек берген Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева буларга токтолду:

«Кечээ аянтта Алмазбек Шаршеновичтин автоунаасын аткылашканын көрдүңүздөр. Ал жөн гана тынчтык митинги болчу. Адамдар куралсыз, эч нерсеси жок эле барышкан. Анан биз түлөө өткөрүү үчүн чогулганбыз. Анан жөндөн-жөн эле биз тарапка он чакты БТР, дагы беш-алты чоң автобус баратат дешти. Алмазбек Шаршенович «мен жашарымды жашадым, балдарды алып сен чыгып кет» деди. Биз чогулуп, эми чыгып кетейин дегенде менин машинем БТР менен кагышып кетти. Балдарымды жерге жаткырып, тепкилеп киришти. Мен балдарым Темирланды, Сейидди жана Кадырды коргоп кирдим. Аларды террористтерден бетер эки саат полдо жаткырып кармап турушту. Шаршенович үйдө болчу, анын тагдыры эмне болгонун билбей калдым. Жалпы жарандарга кайрылам, муну жөн эле калтырбагылачы. Бул нерсе ар бир үйгө келиши мүмкүн», - деди ал.

9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында митинг өткөрүшкөн. Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековду жактаган күчтөр кайра бийликке кайтып келүүгө аракет кылып жатканын, Жээнбековду өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырган.

Андан ары алар жүрүш менен Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына келишкен. Нааразы топко жаш активисттер да кошулган. Бир нече сааттан кийин аянтта тургандарга абактан чыккан башка саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери өкмөт үйү тараптан келип, таш, бөтөлкө ыргыткан. Курал колдонулуп, ок атылган. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин, экс-премьер-министрлер Сапар Исаковдун, Өмүрбек Бабановдун автоунаалары аткыланганы тууралуу маалыматтар тараган. Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары бул аларды каралоо үчүн жасалган чагым экенин билдиришкен. Аянттагы кагылыштан жети адам жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул окуяга байланыштуу ИИМ ошол эле күнү Кылмыш кодексинин 264-беренеси («Массалык башаламандык») боюнча иш ачып, сотко чейинки өндүрүш баштаган. Белгисиз автоунаага ок чыгарып жаткан адамга издөө жарыяланган.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына койгон видеодо Атамбаев өзү сөз сүйлөп, аны жок кылууга аракет кылышканын билдирген.

Бишкектин борбордук аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектин борбордук аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.

«Мага кол салуу аракети болуп жатат. Буга УКМКнын айрым жетекчилери, Сооронбай менен Райым койгон адамдар жардам берип жатышат. Коопсуздук кеңешинде иштеген Суваналиев деле айтпадыбы, «бардык күч органдары Райым Матраимовго эч нерсе кыла албайт" деп айтпадыбы. Алардын баарын Райым багып жатат. Алар Атамбаевди өлтүрүп койсок эле, калган баары качып кетип калат деп ойлоп жатышат. Ал ишке ашпайт. Мен эл менен болом», - деген Алмазбек Атамбаев 9-октябрда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча 11 жыл, эки айга абакка кесилген, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Ал ошондой эле бир офицердин өмүрүн алган Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткан.

Тандалма кармоо

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровдун жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Бул күнү жалпы жонунан Алмазбек Атамбаевдин тогуз тарапташы эркиндикке чыкты. Алардын арасында Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагынбаев, Канат Осмоналиев, Фархат Бабиев, Канатбек Рыспек уулу жана Дамир Мусакеев бар.

Атамбаевдин жакын адамы делген, анын бийлиги учурунда Бишкек шаарын башкарган Албек Ибраимов да бошотулган. Мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев Атамбаев жана анын жакындары соттун чечими менен үй камагына чыкканын маалымдаган.

Жарандык активист Нурбек Муктар абактан чыккандардын баарын кайра камакка алууну талап кылууда.

«Биринчиден, бардыгы мыйзам талаасына келиши керек. Экинчиден, түрмөдөн чыгып кеткендердин бардыгы ордуна кайтарылышы кажет. Мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандыктан, сот процесси кайра жүрүп, баарынын иштери сотто кайра каралышы шарт. Анткени түрмөдө башка да адамдар бар да. Булар чыгып кетсе болот, катардагы жаран чыкса болбойт дегендей мамиле болбош керек», - деди ал.

Мунун ичинде коомчулукта, анын ичинде социалдык тармактарда камактан чыккандардын бир тобу кайра кармалып, экинчи тобу, тагыраагы Садыр Жапаровго чара көрүлбөй калганын жазып жатышат.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан учурда Садыр Жапаров өзү кыскача жооп берди:

«Менин ишим боюнча айтсам, Жогорку соттун чечими жокко чыккандан кийин ал адамдын соттуулугу жок болот», - деди ал.

Жогорку соттун басма сөз кызматы 9-октябрдагы маалыматында Садыр Жапаровдун жана анын адвокатынын мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгаруу, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчү каралганы айтылат.

Маалыматка караганда, иш Жогорку сотто каралып жатканда жараянга катышкан Башкы прокуратуранын өкүлү Жапаров менен анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырууну суранган. Натыйжада Жазык-процессуалдык кодекстин 442-445-беренеси, 446-берененин биринчи бөлүгүнүн негизинде соттук коллегия Садыр Жапаровго карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберген.

Ошол эле кезде «Мекенчил» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жапаровду актоо тууралуу Жогорку соттун өкүмү 6-октябрда чыкканы ырас экенин жана колдо документ бар экенин билдирген.

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. 2018-жылы июнь айында ал 11 жыл, алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.

Саясат талдоочу Айнура Арзыматова кепке кошулду:

Айнура Арзыматова.
Айнура Арзыматова.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги каалаган кишисин кайра камап, каалаган кишисин өкмөт башчы кылып жатат. Мунун баарын ал өзүнүн саясий куралына айлантып жатканын көрүп турбайбызбы. Кечээ күнү түрмөдөн чыккан киши кантип премьер-министр болот? Соттуулугу толук жоюла элек болсо, ал өкмөт башчылыкка келсе аны дүйнөлүк коомчулук кабыл алабы? Кабыл албайт да. Турмуш биздин бийликти эч нерсеге үйрөтпөйт экен. Баарын минтип кара күчкө сала бергендин арты жакшы болбойт. Президент өзү «кырдаалды турукташтыруу үчүн аракет кылып жатам» деп айтпады беле? Бир жагынан тынчтандырам деп, экинчи жагынан кырдаалды курчутуп жатат».

Боштондукка чыккан мындан башка кишилердин кийинки тагдыры белгисиз бойдон калууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG