Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

БШКнын өзгөргөн жобосу, Жанар Акаевге берилбеген мандат


Токтобүбү Оргалча жана Жанар Акаев. Коллаж.
Токтобүбү Оргалча жана Жанар Акаев. Коллаж.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алып калышы ыктымал.

Мындай маалыматты БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкулов билдирди. Бүгүн, 15-декабрда БШК кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан - бир, жети мандат алган партиядан - үч аял депутат келет. Буга чейинки жобо менен жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Өзгөртүү жети мандат алган "Альянс" партиясына тиешелүү болот. Тактап айтканда, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алары белгилүү болду.


Буга чейин БШКда жобону өзгөртүү боюнча эки жолу добуш берилип, эки жолу тең колдоо тапкан эмес. Бул жолу шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өз позициясын өзгөрткөн. Ага эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Ал тапта өзгөрүүлөр үчүн БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы айыптагандар чыкты.

Мындай пикирди кармангандардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Абдывахап Нурбаев.

"Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого чейин канча мандат алса канча аял келет деп жобо кабыл алган. Ал жободо партия жети мандат алса эки аял депутат болоору жазылган. Шайлдабекова эки-үч күндөн бери өзү баш болуп, БШКнын ар бир мүчөсүн көндүрүп катуу иштеп жаткан. Бул Шайлдабекованын жеке кызыкчылыгы, сатылышы мүмкүн деген ой жаратат. Конкреттүү атаганда, президенттин аяшымын деп жүргөн Токтобүбү Оргалчанын аракети болушу мүмкүн. Эл ишенбей жаткан шайлоонун "шайтанын" чыгара турган болушту".

Дагы бир депутат, ушул эле партиянын лидери Алтынбек Сулайманов "Фейсбуктагы" баракчасында БШКнын чечимин сындаган билдирүү калтырды.

"Альянс" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсү боюнча сотко кайрыла турганын жарыялады.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев билдирүү таратып, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоодон кийин өзгөрткөн жобосун "логикага сыйбаган коркоктук" деп атады.

"Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук. БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер, силердин уятыңарда болсун", - деген Акаев.

Жанар Акаев Боршайкомдун жетекчилиги жобону өзгөртүү үчүн 13-декабрда дагы отурум кылып, бирок өтпөй калганын белгилеген.

"Эки күн ичинде БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан салам айттырып отуруп, акылга сыйгыс кадамга барышты", - дейт эл өкүлү.

Партиянын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев БШКнын шайлоо бүткөндөн кийин жобону өзгөртүүсү шек жаратып жатат деген оюн айтты.

“Партиянын юристтери өзүбүздү жүйөлөрдү келтиребиз деп кеңешип жатабыз. Экинчиден, буга чейин бир жолу өтпөй калган документтин шайлоодон кийинки кайра өзгөртүлүшү шайлоонун жыйынтыгына шек жаратат. Мыйзамдуу өлкөдө сот менен чечебиз деп ишенем”, - деди Жээнчороев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Токтобүбү Оргалчанын пикирин угууга да мүмкүн болгон жок.

Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.


Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун бирдиктүү округ боюнча жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын сайтындагы маалыматка таянсак, 5% босого чектен алты партия өткөн. Алар: "Ата-Журт Кыргызстан" - 222 005 добуш же 17.32%, "Ишеним" - 174 470 добуш же 13.61%, "Ынтымак" - 141 009 добуш же 11.00%, "Альянс" - 106 955 добуш же 8.35%, "Бүтүн Кыргызстан" - 90 223 добуш же 7.04%, "Ыйман Нуру" - 79 025 добуш же 6.17% алды деп таанылды.


"Ата-Журт Кыргызстан" – 15, "Ишеним" - 12, "Ынтымак" - 9, "Альянс" - 7, "Бүтүн Кыргызстан" - 6, "Ыйман Нуру" - 5 депутаттык мандат алды.

30% гендердик квотаны сактоо боюнча мыйзамга ылайык "Ата-Журт Кыргызстандан" – 5, "Ишенимден" – 4, "Ынтымактан" – 3, "Альянстан – 3, "Бүтүн Кыргызстандан" – 2, "Ыйман Нуру" партиясынан 2 аял депутат болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG