Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Садыр Жапаров өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул өкмөттүн курамы менен иштебей турганы белгилүү болду.

Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин ушул жыйынында айтты. Ал бул идеяны сегиз жыл мурда көтөргөнүн, азыр анын мааниси кеткенине токтолду.

Журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

23:54 10.10.2020

Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди. Бул тууралуу Кулов "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Ал белгилегендей, парламенттин кезексиз жыйынында кворум болгон жок.

"Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт", - деп жазды Кулов.

Ал мыйзамдын талаптарын эске албаган депутаттардын аракетин сынга алып, өлкөдөгү "башаламандыкка жол ачып жатат" деп айыптады.

Ошондой эле Феликс Кулов президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан өз арызы менен кетери жөнүндө билдирүүнү комментарийледи. Анын айтымында, президент кызматтан кетсе, үч айдын ичинде президенттик, бир айдын ичинде парламенттик шайлоо жарыяланышы керек. Мындай учурда президенттин кетиши "кылмыштык шалаакылык" болорун эскерткен Кулов тиешелүү бардык адамдарды мыйзамды сактоого чакырды.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти. Бул жыйынга катышкан депутаттар жана Садыр Жапаров кворум бар экенин жана баары мыйзам чегинде өтүп жатканын билдирген.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу өкмөт түзүлгөндөн кийин кызматтан өз арызы менен кетерин жарыялаган. Эгер мындай жараян ишке ашса, парламент спикер жоктугуна байланыштуу премьер-министр өлкө башчысынын милдетин аткарышы керек.

23:48 10.10.2020

Жаңы эле Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы курамы премьер-министрлик кызматка шайлаган Садыр Жапаров ички иштер министрлик кызматка Улан Ниязбековду дайындоо тууралуу буйрук чыгарды.

Жапаровдун колу коюлган буйрук социалдык тармактарга тарады. Маалыматты “Мекенчил” партиясынын коомдук-саясий кеңешинин мүчөсү Бакыт Аманбаев “Азаттыкка” ырастады:

“Ооба, ошондой буйрук чыкты. Эртең Ниязбеков министрликтин жеке курамына тааныштырылат”.

Бакыт Аманбаев вице-премьер-министрлик кызматка ким дайындалары азырынча белгисиз экенин кошумчалады. Ал Эркин Асрандиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбаганын, бирок 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына башка өкмөт мүчөлөрү менен чогуу келбегенин белгиледи.

Улан Ниязбеков ИИМде каржы-чарба бөлүмүн башкарып турган. 2012-жылы жүк ташуучу автоунааларды сатып жиберген деген негиз менен иши Башкы прокуратура тарабынан каралып, мыйзам бузуулар табылбаганы кабарланган. 2014-жылы кызматынан кетип, 2015-жылы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен барган.

21:27 10.10.2020

Жапаров: Жээнбеков өз арызы менен кетсе "экс-президент" деген макамы калат

Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен кызматынан баш тарткан соң "экс-президент" деген макамын сактап калат.

Бул тууралуу 10-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке бекиген Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эгер мыйзам бузууга барганы аныкталбаса, Жээнбековго эч кандай куугунтук уюштурулбайт.

Жапаров ошондой эле ишембиде Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп сүйлөшкөнүн жана ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө макул болгонун билдирди.

"Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен кызматтан кетсе, экс- президент деген макамы сакталып калат. Эгер импичмент менен кетсе, кылмыш иши козголмок", - деди Жапаров.

Ал ошондой эле кийинки президенттик шайлоого катышуу боюнча азырынча чечим кабыл ала электигин кошумчалады.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти. Бул жыйын жүрүшүндө парламент спикери катары жарыяланган Мыктыбек Абдылдаев кызматын тапшырганын билдирди.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу өкмөт түзүлгөндөн кызматтан өз арызы менен кетерин жарыялаган. Эгер мындай жараян ишке ашса, парламент спикер жоктугуна байланыштуу премьер-министр өлкө башчысынын милдетин аткарышы керек.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен "бийликти басып алуу аракети" катары баалаган.

20:54 10.10.2020

Садыр Жапаров Бажы кызматынан мурдагы төрагасы Райымбек Матраимовду күч органдары издеп жатышканын жаңы бекитилген өкмөт башчы Садыр Жапаров 10-октябрда өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Ал «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып,

- Райым Матраимовду азыр издеп жатышат. Мага жеткен маалымат боюнча күч органдары издеп жатышат, - деп айтты.

Жапаров ошондой жыйындын жүрүшүндө башка журналисттердин дагы Матраимов тууралуу суроолоруна жооп берип жатып «Мен жаңы эле ишке киришип атам. Раим Матраимов боюнча материалдарды карайбыз» - деп жооп берди.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти.

"Азаттыктын" журналисттик иликтөөлөрү Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов түзгөн коррупциялык схеманы ашкерелеген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

Бир катар саясий кыймылдар 8-9-октябрь күндөрү Жапаровдун өкмөт башчылыкка бекитилбешин талап кылган акцияларды өткөрүштү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG