Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

"Клооп" шайлоо боюнча Жогорку сотко кайрылат


"Клооп" протоколдордон айырмачылык тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:01 0:00

"Клооп" протоколдордон айырмачылык тапты

Бишкек шаарынын административдик соту "Клооп Медианын" айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдору боюнча арызын кароодон баш тартты. Ошондой эле "Азаттык" партиясынын дагы добуш берүүнүн протоколдору боюнча арызын кайтарып берген. Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы айрым тилекелердеги добуштар кайра саналып бүткөнүн, автоматтык эсептөө системасынан алынган жыйынтык менен дал келгенин билдирди.

Парламенттик шайлоого байкоо салган "Клооп Медиа" ("Коомар Медиа" коомдук фондунун атынан байкоо жүргүздү) айрым добуш берүү тилкелериндеги биринчи түзүлгөн протоколдор менен жыйынтыктоочу протоколдордо айырма бар экенин билдирип, Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган. Буга чейин "Клооп" бир катар добуш берүү тилкелеринде протоколдор кайра жазылганы тууралуу видеосун 30-ноябрда жарыялаган.

Фонддун маалыматына караганда, бюллетендерди кол менен эсептеген протоколдордун көчүрмөлөрү адегенде байкоочуларга берилген эмес. Кийинчерээк шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколду жапырт түрдө кайра жазып чыккан. Анын себебин так түшүндүрө алышкан жок. Протоколдордун кайра жазылганы боюнча аймактык шайлоо участкалары жооп бербегени үчүн Боршайкомго арыз жазылган. БШКдан дагы жооп ала албаган "Коомар Медиа" БШКнын "аракетсиздиги үчүн" Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. Бирок сот арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткенин жүйө келтирип, кароодон баш тартты.

Бул тууралуу "Клооп Медианын" шайлоолорго байкоо салуу долбоорунун координатору Айзирек Алмазбекова билдирди.

"Арыздын негизги мазмуну - протоколдор алмашып жатат. Анткени биздин байкоочуларга берген протоколдор менен сайтка жарыялаган протоколдор эки башка. Сайтка чыкканда башка эле протоколдор чыгып калган. Биздин байкоочулар алган протоколдо участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн колу менен мөөрү турат. Бул расмий документ. Ал протоколду алмаштырганда атайын акт менен сайтка жарыяланышы керек. Бирок ал дагы жок. Экинчиден, БШК өзүнүн сайтына бир эле участок боюнча бир канча протокол жарыялады. Эскисин өчүргөн жок ", - деди Алмазбекова.

"Клооп Медианын" өкүлү эми Жогорку сотко кайрыла турганын билдирди. "Клооптун" байкоочулары ушул өңдүү фактылар жазылган видеолорду Сокулук, Өзгөн райондорунан, Ош шаарынан тартышкан.

Жалпысынан 1400дөй байкоочу өлкө боюнча 900дөн ашуун тилекеде добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салган. "Клооп Медиа" коомдук фондунун кызматкерлерине парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат берилген эмес. Кийинчерээк алар "Коомар Медиа" коомдук фондунун атынан байкоо жүргүзүүгө уруксат алышкан эле.

Административдик соттон ушундай эле баш тарткан чечимди 13-декабрда "Азаттык" партиясы дагы алган. Партиянын лидери Исмаил Исаков шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандарын жана президент Садыр Жапаровдун атына бир нече талаптар коюлган кайрылуу даярдалып жатканын билдирди.

"Мыйзамдын чегиндеги аракеттин баарын жасап жатабыз. Биздин бириккен резолюциябыз жакында жарыя болот. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгыбыз жана Садыр мырзага (Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - ред.) Министрлер кабинети, БШК боюнча койгон талаптарыбыз бар. Андан сырткары, биз Садыр мырзанын айткандарынан кийин бюллетен, чек, протоколдорду барып текшерели деп расмий кат жазсак, БШК бардыгынан баш тартты. Анан административдик сотко бердик эле. Алар дагы жок деп баш тартышыптыр. Азыр документтерди даярдап Жогорку сотко кайрылып жатабыз. Ошондон кийин өзүбүздүн чечимибизди элге жарыя кылабыз", - деди Исаков.

Бишкек шаарынын административдик соту “Азаттык” саясий партиясынын БШКнын чечимине байланыштуу арызын канааттандыруудан баш тартканын ырастады. Маалыматта соттун бул чечимине карата үч күндүн ичинде Жогорку сотко даттанса болору белгиленген.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештиин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасында мүчүлүштүк болду. Системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну "көз боёмочулук", - деп шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев убагында келген арыз-даттануулардын бардыгы каралып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Баарынын эле кайрылуулары каралып жатат, партиялардын кайра санак жүргүзуп бергиле дегендердин бардыгы саналды. Кайрылуунун дагы тартиби бар. Мыйзамга ылайык аракеттерин жасаш керек да. Мүмкүн туура эмес беришкен арызды. Бардык арыздарды жумушчу топтор талкуулап, өздөрүн чакырып жатат. Айрымдары келбей коюп жатышат. Андан кийин БШКнын отурумуна чыгып жатат. Кайра санак дагы жүрбөдүбу партияларды талабы боюнча", - деди БШК мүчөсү.


Президент Садыр Жапаров баш болуп, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет, БШК система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдиришти. Анткен менен бул шайлоонун жыйынтыгына жана анын таза өткөнүнө шек жаратып койгонун белгилегендер бар.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова расмий жыйынтыгы чыгып, арыздар толук каралып бүткөн соң гана шайлоого баа берүүгө болорун айтып жатат.

"Шайлоонун жыйынтыгы расмий чыга электе баа берүүгө эрте. БШК буга чейинки арызддын бардыгы боюнча маалымат бериш керек. Ал эми сот системасы арыз түшкөндө аны ачык караш керек. Убакыт берилиши керек. Жыйынтык чыккандан кийин дагы баш тартып, Бакиев (Курманбек Бакиев, мурдагы президент - ред.) учурундагыдай карабай койсо, албетте эч кимди ынандырбайт", - деди Ошурахунова.

Боршайком расмий жыйынтыкты 18-декабрга чейин чыгара турганын айтып жатат. Ушул тапта бир мандаттуу 35 округда шайлоо өттү деп табылган менен айрым округдар боюнча талапкерлер бири-бирин сотко берип, соттук териштирүүлөр аягына чыга элек. Ош облусундагы Төлөйкөн округунан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан талапкер Шайлообек Атазовдун Нурбек Алимбековго байланыштуу арызы Административдик сотто каралып жатканы белгилүү болду.


Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12 тилкенин добуштары кайра санылып бүткөнүн 14-декабрда билдирди. Алар: Ош облусундагы Көк-Жар, Араван, Ош жана Төлөйкөн округдары, Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад, Сузак, Токтогул округдары, Талас облусундагы Манас, Талас округдары, Чүйдөгү Ысык-Ата, Нарындагы Кочкор жана Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл округу.

Боршайком добуштарды кайра саноо менен талапкерлердин жана партиялардын орду автоматтык эсептөө системасынын (АСУ) алгачкы жыйынтыктарынан өзгөрбөгөнүн кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG