Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

"Альянс" Жанар Акаевге байланыштуу БШКны сотко берет


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

"Альянс" саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) гендердик квота тууралуу жобосун чукул өзгөрткөнү үчүн сотко бергени жатат. Мунун алдында Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиялык тизме менен шайланган аялдардын саны өзгөргөн.

Ага ылайык, "Альянстан" буга чейинки жободо белгиленгендей эки эмес, үч аял депутат мандат алары белгилүү болгон. Анда БШК депутат болчулардын тизмесине Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны кошкон жана бул чечим талаш-талкуу жараткан.

Ал арада президенттин администрациясы Садыр Жапаровдун аялы Айгүл Жапарова менен Токтобүбү Оргалчанын тааныш-билиштиги тууралуу сөздөрдү четке какты.


БШК 15-декабрдагы жыйынында партиялык тизме менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына кимдер мандат аларын жарыялаган.

Мекеменин Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Төлөгөн Айтикеев окуган тизмеде "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча кошулган.

"Шайлоодо "Альянс" саясий партиясы 106 миң 955 добушка ээ болуп, ал 8,35% түздү. Бул партиядан мандатты Айдарбеков Чыңгыз Азаматович, Сулайманов Алтынбек Турдубаевич, Исираилов Азамат Алмазбекович, Молдобекова Гүлкан Сакеновна, Алимжанова Нилуфар Якубжановна, Оргалча Токтобүбү алат".

Мунун алдында БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиялык тизме менен шайланган аял талапкерлердин саны тууралуу жобосун чукул өзгөрткөн.

Жаңы эрежеде үч мандат алган партиядан - бир, жети мандат алган партиядан - үч аял депутат келет деп жазылган жана мындай өзгөртүү негизинен жети мандаты бар "Альянс" партиясына гана тиешелүү экени белгилүү болгон.


Жанар Акаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып "Альянс" партиясынын юристтери сотко кайрылуу үчүн документтерди камдап жатканын билдирди. Ал БШКнын жетекчилиги гендердик квотаны өзгөртүү тууралуу жобону бир эмес, эки ирет караганын белгилеп, "адилетсиз буйрукту аткарды" деп айыптады.

"Менин таң калганым, шайлоо бүтүп, жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, конкреттүү адамдардын аты аныкталгандан кийин БШК өзүнүн токтомун өзгөрттү. Бул токтомдун өзгөрүшү бир гана "Альянс" партиясына, анын ичинде мага гана тиешелүү. Башка 90 депутаттын бирөөсүнө дагы тиешеси жок. Бул токтомду 13-декабрда БШКнын жетекчилиги БШКнын мүчөлөрүн "жогорку жактан буйрук түштү" деп кечки саат 8.30-9дарда чогултуп, ар бири менен сүйлөшүп өткөрө албай койгон. БШКнын мүчөлөрү ошондо "биз уят болобуз" деп айткан экен. Ушуга карабастан БШКнын мүчөлөрүн эки күндөн кийин "бейөкмөт уюмдар кат жазды" деген шылтоо менен кайра чогулткан. Ар кандай басымдар менен БШКнын таптакыр колдобой жаткан мүчөлөрү эки күндөн кийин такыр башкача сүйлөп калышыптыр. Алар менен сүйлөшкөндө "жогорку жактан буйрук берилди" деп айтып жатышты. Ким, кантип буйрук бергени аныкталып-тактала турган нерсе. Ушундай нерсе шайлоого чейин кабыл алынса мен макул болот элем. Бирөөнүн мандатын алып, башкага берип коебуз дегени бир чети күлкүлүү. Аны аялдар үчүн каралган квота тууралуу мыйзамга такап жатышпайбы, 30% кем болбошу керек деп. Туура, жети мандатты 30% бөлгөндө 2,1 % болот. Бул математикалык жөнөкөй эсеп, эгер 2,6 же 2,7 болсо ошондо үч мандатка оойт эле. Бирок ушундай эсепке деле карабай өзгөртүп коюшту. Менин парламентке келишимди бийлик каалаган жок. Буга чейин ар кандай жол менен өткөрбөй койсокпу деп жатышкан. Шайлоо бүткөндөн кийин анын жыйынтыгын жарыялоону 20 күнгө созуп, ошол убакыттын аралыгында ушул нерсени ойлоп тапканы өкүнүчтүү".

Президент Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын 30% гендердик квота боюнча кабыл алган жобосу тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Баарыңар эсеп-чотту жакшы билесиңер. Комиссия түзүп барып БШК менен биргеликте санап чыккыла. Мыйзам боюнча 30% кем эмес аял болуш керек деп турат. Эгер 30 пайыздан ашып кетип, анан эле БШК Жанардын мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарып жаткан болсо, анда иш козгоп, жоопко тарталы", - деген президент.

Өлкө башчысы өзгөргөн жобонун негизинде "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна депутат болчу Токтобүбү Оргалчаны өзү дагы, жубайы Айгүл Жапарова дагы тааныбай турганын айткан.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова соңку дооматтар тууралуу азырынча үн ката элек. Боршайкомдун гендердик квотаны өзгөртүү тууралуу жобосун колдоп добуш берген мүчөлөрүнүн айрымдары убактысы жок экенин айтып комментарий берүүдөн баш тартты, кээ бирлери боло телефондорун көтөргөн жок.

Бул жобого БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев гана каршы добуш берген.

"Менде оюндун шарттары оюнга чейин бекиши керек деген принциптер бар. Бул жобо шайлоого чейин өзгөрсө анда маселе жок эле, анын шайлоодон кийин өзгөргөнүн туура эмес деп эсептейм", - деди Жылкыбаев.

Буга чейин айрым жеригиликтүү басылмалар Токтобүбү Оргалча менен президент Садыр Жапаровдун аялы Айгүл Жапарова жакын мамиледе экенин жазышкан.

Анда журналисттер былтыркы октябрь окуяларынын тушунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөн автобустар Оргалчанын "Шыдыр Жол KG" ишканасына таандык экенин иликтеп чыккан.

Быйыл жайында Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары иш таштаган учурда Айгүл Жапарова жетектеген "Үмүт булагы" фонду 20 автобусту жүргүнчүлөрдү акысыз ташууга чыгарган. Аталган фонд кийинчерээк автобустарды "Шыдыр Жол KG" ишканасынан ижарага алганын бышыктаган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Токтобүбү Оргалча менен Айгүл Жапарованын байланышы тууралуу сөздөрдү четке каккан билдирүү таратты.

Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

"Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган процедуралык чечимдерди саясатташтыруунун, чайкоочулук кылуунун кереги жок. Биринчи айым Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

Токтобүбү Оргалча 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев БШК соңку чечимин бийликтин кийлигишүүсү менен чыгарды деген сөздөрдү негизсиз деп билдирди.

"Көпчүлүк эл деле ушул "гендердик саясатты катуу кармашыбыз керек, аял депутаттар аз чыгып калды, аял депутаттарыбыз шайланбай калды" деген ой-пикирлерди айтып келе жаткан. Анан эмнегедир ушул аял депутаттарды колдойлу, гендер саясатын жакшырталы деген БШКнын чечимине кайра тескери ойлор айтылып жатканына мен таң калып жатам. Эми бул жерде маселе Жанар Акаев тууралуу деле болбосо керек. БШКнын ишине кийлигише албайбыз. Бүгүнкү эң башкы саясат ар ким өзүнүн ишин кылышы, бири-биринин ишине кийлигишпеши керек. Президенттин администрациясы шайлоо учурунда БШКнын ишине кийлигишкен жок. Мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн кийлигишпөө керек. Жанагы айтылып жаткан сөздөрдүн баары далилсиз, ушак сөздөр. Мен деле БШКнын чечими тууралуу медиага чыккандан кийин билдим. Президентибиз Садыр Нургожоевич деле БШКнын жобосунда жанагындай өзгөрүү болуп жатканын жалпыга маалымдоо каражаттарынан билип отурат. Президентибиз "бир дагы мыйзамсыз кадам жасабайсыңар деп баарыбызга эскерткен. Ошондуктан эч кандай кийлигишүү болгон жок".

Токтобүбү Оргалча өзүнүн жарандыгы жана бийлик менен байланышы жөнүндө 16-декабрда "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу үн катты. Ал кыргыз жарандыгын алган учурда кытай жарандыгынан расмий баш тартканын, президент Садыр Жапаров жана аялы Айгүл Жапарова менен эч кандай тааныштыгы жок экенин, бирок азыркы бийликтин саясатын колдой турганын айткан. Өзүнө мандат мыйзамдуу тийгенин дагы кошумчалады.

“Эл ичинде мен жөнүндө аябагандай чоң ушак айланып жатат. Мени уйгур, кытай, тыңчы кылып атышат. Бул такыр чындыкка дал келбейт. Мен Ат-Башыдан кеткен чериктин кызымын. 1916-жылы чоң аталарыбыз Ат-Башыдан Кытайга үрккөн”, - деди Оргалча.

Соңку парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өттү. БШКнын маалыматына ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" - 222 005 добуш же 17.32%, "Ишеним" - 174 470 добуш же 13.61%, "Ынтымак" - 141 009 добуш же 11.00%, "Альянс" - 106 955 добуш же 8.35%, "Бүтүн Кыргызстан" - 90 223 добуш же 7.04%, "Ыйман Нуру" - 79 025 добуш же 6.17% алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG