Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Ишкерге издөө жарыяланышы талкууга түштү


“Элит Хаус” (Elite House) курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев.
“Элит Хаус” (Elite House) курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев.

“Элит Хаус” (Elite House) курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевге издөө жарыяланды. Мунун алдында аны камоо тууралуу сыртынан чечим чыккан. Ишкерге жана ал ээлик кылган ишканага жер тилкелерин алуудагы жана курулуштарды салуудагы мыйзамсыз аракеттери үчүн айып тагылган. Бул жагдай бизнес чөйрөдө жана коомчулукта талкууга түштү.

Иштин чоо-жайы

Тимур Файзиевге байланыштуу соңку чараларды анын үстүнөн тергөө иштерин алып барып жаткан Аскер прокуратурасы кабыл алды. Бул соттун чечиминин негизинде жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын Маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова “Азаттыкка” буларды билдирди:

Башкы прокуратура
Башкы прокуратура

“Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан жеке ишкер Тимур Файзиевди издөө жарыяланды. Ал коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катышы бар деп шектелүүдө. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат”,- деди ал.

Мунун алдында тийиштүү тергөө тобу Файзиевдин бөгөт чарасы боюнча сотко өтүнүч келтирген эле. Ишти караган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы аны сырттан камакка алууну чечкенин мекеменин басма сөз кызматкери Айзада Момунова маалымдады:

Биринчи май райондук соту
Биринчи май райондук соту

“Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 27-майындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Т.А.Файзиевге карата бөгөт коюу чарасы катары сырттан камакка алуу түрү тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө изоляторуна деп белгиленди”.

Маалыматта айтылгандай, “Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Жазык кодексинин “Кылмышка кошо катышуу” (43-берене, 2-бөлүк) жана “Коррупция” (319-берене, 1-бөлүк) беренелери менен шектелүүдө. Бул кылмыш ишин ага Аскер прокуратурасы козгогону кабарланууда.

Ушул тапта Файзиевдин өзү кайда экени белгисиз. Социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында акыркы жолу ал Мальдивы, Бали аралдарында жана Дубай шаарында саякаттап жүргөн видеолорун жайгаштырган.

“Элит Хаус” компаниясы болсо жагдай боюнча расмий билдирүү таратып, маалымат бере албай турганын кабарлады:

“Элит Хаус” (Elite House) курулуш компаниясынын логосу.
“Элит Хаус” (Elite House) курулуш компаниясынын логосу.

Тимур Файзиевге байланыштуу комментарийди тиешелүү компетенттүү органдар гана бере алышат. Тимур Файзиев Elite House фирмасынын башкы директорлук милдетин 2020-жылдын августунда эле өткөрүп берген. Компания штаттык режимде иштеп жатат, курулуш иштери жадыбалга ылайык жүргүзүлүүдө. Үлүшчүлөрдүн жана компаниянын өнөктөштөрүнүн алдындагы бардык милдеттенмелер өз убактысында аткарылат”,-деп жазылган компаниянын “Фейсбуктагы” баракчасында.

Айыптоонун төркүнү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы быйыл январь айында Бишкек шаарындагы архитектуралык курулуш көзөмөл тармагында системалуу түрдө шаар курууга шайкештиги жана уруксат берчү документтери жок көп кабаттуу үйлөрдү куруу фактысын аныктаганын билдирген.

“Ири курулуш компанияларынын бири көзөмөлдөө жана уруксат берүү, курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөгөн жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин тобунун жумушун пайдаланып, узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келгени такталды. Ошол эле учурда, мыйзамсыз орнотулган объектилер, белгиленген ченемдерди бузуу менен, курулуш-монтаждоо иштери үчүн зарыл болгон инженердик тармактарга мыйзамсыз кошулган. Жооптуу жогорку кызматтагы кызматкерлер жана иштеп чыгуучулар тарабынан жасалган мындай аракеттер ошону менен келечектеги жашоочулардын ден соолугуна, ошондой эле жакын жайгашкан турак үйлөргө техногендик кырсыктын жогорку тобокелдиктерин жаратат”,-деп айтылган атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК фирма курган турак жайлар шамалдоо (аэрация) режимин эсепке албастан курулганын маалымдап, белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузуу менен курулган имараттар, милдеттүү түрдө бузулушу керектигин эскерткен.

Мекеме кине коюлуп жаткан мамлекеттик органдын, андагы жооптуу кызматкерлердин жана ири курулуш компаниянын атын ачыкка чыгарган эмес. Бирок маалыматка “Элит Хаус” курулуш компаниясына таандык турак жай курулуштарынын сүрөттөрү тиркелген.

"Элит Хаус" компаниясына таандык үйлөр. УКМК бул имараттар мыйзамсыз курулганын билдирген.
"Элит Хаус" компаниясына таандык үйлөр. УКМК бул имараттар мыйзамсыз курулганын билдирген.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул факт боюнча төрт ай мурда эле сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын кабарлаган. Ошентсе да иликтөөнү кайсы негиз менен Башкы прокуратуранын Аскердик прокура бөлүмүнө өткөрүп бергени белгисиз.

“Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев январда “Инстаграмдагы” баракчасы аркылуу буларды билдирген эле:

Тимур Файзиев
Тимур Файзиев

“Окуянын чоо-жайы тууралуу мен кийин да түз эфирден маалымат берип турам. Жалпысынан абал жакшы. Биздин үлүшчүлөргө кабатыр болбогула деп айта алам. Бардык кыйынчылыктарды чечсе болот. Биздин компания сегиз жылдан бери иштеп келе жатат. Миңдей үлүшчүбүз бар. Жети жылдан ашуун убакыт ичинде өлкө казынасына 500 миллион сомдон ашуун салык төктүк, миңдеген адамдарды иш орундары менен камсыз кылуудабыз”,-деп жазган.

Тимур Файзиев Жалал-Абад облусунда туулган, 40 жашта. Өзүнүн айтуусунда 1990-жылдары бизнести сагыз жана курут сатуудан баштаган. Кийин тор бизнесин уюштуруп, курулуш компанияларында сатуучу болуп эмгектенген. Андан соң “Элит Хаус” компаниясын түптөгөн.

Файзиев социалдык тармактарда активдүү иш алып барат. “Илимдер китепчеси” блогун алып барган, соңку мезгилдерде “Бизнес өкүл ата” долбоорун уюштуруп келген. Кошумча “Кыргызстандын бизнес боюнча курамасы” (“Сборная Кыргызстана по бизнесу”) аттуу топту Аскар Салымбеков жана Зарылбек Нышан уулу менен чогуу негиздеген.

Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматтарга ылайык, “Элит Хаус” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору катары Руслан Нармедов Нармеджанович көрсөтүлгөн. Кожоюндары катары Тимур Файзиев Азаматович жана Шахинура Нармедова Нармеджановна турат.

Кыргызстандын курулушчулар бирикмесинин төрагасы Аскарбек Молдобаев Файзиевге тагылган айыптар жөнүндө мындай ойлору менен бөлүштү:

Аскарбек Молдобаев
Аскарбек Молдобаев

“Эми аны эмне себептен камаганын мен так билбейм. Балким жерди кимдир бирөө менен келишип алган, же уруксат кагаздарын толук бүтүрбөй баштап алган. Эгер бардыгын мыйзам чегинде өткөрүп, курулушту баштайм десе, бир-эки жыл убакыт кетип калат. Негизи, бардык чатактар ушул жерден чыгып жатат. Эгер жер мыйзамсыз берилсе же үй мыйзамсыз курулса, ага уруксат бергендерди жоопко тартсын. Мыйзамсыз курулуп атса, Экотехинспекциянын кызматкерлери эмне үчүн, текшерген эмес, мына ошолордон сурасын. Жерди же уруксат кагаздарын бирөө бербесе ал жөн эле ала албайт да. Ал уруксат берүүчү органдарды мажбурлап, коркутуп кол койдурбаса керек дейм. Акча берген күндө да менимче, ал аргасыз түрдө бериши мүмкүн. Болбосо муниципалдык жер болсо, аны аукционго чыгарат, ошонун негизинде утуп алат. Канткен күндө да маселени бирдеме кылып чечиш керек. Ал жерге завод курулбагандан кийин же башка нерсе кылбагандан кийин, айыппулдарын төлөтүп, кайра уруксат берип коюш керек. Ишкерди камап салган болбойт. Ал иштесин, жумушчуларды иш менен камсыз кылсын, маяна төлөсүн, салык төксүн”.

Курулуш жана бизнес-чөйрө

Деген менен коомчулукта, өзгөчө Бишкекте курулуш тармагындагы ишкерлер турак жайларды жана башка имараттарды көбүнүн документтерин толук бүтүрбөй эле иш жүргүзөт деген түшүнүк калыптанып калган. Ошол себептүү аларды айрымдар “курулуш мафиясы” деп да атап алышкан. Бул топтогулар мамлекеттик органдардын кызматкерлерин сатып алуу менен же артында кайсы бир аткаминерлерди калканыч (крыша) кылуу менен иш жүргүзөрүн белгилешет.

Курулушчулар бирикмесинин жетекчиси Аскарбек Молдобаевдин оюн угалы:

“Негизи азыр коомчулукта аябай жаман нерсе пайда болуп калды, “курулуштан пайда көбөйүп кетти”, “ушулар байып кетти” деп эле ушул тармактагыларга көз артып калышты. Анан ушулардан бирдемени өндүрүп алабыз дегендер көбөйдү. Үйлөр мыйзамдуу болгон күндө дагы, бардык процедуралардан өтүп ишти баштап жаткан күндө дагы, кайсы бир кызматтагылар келип ар кайсы шылтоону айтып чыгышат. Алардын оозун басууга аргасыз болосуң. Мамлекеттик курулуш мекемеси уруксат берген күндө дагы, кайра-кайра текшерип туруп алышат. Башкы прокуратура - көзөмөлдөөчү орган да, тиягына да, биягына да тартпай, жыйынтык чыгарышы керек. Баары дебейм, бирок арасындагылары курулушту дароо эле жаап, кылмыш ишин ачып, сотко берип кысымга алганга өтүп алышты. Кыскасы, бүгүн курулуш тармагында абал өтө оорлоп кетти”,- деди ал.

Арийне, курулуш тармагындагы ишкерлер түйшүккө кабылганы тууралуу билдирүүлөрдү мурдатан эле айтып келишкен. Кийин башка тармактагы бизнес чөйрө да текшерүүлөр жана куугунтук күчөгөнүнө даттанышкан.

Буга бир катар ишкер чарбаларына карата ачылган иштер негиз болгон. Анын ичинде «Спекулянт» дүкөндөр тармагына, «Нават» чайканасына, «Гергерт спорт» дүкөнүнө, Бишкектеги La Maison ресторанынын кожоюнуна козголгон кылмыш иштери резонанс жараткан.

Буга Бизнес ассоциациялар, Эл аралык ишкерлер кеңеши, «Адилет» укуктук клиникасы, Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчы институту да коңгуроо каккан. Алар Кыргызстанда бизнеске болгон кысым кескин күчөп кеткенин эскертип, мунун айынан ишкерлер чет жакка ооп жатканын белгилешкен.

Аз күн мурда TV1KG телеканалынын “Иш күндүн кечи” берүүсүнө келген Кыргызстандын Бизнес-Акыйкатчысы Робин Орд-Смит мындайча пикири менен бөлүшкөн:

Робин Орд-Смит
Робин Орд-Смит

“Бизнес-Акыйкатчынын кеңсеси мындан 16 ай мурда ачылган. Ошондон бери биз түрдүү ишкерлерден абдан көп көйгөйлөр боюнча арыздарды кабыл алдык. Азыр алардын негизгиси мамлекеттик органдардын чечимдерине байланыштуу болуп жатат. Кыргызстандагы бизнес алгач пандемиядан улам жабыр тартты, банкрот болушту, көп адамдар жумушсуз калышты. Ушунун бардыгы өлкөдөгү олуттуу экономикалык кризиске алып келди. Андан сырткары өлкөдөгү саясий кризистер бизнеске чоң таасирин тийгизди. Октябрдагы шайлоонун адилетсиздиги, көчөдөгү туруксуз абал, бийликтин алмашышы, саясий-экономикалык абдан татаал убакыт болду. Жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер, инвесторлордун баары туруктуулукту жана ишкерлерге көйгөй жаралса ал мыйзам чегинде чечилишин гана каалап турушат. Ошол туруктуулук жана мыйзамдын кепилдиги азыр жетишпей турат",- деди ал.

Узаган аптада Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов да коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалып, эки айга камакка алынды. Ал да “Елизавета”, “Столица строй” жана “Ливерпуль” курулуш компанияларына ээлик кылгандыктан, айрымдар муну көп кабаттуу үйлөрдү куруудагы мыйзамсыздыктар менен да байланыштырышкан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG