Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

"Асман": чет элдиктер менен келишим, алмашкан жетекчи


"Асман" шаары курулат деген жер. Ысык-Көл.
"Асман" шаары курулат деген жер. Ысык-Көл.

Ысык-Көлгө “Асман” шаарын куруу үчүн франциялык үч компаниянын өкүлдөрү менен 5 млрд. долларлык келишимге кол коюлганы айтылды.

Жерди топографиялык изилдөө, трансформациялоо иштери жүрө элек.

Ал арада “Асман” шаарын куруу дирекциясынын башкы директору алмашты. Ишкер Тимур Файзиевдин ордуна Руслан Акматалиев дайындалды.

Акматалиевдин "Азаттыкка" ырасташынча, президент Садыр Жапаров аны Асман шаарын куруучу мамлекеттик дирекциянын башчысы кылып 12-апрелде бекиткен.

Ал шейшембиде долбоорго инвестиция салууну көздөгөн франциялык үч компаниянын өкүлү менен мамлекет башчысы жолугуп, демилгелери менен таанышканын билдирди.

Руслан Акматалиев.
Руслан Акматалиев.

"Биз азыр француз инвесторлору Ысык-Көлгө келип шаар курат деген жер менен таанышып жатабыз. Франциядан “Финантреп Аспир”, “Меркюро” жана “МЕДЕФ” компаниясынын өкүлдөрү келди. Биз алар менен Асман шаарын куруунун алгачкы этабына беш миллиард долларлык келишимге койдук. Алар жалпысынан 20 миллиард доллар бөлүп берүүгө даяр".


Акматалиев буга чейин “Асман” шаарын куруу дирекциясынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген. Ал 2018-жылы түзүлгөн "РС Компани" деген турак жай жана башка имараттарды куруу компаниясынын жетекчиси. Ал шаарды курууга башка дагы инвесторлорлор каралып жатканын, жергиликтүү ишкерлер дагы чакырыла турганын кошумчалады. Бирок кайсы өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ачыктаган жок.

Француз инвесторлору менен бирге Кыргызстанга шаар куруу боюнча адис Бруно Карлье дагы келген. Ал Францияда экосмартсити боюнча дипломдуу адис, ошондой шаарларды курганы мурда айтылган. Ал "Асман" шаарына курулчу турак үйлөрдү 3-4 кабаттан ашырбоону сунуштаган. Алар менен биргеликте кыргызстандык архитекторлор шаардын планын иштеп чыгышат.

"Ал бизге "бардык шаарлар жогору карай өсүп жатат, андай бийик имараттары бар шаарда жашоо ыңгайлуу эмес, адамды муунтуп койгондой сезилет" деди. Ошондуктан жашаган үйлөрдү 3-4 кабат кылып, соода борборлорун бийигирээк кылса болоорун сунуштады. Азыр эл деле асфальттан чарчады. Экологиялык таза шаар болгондуктан, абдан көп жашылдандыруу иштери жүрөт. Инвесторлорду шаар курула турган участокко алып барганбыз. Экология үчүн тынчсыздандык эле, алар "бул жак сонун турбайбы" деп жактырышты. Азыр ал жерде эч нерсе өспөйт, анткени суу жок. Долбоор курулганда тазалоочу жайлар дагы салынат. Бардык суу ошол жакка түшүп, жаңы технология мененфильтрленип шаарды жашылдандырууга кетет".

Ушул убакка чейин жерди топографиялык изилдөө, трансформациялоо иштери боло элек. Долбоор жетекчилиги аймак дагы өзгөрүшү ыктымалдыгын айтууда. Шаар 4 миң гектар жерди ээлейт деп болжолдонууда. Ал эми болжол менен курулган турак жайдын 10% мамлекетке берилет.

"Асман" Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын тоо тарабына түшөрү пландалган. Учурда Чырпыкты айылына жакын жер дагы альтернатива катары каралууда.

Мындай шаарчаларды өлкөнүн башка аймактарына куруу дагы каралып жатканы айтылды.

Шаар куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын мурдагы башчысы, “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары таанылган ишкер Тимур Файзиев буга чейинки жасалган иштер тууралуу социалдык тармактарга видео кайрылуу чыгарды. Иштен кеткен себебин айткан эмес.

"Үч айдай убакытта ар кандай инвестициялык топтор менен 40тай жолугушуу өткөрүп, долбоордун концепциясын иштеп чыгууга өтө жакын калганбыз. Инвестиция алыш үчүн сөзсүз түрдө иштелип чыккан башкы план керек. Ал үчүн маалыматтар керек, аны топтоо үчүн үч айдан алты ай талап кылынат. Ушул убакыт аралыгында бул иштерге техникалык университеттин профессорлорунан турган Стамбулдагы кеңсе, Дубайдагы өнөктөшүбүз тартылды".

Файзиев мындан ары дагы кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Инстаграмдагы Asman_ecocity баракчасына жүктөлгөн видеодо буга чейин Файзиев баштаган топ “Асман” шаарын кеңири талкуулап, Кытай – Алматы – Асман жогорку ылдамдыктагы поезд жүргүзүү планын да айтышкан.

Тимур Файзиев бул кызматка быйыл жыл башында дайындалган. Ага чейин анын аты мыйзамсыз курулуштар боюнча кылмыш иштерде аталып, убагында издөө дагы жарыяланган.

Анын дирекциянын башчылыгына дайындалышы коомдо чоң талкуу жараткан.

Руслан Акматалиев да убагында Министрлер кабинетинин Файзиевди бул кызматка дайындоосуна нааразы болуп чыккан.

"Асман" шаарын курууга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөйт, ал толугу менен инвестор, ишкерлердин көмөгү менен ишке ашары айтылган. Андыктан бул маселе парламентте талкуулана элек. Ири каражатты жана убакытты талап кылган бийликтин дымактуу долбоорунун ишке ашуусунан күмөн санагандар жок эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов реалдуу инвесторлор, жасалып жаткан иштер тууралуу ачык айтылуусун туура көрөт.

Улукбек Ормонов
Улукбек Ормонов

"Келишимдерди көрмөйүнчө айтыш кыйын. Негизи өтө дымактуу долбоор, ошондуктан бир нерсе айтуу азырынча эрте. Албетте алдыга максат койгон жакшы. Ысык-Көлдүн жээгине ушундай чоң шаар курула турган болсо эң башкысы экологияга көңүл буруш керек. Эгер чын эле инвесторлор келип, акчасын салып жатса бул жакшы көрүнүш болмок. Болгону ачык айтып койсо жакшы болот эле", - деди эл өкүлү.


Ишкер, ЖИА бизнес-ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов ата мекендик ишкерлердин долбоорго тартылышы боюнча пикирин айтты.

"Жергилктүү инвесторлор кандай шарт менен кирет, жер тилкеси сатылабы же бекер берилеби? Ошонун баары боюнча маалымат бериши керек дирекциябы же Инвестиция министрлигиби. Азыр ал жер бош талаа болуп жатат. Ал жерге инфратүзүм тартылып келинип, жолдор салынып, биринчи курулуштар салынып баштаса ишкерлер келечегин карап өздөрү эле бармак".

Президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна "Асман" деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган.2021-жылы октябрь айында долбоорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Анын чыгашасы бюджеттен тышкары Кыргызстанда тыюу салынбаган каражаттардан каржыланат. Жаңы мекеменин башкы директорун Министрлер кабинети дайындайт жана бошотот. Эки орун басары болот, аларды кызматка дайындоо жана бошотуу укугу башкы директорго берилген.

"Асман" шаарынын макети.
"Асман" шаарынын макети.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, "Асман шаарынын курулушуна жол жок" деп аталган кыймыл түзүлгөн. Кыймылдын уюштуруучулары Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кирерин, шаар курулса экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал экени билдирип келет.

Алар долбоорду жокко чыгарууну өтүнүп өлкө жетекчилерине, башкы прокурорго кайрылышкан.

Ал эми бийликтин планына ылайык, шаар 7-10 жылдын аралыгында курулат. Үстүнөн караганда комузга окшош болору айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG