Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Кыргызстанда доллар кескин кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын банктарында АКШ долларынын курсу кескин көтөрүлүп бир доллар 95 сомго чейин чыкты. Акча алмаштыруу жайларында доллардын тартыштыгы пайда болуп, кээ бир жерлерде АКШ акчасы сатылбай калды.

Улуттук банк муну Орусия менен Украинанын ортосундагы чырдан улам Батыштын Орусияга киргизген жаңы экономикалык санкцияры менен байланыштырды. Орусиянын өзүндө да рублдын долларга карата куну төмөндөгөн.

Доллардын курсу асман чапчыды

Кыргызстанда 24-февраль эртең менен бир АКШ доллары 84,9 сомдон сатылып жатса, түштөн кийин доллардын курсу 95 сомго чейин көтөрүлдү. Кээ бир банктардын мобилдик тиркемелеринде валюталарды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү убактылуу өчүрүлдү.

Эң көп акча алмаштыруу жайлары жайгашкан Бишкектин Жусуп Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишине доллар сатып алуу үчүн келген кишилер күндөгүдөн көп. Бирок акча алмаштыруучу жайлар АКШ валютасын сатпай жатышты. Бишкек шаарынын тургуну Дастан да доллар сатып алуу үчүн келип ала албай кетти.

“Элдин баары эле түшүнбөй калды го дейм. Кээ бирөөлөр доллар кымбаттап кетерин билсе, көп киши билбей деле калды да. Айрымдар долларды сатып алганга жетишти. Карызы, насыясы бар адамдар болсо күйүп кетти. Башка өлкөлөрдө деле ажиотаж болуп атат. Бизде болсо көрүп атасыңар да кишинин баары акча алмаштыруу жайларында жүрөт”.

Өлкөдө доллар 2020-жылдын апрель айынан бери ушул жолу чоң секирип жасап дээрлик 10 сомго көтөрүлдү. 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ валютасы 2020-жылы мартта үч сомго кымбаттап, апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Буга дүйнөдө мунайдын баасы 30% түшүп кеткени себеп болгон. Андан бери доллардын баасы ушул сумманын тегерегинде кармалып келаткан.

Бишкектеги акча алматыруу жайларынын бири. 24-февраль, 2022-жыл.
Бишкектеги акча алматыруу жайларынын бири. 24-февраль, 2022-жыл.

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногундагы олку-солку абалды Украинадагы акыркы окуялар боюнча АКШ жана Европа союзуна кирген өлкөлөр Орусияга киргизип жаткан санкциялар менен байланыштырды. Мекеме ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рыногундагы жагдай банктын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Ошол эле кезде Орусиянын экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертти. Улуттук банк өлкөдөгү доллардын тартыштыгын жоюу үчүн 13 миллион 50 миң доллар интервенция жасады.

“Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн алты айын жабат. 2022-жылдын 22-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерви 2 792,4 миллион АКШ долларын түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Орусиядагы мигранттардын чөнтөгү жукарды

“Акча алмаштыруучу жайлар” ассоциациясынын төрөгасы Думан Рыскулов мындай деди.

Думан Рыскулов.
Думан Рыскулов.

“Кыргызстанда Орусия менен түз иштеген соодагерлер көп. Негизи эле Орусияда доллар кымбаттаган сайын бизге сөзсүз таасирин тийгизет. Санкцияга кабылганда да ушундай эле кырдаал. Биздин миллиондун тегерегиндеги жарандарыбыз Орусияда мигрант болуп иштеп жүргөнүн да унутпашыбыз керек. Алар айлыкты рубль менен алат. Мисалы, алар 10 миң рубль маяна алып Кыргызстанга салса ал 11 миң сом болчу. Азыр рубль түшүп кетти. Эми Улуттук банк абалды эске алып доллардын курсун көтөрөбү деген ойдомун”.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2021-жылы чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 миллиард доллардан ашык каражат которгон. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет. Башка өлкөлөрдөн 12,5 миллион, АКШдан 43,2 миллион доллар которулган.

Расмий эсепте Орусияда ушул күндөрү миллиондон ашык кыргызстандыктар мигрант болуп иштеп жүрөт. Орусияда да доллар кымбаттап бир АКШ валютасы 85 рубль, евро 95 рублга чыкты (24-февралга карата). Бир рубль кыргыз сому менен 98-99 тыйынга барабар болуп калды. Бул кыргызстандыктардын капчыгын жукартарын Москвада иштеп жүргөн мекендешебиз Урмат айтып берди.

“Он күн мурун эле Кыргызстанга 5000 рубль салсам ал 5600 сом болуп аткан. Азыркы курс менен 5000 рубль 4500 сомго жетпей калчудай. Бир айлык айлыгыңды эсептесең 10 000 сомдой жетпей калат экен”.

Күн сайын көтөрүлгөн курс

Кыргыз сомунун долларга карата катышы соңку 12 жылга жакын убакта дээрлик төрт жолу секирик жасады. 2009-2011-жылдары 39 сомдон 46 сомго чыкса, 2014-2016-жылдары 48-50 сомдон 67-69 сомго көтөрүлгөн. Үчүнчүсү 2020-жылы анда 73-74 сом, кийин 84-85 сом болсо, быйыл 24-февралда 94-95 сомду чапчыды.

Улуттук банк мындай кырдаалда рынокко доллар сатат. 2020-жылы өлкөнүн негизги банкы жалпысынан 29 интервенция жасап, 466 миллиондой доллар, 2021-жылы 14 жолу интервенция жасап, жалпы суммасы 633 миллион доллар саткан. Быйыл январь айында эле эки жолу интервенция кылып 152 миллиондон ашык долларды саткан.

Экономист Расул Түлеев доллардын курсу Украинадагы соңку кырдаалды эске албаганда деле кымбаттай турганын айтып, Улуттук банк АКШ акчасынын баасын жасалма жол менен кармап келатканын кошумчалады.

“Доллар кымбаттаса негизги товарлардын да баасы жогорулайт. Социалдык чыңалууну басыш үчүн банк доллардын курсун түшүрүүгө аракет кылат. Бирок бул убактылуу эле. Барып-барып доллардын курсу 100 сомдун тегерегинде болуп калат го. Негизи сомдун реалдуу баасы андан да арзан да”.

Улуттук банктын сайтында доллардын расмий курсу 84,8 сом болуп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG