Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:08

Жогорку Кеңеш: жаңы курамдын сапаты жана салмагы талкууда


Коллаж.
Коллаж.

Саясий айдыңда парламенттин жаңы курамы талкууланып, сапаты, өзгөчөлүгү жана кемчилигин талдоо башталды.

Добуштарды кол менен саноо аяктап, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында протоколдордун 99.96% системага киргизилди. Башкача айтканда бир шайлоо тилкесинин гана маалыматтары калды. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов учурда жумушчу топтор арыз, кайрылууларды карап жатканын билдирди.

“Мыйзам боюнча 20 күндүн ичинде чечим чыгарабыз. Азыр жумушчу топтор арыздарды карап жатат. Ал эми округдук шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу иш-чаралары каралууда”, - деди Бекматов.

Кол санактын жыйынтыгы боюнча беш пайыздык босогодон "Ата-Журт Кыргызстан” 16.99% , “Ишеним” 13.53%, “Ынтымак” 10.98% , “Альянс” 8.15% , “Бүтүн Кыргызстан” 6.94% , “Ыйман Нуру” 6.13% менен өттү.

Бирок, кайсы партияга канча мандат тиет жана кимдер келет, расмий жыйынтык чыга элек. Көпчүлүк жалпыга маалымдоо каражаттары босого чектен өткөн партиялардагы көп добуш чогулткан талапкерлердин жана гендердик квотаны эске алуу менен парламенттин болжолдуу курамын түзүштү.

Ал эми бир мандаттуу 36 шайлоо округунан депутат боло турган 34 талапкердин аты-жөнү белгилүү. Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округунан баарына каршы добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Парламентке кимдер келди?

Ошентип, болжолдуу тизмеде алтынчы чакырылыштын 30дай депутаты кайра келди. Жаңы курамда жашы 30дан эми ашкан ишкерлерден тартып, блогер, бийликти кескин сындаган активист, мурунку аткаминерлер бар.

Саясий серепчи Шаирбек Маматокторов мандат алары күтүлүп жаткан талапкерлердин тизмесин анализдеп, жаңы парламентке мындай баа берди.

Шаирбек Маматокторов.
Шаирбек Маматокторов.

“Конституциялык өзгөртүүлөргө туруштук берүүдө оппозициялык 20 депутат 70 депутатка каршы турганы калды. Ошондуктан бул парламент толук бойдон президенттин көзөмөлүндө болот. Бир мандаттуулардан байлар, эски саясатчылар келди. Ал эми партиядан бир аз тандоо болду. Элдин сүймөнчүктөрү лидерден көп добуш алды. Эл дагы эле тандоо деңгээлине жете элек экен. Бир округду жылдап багып, менчиктеп алгандарды шайлап, мыкты жаш, билимдүү талапкерлер өтпөй калды”, - деди Маматокторов.

Элдин талкуусундагы талапкерлер

Элдин элегинен өткөндөрдүн арасындагы коомчулук көңүл бурган талапкерлер кимдер? Коомдук тамактануучу жайларды, тамак-аш саткан дүкөндөрдү кыдырып, санитардык абал жөнүндө видео тарткан блогер Эрулан Кокулов, таанымал акын Мирлан Самыйкожо, диний насааттары менен белгилүү болгон мурдагы министр Нуржигит Кадырбеков, социалдык тармактарда бийликти кескин сындаган активист Орозайым Нарматовага мандат тийгени калды.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен бери оппозицияда жүргөн саясатчы Адахан Мадумаров, 2010-жылдагы 7-апрель окуялары боюнча айыпталып, жаза өтөп чыккан, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев, Ошто "таасирдүү фигура" аталган Ички иштер министринин мурдагы орун басары Сүйүн Өмүрзаков, камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаедин уулу Сеид Атамбаев, бийликти кескин сындап жүргөн эл өкүлү Дастан Бекешев мандат алганы турат.

Парламенттеги билдирүүлөрү элдин талкуусунда калган алтынчы чакырылыштын депутаттары Тазабек Икрамов жана Дастан Жумабеков да шайлоодо өз атаандаштарын утуп чыгышты.

Жарандык активист Нурсултан Акылбек бул парламенттин деңгээли 6-чакырылыштан төмөн болот деген пикирде.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

“2010-жылдагы эски “Ата-Журт” партиясындагылардын көпчүлүгү келди. 6-чакырылышта мыйзамды окуган, аны түшүнгөндөр, ачык пикирин билдиргендер бар болчу. Азыр баягы элдин кыжырына тийип, текст окуй албагандар, ага кошумча блогерлер өттү. Ашканага барып ээси менен урушкан башка, мыйзам жазган башка. Бул парламенттин сапаты мурункудан жаман болот”, - деди Акылбек.

Эл тандоосун жасады

Анткен менен Бишкектеги Октябрь райондук округу боюнча алдыга чыккан Дастан Бекешев эл тандаган талапкерлерге баа берүү туура эмес экенин белгилейт. Ал акыркы шайлоо системасында ар бир талапкердин шайлоочусу бар экенин эске салат.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Бул - элдин чечими. Мурун партия лидери тизмени чечип келген. Азыр ар бир талапкерди эл өзү чечти. Ошондуктан бул - элдин баасы. Баарынын артында шайлоочусу бар. Ошондуктан бирөөгө сын айта албайбыз”, - деди Бекешев.

Баштапкы жыйынтык боюнча партиялык система менен “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Ынтымак” партиясы отуздан ашык мандатка ээ болгону жатат. Бул үч партия эл арасында бийликчил деп сыпатталып келет. “Ынтымак” партиясындагы талапкерлердин ичинен көп добуш алган блогер Эрулан Кокулов кандайдыр бир “саясий чечимдерде” бийликтин басымынан коркпой, ачык пикирин айтарын билдирди.

“Тамак-аш, дары-дармек жаатындагы мыйзамсыз иштерге бөгөт коюуга аракет кылам. Бул мен билген маселе. Бийлик “отур” десе эле отуруп калбайм. Эми кандай саясий басым болорун билбейт экенмин, бирок туура эмес нерсени ачык айтып чыгам. Унчукпаган депутат болбойм”, -деди.

28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо 21 жылдан кийин аралаш система менен өттү жана биринчи жолу преференциалдык система колдонулду. Шайлоодон кийин жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген партиялар БШКнын алдында эки жолу митинг өткөрүштү.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG