Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Ысык-Көл: айылдыктарды түйшөлткөн Асман шаары


Асман шаарынын долбоору.
Асман шаарынын долбоору.

Ысык-Көлдөгү Асман шаары курула турган болсо, 62 үйлүү Кызыл-Өрүк айылы бузулат. Ошондой эле шаар түшө турган жердеги элдин үлүш жерлери мамлекетке алынышы зарыл. Бул маалымат Кызыл-Өрүк айылынын тургундарын бушайман кылууда.

Кызылөрүктүк 45 жаштагы Замирбек Байгелдиев мал чарбачылыгы менен тиричилик кылат. Чакан алма багын да иштетип, беш баласын бакканга жете турган кирешеси бар. Чарбасынан түшкөн кирешеден акырындап курулуш иштерин да баштап алган. Себеби, Замирбектин 18 жыл мурун жеке колдон алган эски тамынын документи жок, эскилиги да жетти. Бул үйлөр совет мезгилинде айылдагы консерва чыгарган заводдо иштегендер үчүн деп салынган экен.

"Курулушту токтоткула, чоң үйлөрдү курбагыла деген. Мен бул үйдү оңдоп, кичине кошуп салайын дегем. Азыр курулуш материалдыр кымбаттап кетти. Мына, курулуштун кыйласын баштап алгам. Азыр оюм чачыранды болуп атат. Шаар салынса, биз кайда барабыз, эмне иш кылабыз?",-дейт Замирбек.

Жаңы курула турган болочок Асман шаарында жалаң электромобилдер болот деп айтылган. План боюнча акылдуу шаар, акылдуу үй, бала бакчалар, мектептер менен университеттер, эң заманбап ооруканалар, ден соолукту чыңдоо комплекстерди камтыган шаар болушу керек. Андан тышкары калаада бизнес жана соода борборлору, мейманкалар, муз тебүү сарайы, стадион, концерттик зал, резиденция, банктар каралган.

Кызыл-Өрүк айылы.
Кызыл-Өрүк айылы.

Айыл тургундарынын бири Мирбек Асанбаев 4 миң гектар аянтка түшө турган бул жомоктогудай шаардын келечегине ишенбей турат.

"Шаардын аймагы Жырык-Жар деген сайдан тарта кийинки Кең-Сайга чейин, анан кайра Тору-Айгыр айылындагы сайдын башы менен кирип, көл жээги менен кетет деп атат. Биздин угушубузча ушундай болот экен. Бирок ушул күнгө чейин өкмөттөн бирөө жарым келип, толук маалымат бере элек. Бул бош жер эмес, айылда 51 үй бар, 250 түтүндүн участогу бар. Мен өзүм болочоктогу Асман шаарына каршымын. Себеби, өзүмдөн сырткары менин балдарым бар, келечекти ойлош керек. Айылдын жерине шаарды салып салса, биздин неберелерибиз кайда барат. Мисалы, үй салганга участок берип жатканда жер аз деп, 12 сотыхтан эмес 8 сотыхтан берген. Анан 4 миң гектарды кайдан алышты? Анын үстүнө жаңы шаардан биз үй сатып ала албайбыз, анткени оюбузга келбеген акча болот да".

Кызыл-Өрүк айылынын тургундары.
Кызыл-Өрүк айылынын тургундары.

Өкмөт айтып жаткан 4 миң гектар жерде жалпы 641 субъект бар. Анын ичинде 134 жер участогу, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду - 56 гектар, токой чарбага тиешелүү 127 гектар, коруктун балансында - 120 гектар. Ошондой эле коңшу Тору-Айгыр айыл элинин сугат жерлери да жаңы шаар курулат деген жерде жайгашкан. Кызыл-Өрүк айылындагы 62 түтүн эл да курулуштарын токтотуп, өкмөттүн жообун күтүп отурат.

"Инвесторлор салат деди. Демек, бул жер акчасы көп, байлардын дачасы болот турбайбы. Бүтүндөй Ысык-Көлдү чогултуп келсе да жаңы шаар толбойт. Ким жашайт бул жерде? Шаар куруунун максаты эмне? Көңүл ачуучу комплекстер болобу же казино ачылабы? Ал тууралуу эч маалыматыбыз жок. Негизи эле Кызыл-Өрүк айыл элинин тагдыры оор. Консерва чыгарган завод иштеп турганда жакшы болчу, балдар окуп, биз иштеп. Анан союз тарап кеткени балдарыбыз жөө жалаңдап коңшу айылдагы мектепке барып атышты. Ошентип ар кошкон эл эптеп кайра оңолуп келе жатканбыз. Эл үй салып, балдарына участок алып дегендей. Эми алар эмне болот? Кандай үй берет бизге? Же ошол жаңы шаардын четине эптеген үй салып туруп бизди киргизип коебу? Азыр биз туңгуюктабыз. Албетте, жаңы шаар салынышына каршы эмеспиз, мунун өзү өнүгүү дечи. Бирок, азыр биз эч нерсени түшүнө да элекпиз",-дейт пенсионер Ажаргүл Бакасова.

6-июнда президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Равшанбек Сабиров туристтик жана инвестициялык кудурети жогору аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу жыйын өткөргөн. Анда Ысык-Көл облусуна Асман деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялап, 7-10 жыл ичинде шаар туруп калат деген.

Равшанбек Сабиров жаңы шаар курула турган эки айылдагы элдин тагдыры кандай болоору тууралуу суроого жооп берди.

"Келечектеги экологиялык шаарды куруу боюнча “Асман” мамлекеттик дирекция түзүлүп жатат. Дирекциясынын кызматкерлери Тору-Айгыр айыл аймагынын имаратында өзүнчө кабинетте отуруп, жергиликтүүлөрдүн ар бири менен иш алып бара турган болду. Жер участогу, үлүш жерлери бар айыл тургундарына башка айылдардан ошондой эле жерлер берилет. Ал эми үйлөрү барларга жаңы шаардан батирлер берилет. Ошондой эле биз генпланга ылайык, медицина туризмин жаңы шаарда ишке ашыралы деп турабыз. Жер тилкесин бергиси келбегендер инвестия аркылуу медициналык борборлор менен иш алып барса болот. Мен жакында эле Тору-Айгыр коомунун аксакалдары менен кезигип, жай отуруп сүйлөшкөм. Баары долбоорду колдоого алды деп айта албайм, арасында каршы чыккандар да болуп жатат. Бирок негизинен көпчүлүк бөлүгү туура жагынан кабыл алышууда".

Кызыл-Өрүк айылы.
Кызыл-Өрүк айылы.

Расмий маалыматка караганда, “Асманды” курууга болжол менен 20 миллиард АКШ доллары кетет. Сабиров долбоорго жеке инвестициялар тартыларын, азыр эки инвестор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. Курулуш 3 айдын аралыгында башталышы мүмкүн.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстанда ушу тапта 32 шаар бар. Эгемендик алгандан бери өлкөдө жаңы шаарлар курулган эмес.

Кыргыз бийлиги Ысык-Көлдүн боюна “Асман” деген экологиялык шаар куруу тууралуу планын өткөн айда жарыялады. Долбоор Бишкекке жүк келтирбөө, туризмди өнүктүрүүнү көздөйт. Бирок айрым адистер көлдүн экологиясы кандай болот деп чочулап, андан көрө бар шаарларды оңдоп, өндүрүштү жандантуу керектигин айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG