Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Абактагы саясатчылардын эрктүү жубайлары


Абакта жаткан Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду, Кубанычбек Кадыровду колдогон акция. 5-февраль, 2018-жыл.
Абакта жаткан Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду, Кубанычбек Кадыровду колдогон акция. 5-февраль, 2018-жыл.

"Күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат" дешет. Учурда ар кандай себептер менен абакта отурган саясатчылардын жубайлары ким? Алар башына келген сыноону кантип көтөрүп жатышат?

Деги эле саясатчынын жубайы болуунун жүгү оорбу? Темир тор артында отурган күйөөсү менен үйдөгү балдарына көпүрө болуп, көз жашын көрсөтпөгөн күч-кубатты алар кайдан алышат?

Аял болуу азыр да кыйын

Гендердик теӊсиздикке арналган эл аралык жыйындардын биринде "аял болуу мындан бир кылым мурда кыйын эле, бүгүн да аял болуш кыйын" деген философиялык жыйынтык чыгарылганы бар.

Ал эми аял, эне, ошол эле учурда саясатчынын жары болуу эки эсе кыйынга турарын соңку окуялар ырастады көрүнөт. Өзгөчө камактагы саясатчы күйөөлөрүнө биринчи адвокат, укук коргоочу, жөлөк-таяк болгон дал ушул жубайлары.

Башкалар чарчап, сынып, жагдайга баш ийсе да, дал ушул жубайлары баш ийбей, өз чындыгын, адилеттигин издеп, күйүп-бышып, белди бекем бууп чуркап жүрүшөт.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен эки жыл мурда камалган Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун аялдарын алардын башына бирдей түшкөн мүшкүл бириктирди. Учурда алар "Саясий туткундагылардын жубайлары" деп түзүп алышкан комитеттин алкагында аракеттенип жүрүшөт.

Экс-депутат жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыров менен жубайы Жаңыл Кумашеванын төрт баласы бар.

Жаңыл айым кесиби боюнча мугалим. Учурда үйгө кирип эненин, сыртка чыгып атанын ролун аткарып жатканын жашырбады.

Күйөөсү камакка алынган эки жылга чукул убакытта неберелүү болгонун, балдарына көз жашын көргөзбөгөнгө аракет кылып, аларга кайрат берген жалгыз адам болгонун айтты.

Кубанычбек акыбалын мага деле айтпайт. Билдирбегенге, биздин көңүлүбүздү түшүрбөгөнгө аракет кылат.

- Кыргызда "түрмөгө жыландын баласы да жатпасын" деген сөз бар. Кубанычбек акыбалын мага деле айтпайт. Билдирбегенге, биздин көңүлүбүздү чөктүрбөгөнгө аракет кылат. Бирок көз баарын айтып турат да. Түрмөдө кандай жашоо болсун? Беш чарчы метр. Бир күндө 20 мүнөт эле эшикке чыгарат. Видеокөзөмөлдү күчөтүп коюшуптур. Психологиялык жактан да кысым болуп жатат деп ойлойм. Эң негизгиси - баштары аман. Бул күн да өтөөр, баары жакшы болот деп ойлойм. Эки жыл ичинде улуу кызыбыз көз жарып, жээн неберелүү болдук. Неберебизге сегиз ай болуп калды.

Жаңылдын айтымында, улуу балдары атасы менен мүмкүнчүлүк болгондо көрүшүп, ак-караны айырмалаганга жарап калышкан. Кичүүлөрүнө атасы абакта экенин айтпаганга, үйдө да ал тууралуу сүйлөшпөгөнгө аракет кылышат. Анткен менен кичинекей балдар атасына болгон сезимин жашырбай, сагынычын сүрөттөрдөн чыгарышат экен.

Ыйыбызды көрсөтпөйбүз, балдарга. Азыр эненин да, атанын да ролун аткарып жатабыз да.

- Атасына арнап сүрөттөрдү тартышат. Түрмөгө алып барайын десем психологдор көрсөтпөй эле койгонум оң болорун айтышты. Атасын "сапарга кеткен" деп эле коёбуз. Бирок баары бир Интернеттен билип алышат экен. "Келет" деп үмүттөнүп отурабыз. Белибизди болушунча бекем буудук. Ыйыбызды балдарга көрсөтпөйбүз. Азыр эненин да, атанын да ролун аткарып жатабыз. Бүгүнкү күндө балдардын ишенгени эле бизбиз. Биз да ыйласак, анда балдар "абал оор экен" деп ойлойт.

Жаңылдын айтымында, ал буга чейин саясатка аралашууну ойлонуп жүргөн. Бирок соңку окуядан кийин саясаттан такыр алыс болууну чечти.

- Башында саясатка аралашуу боюнча ойлор болгон. Бул ишке аралашкандан кийин саясат таза болбогондуктан абдан алыс болоюн деп чечтим.

"Саясатчынын аялы болуу кыйын"
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:46 0:00
Түз линк

Энергетика тармагында эксперт болуп жүргөн Эрнест Карыбековдун жубайы - Элмира Карыбекова кесиби боюнча музыкант. Ал соттун адилетсиз өтүп жатканын, күйөөсүнө байланышкан соңку кырдаал аны аял катары да чыйралтканын белгилеп жатат. Экөөнүн ортосунда үч бала бар. Кичүүсү 18 жашта. Калган экөө окуусун аяктап, иштеп жатышат.

- Албетте, кыйын эле болду, баарына жетишүү керек - ишке да, үй-бүлөгө да. Ооруп да калабыз. Турмуш ушундай болуп жатат, баарына туруштук берип жашап жатабыз. Саясатчынын аялы болуу кыйын. Анткени жөнөкөй аялдын башына мындай окуялар келбейт. Бирок биз канчалык кыйын болгон сайын ошончолук чыйралып, күчтүү болуп жатабыз.

"Бектур элдик киши"

Ал эми камакта жети күн бою "кургак ачкачылык" кармап жаткан Бектур Асановдун жубайы Алтынай Асанова жолдошунун ден соолугуна кабатыр. Ал Бектур мырза менен акыркы жолу Жаңы жыл майрамынын алдында жолугушканын белгилеп, атасыз үй кандай болушу мүмкүн экенин айтып берди:

- Атасыз үй кандай болушу мүмкүн!? Үйдөгү бардык нерсени Бектур жасап, өзү чеччү. Мен аял катары балдарды тарбиясына, үй ишиндеги жумуштарга, тууган-урук менен мамилеге гана карачумун. Бектур абакта отурган алты айдай убакытта өзүмдүн ордумду таппагандай болуп, аябай кыйналдым. Кудайга шүгүр, достор, туугандар моралдык жактан колдоп турушту. Биздин эки уул, эки кызыбыз бар. Улуусу 24, андан кийинкилери 22, 18, кичүүсү 10 жашта. Эки жыл ичинде балдар абдан токтолду. Алар өздөрүн чоң кишилердей эле алып жүрүшөт. Экөө иштеп, үй-бүлөнүн бюджети ошолордун айлыгынан эле турат. Бектур ушунча кызматтарда жүрдү, ушул 25 жыл ичинде материалдык жакка маани берген эмес экен. Ушул аябай сезилип жатат. Бизде бизнес жок, чынын айтыш керек. Бар тапканыбызды балдардын билимине сарптаганбыз.

Алтынай жакшы да, жаман да, дос-тууган да башка оор иш түшкөндө иргелип каларын белгилей кетти.

Мындай учурда бир туугандар менен эң жакын адамдар болуп калат экен. Үй-бүлөдө балдарың менен өзүң калат экенсиң.

- Кызматта турганда дос-тууган аябай эле көп болот. Бул баарына эле белгилүү. Урматтап, үйүңүз кишиге толуп турат. Бирок мындай учурда бир туугандар эле жакын адам болуп калат экен. Үй-бүлөдө балдарың менен өзүң калат экенсиң. Кайгырганыңды балдардан жашыра албайсың, алар дароо эле сезип коюшат. Чындыгында мен аларга эмес, алар мага күч-кубат берип, колдоп, көңүлүмдү көтөрүп турушат. Улуу кызым психолог. Тиричилик өтө берет экен. Бектур мурда деле саясатта жүргөн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн. Сыртта көп болчу. Балдар аны түшүнөт, сыймыктанат. Көр тириликтин айынан бир эле үй-бүлөнүн маселесин чечкен эркек эмес. Бул элдик киши. Аны биз туура эле кабыл алабыз.

Камалган саясатчылардын артында жапа чеккен жубайлары эле эмес, энелери да бар. Бектур Асановдун жубайы Алтын саясатчынын 80деги энеси анын ачкачылык жарыялап жатканын катуу кабыл алганын айтты.

Кээ бирөөлөр башкача кабыл алышат. "Өзүнчө айдоочусу бар, жансакчы менен жүрөт" деп кабыл алышат. Барды-жокту түшүнбөйт деп ойлошот.

- "Камалды" деген аябай оор сөз. Өзгөчө улуу балдарым го атасын түшүнөт, кичине кызым үчүн аябай оор болгон. Капыстан эле УКМКнын кызматкерлери барып, үйдү аңтар-теңтер кылып, беш сааттай тинткен учурда балдарым кичүү кызыма айтып коюшуптур. Ошондо кызым муну катуу кабыл алып, эки-үч күн температура болуп кыйналган. Анын үстүнө Бектур кыздарына жапакеч, азыр атанын мээрими жок өскөн кыздарына кыйын эле болуп атат. Болгондо дагы Бектур гурман эле. Балдар атасынын кылык-жоругун айтып эле түгөтө алышпайт.

Саясатчынын аялы болуу кыйын, эки эсе кыйын. Кээ бирөөлөр башкача кабыл алышат. "Өзүнчө айдоочусу бар, жансакчы менен жүрөт" деп кабыл алышат. Барды-жокту түшүнбөйт деп ойлошот. Биз деле кадимки аялбыз. Тагдырдын буйругу экен, азыр төрт балам менен эки бөлмөлүү батирде турам.

Бектур Асановго, Кубанычбек Кадыровго жана Эрнест Карыбековго байланыштуу сот жабык өтүп, ага жакындары да киргизилбейт. Ошого карабай ар бир соттук териштирүүдө жубайлары моралдык колдоо болсун деп ошол имаратты айланчыктап жүрүшөт.

Айгүл Текебаева. Архивдик сүрөт.
Айгүл Текебаева. Архивдик сүрөт.

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева жолдошу камалган алгачкы күнү колдоп келген тарапташтарына ыраазычылык билдирип, көзүнө жаш алган эле. Күйөөсүнүн чындыгына ишенип, ар бир соттук териштирүүдө саясатчынын өзүнөн кем калбай тынчсызданып отурганы байкалып турат. Текебаева менен байланышуу мүмкүн болгон жок, бирок соңку бир жыл ичинде саясатчынын жубайы балдардын энеси эле эмес, кайраттуу аялзаты экенин далилдей алды көрүнөт.

Текебаевге улай УКМК экс-депутат Садыр Жапаровду кармап, анын оор кылмыш кылбаганын жана коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин биринчилерден болуп жубайы Айгүл Жапарова айтып чыккан. Ошондой эле бийликтин кысымын ачык айткан:

- Мен Садыр менен 25 жыл жашагам. Анын кандай сүйлөп, кандай жооп берерин жакшы билем. Ал абдан күчтүү, эрктүү адам. Болгону жакындарын СИЗОго салып алып Садырды сындыруу максаты болуп жатат. Бул бийликтин түздөн-түз кысымы.

Ал эми дагы бир мурдагы депутат, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев былтыр сентябрда камакка алынган. Анын өмүрлүк жары Жамиля Исаева саясатчынын камалганын анын кичүү кызы менен апасына айтпай жатканын билдирүүдө. Исаевдин апасы 78 жашта. Саясатчынын камалышы жашоого болгон көз карашты, жашоодогу баалуулуктарды өзгөрттү деп эсептейт.

- Мурда бир нерсеге умтулуп, башкача ойлонсоң азыр эң башкысы - ден соолук экенин билип, анан эркиндикти, жашооңду баалап калат экенсиң. Жакын кишинин баркын билип, үй-бүлөнүн чогуу болгонун барктап каласың. Мурда атабыз кечирээк келсе "эрте келсең боло" дечү элек. Азыр эркиндикте, бош эле жүрсө болду эле деп тилеп калат экенсиң.

2010-жылдан бери 40тан ашуун саясатчы камалып, сот жообуна тартылган.

Абактагы саясатчылардын жакындары өткөргөн митинг. 5-февраль, 2018-жыл

Камактагы саясатчылардын тарапташтарынын талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG