Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:24

"Мага тагылган айыптар акылга сыйбайт". Алсу Курмашеванын камалганына жарым жыл болду


Алсу Курмашева. Казан шаары, 1-апрель 2024-жыл
Алсу Курмашева. Казан шаары, 1-апрель 2024-жыл

18-апрелде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын журналисти Алсу Курмашеванын камалганына жарым жыл болду. Көптөгөн эл аралык укук коргоо уюмдары ага коюлган айыптарды "саясий" деп атап, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына басым көрсөтүү катары баалап жатышат.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму орус бийлигин Курмашеваны токтоосуз бошотууга кайрадан чакырды. Уюм ал адамдын ар-намысын кемсинткен, катаал шартта кармалып жатканына көңүл бурат.

Татар тилиндеги "Безнең гәҗит (Биздин гезит)" басылмасынын редакциясы апрелдеги санында Алсу Курмашеванын катын чыгарды. Журналист “агартуучу иши үчүн 25 жыл бою татарлардын Конгрессинен ыраазычылык каттарын алып келгенин”, “татар аялдарынын курултайларына ардактуу конок болуп катышканын”, бирок “бир көз ирмемде мунун бардыгы кылмышка айланганын” жазган.

Алсу Курмашева сотто. Казан шаары. 1-апрель, 2024-жыл
Алсу Курмашева сотто. Казан шаары. 1-апрель, 2024-жыл

Жакындары анын добушун бир нече күн мурун гана уга алышты. 1-апрелде күйөөсү, “Настоящее время» телеканалынын директору Павел Буторин Х социалдык түйүнүнө жайгаштырган видеодон Алсу Курмашеваны Казандагы сотко катышканын көрүүгө болот. Ошол күнү журналисттин камактагы мөөнөтү 5-июнга чейин узартылган. Кыска видеодо ал түрмөдөгү шарттарын учкай сүрөттөп өткөн: кенедей камера дээрлик жылытылбайт, эки керебет менен текче бар, ысык суу жок.

Курмашева кээ бир оорулары күчөгөнүн, медициналык жардам өтө аз берилгенин айткан.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму андай шарттарды “адам чыдагыс, ар-намысты кемсинтүүчү” деп сыпаттады.

Камалгандан бери Курмашева күйөөсү, эки өспүрүм кызы жана улгайган оорукчан энеси менен бир да жолу байланыша алган эмес. Орусиянын бийлиги анын АКШ жараны катары америкалык консулдукка кайрылуу укугун камсыздаган жок.

Павел Буторин. Прага, 17-апрель, 2024-жыл
Павел Буторин. Прага, 17-апрель, 2024-жыл

“Мен бассам-турсам Алсуну ойлойм: азыр эмне кылып атат, кайсы керебетте отурат, эмне тамак жеп атат, орус бийлиги аны кыйноонун дагы кандай жолун тапты деп. Албетте, ушундай ойлор менен жашоо оңой эмес. Мүнөттөр, сааттар, жумалар өтүп жатат. Балдарым жарым жылдан бери энесиз калган. Энесин 10 ай мурун көрүшкөн. Алсу алты айдан бери камакта отурат. Ошондон бери азыр эмне кылып атат болду экен деп суроо оюбуздан чыкпайт. Эң негизгиси, балдарым да, мен да ал эмне үчүн түрмөдө отурганын түшүнө албайбыз”, - деп айтат Буторин.

"Безнең гәҗит" басылмасы журналисттин мындан бир ай мурун жазган катын чыгарды. Ал кезде анын Казандагы тергөө абагында отурганына беш ай болгон:

“12-март... Укташ керек. Бул жерде саат жок, бирок баары бир саат канча болгонун болжолдоп билесиң. Казанга улгайган энем менен оорукчан агамды көрөйүн деп келгениме 10 ай болду. Ошол 10 айдын жарымын мен жакындарымдын жанында, аларга жардам берип өткөрдүм. Бирок эки жакка чыгуу укугуман ажыратылгам. Өткөн жылдын 18-октябрында мени камаганда тагылган айыптар азыркыга чейин акылыма сыйбайт”.

"Алсуга боштондук" акциясы. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баш кеңсеси. Прага, 2023-жыл
"Алсуга боштондук" акциясы. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баш кеңсеси. Прага, 2023-жыл

Орусиянын жана АКШнын жарандыгы бар журналист "чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес" деген айып менен Казанда камакка алынган. Мындай кине менен соттолгондор беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кийин ага "орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан" деген айып тагылды.

Ага чейин татар башкалаасынын соту Курмашеваны "экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес" деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айыппул салган.

Павел Буторин орус бийлиги жубайын барымтага алган деп эсептейт:

"Ооба, мен аны барымтада кармап турушат деп эсептейм. Орусиянын бийлиги чет элдик агент деген тизмеге 300дөн ашуун кишини киргизгенин баса белгилегим келет. Алардын көбү биздин кесиптештерибиз. Бирок Алсу ошол тизмеде жок. Бул жок жерден ойлоп табылган иш. Ал ушул айыптар менен Орусияда темир тор артында кармалган жападан-жалгыз киши. Ошон үчүн аны барымтада кармап жатышат деген жыйынтык логикага сыят".

"Чек арасыз кабарчылар" уюму АКШнын Мамлекеттик департаментине кайрылып, Курмашеваны тезирээк "негизсиз кармалган" кишилердин тизмесине киргизүүгө, аны бошотуу үчүн колдо бар чараны көрүүгө үндөдү.

Орусия уюмдун Басма сөз эркиндиги индексинде былтыр 180 өлкөнүн арасынан 164-сапка жайгаштырылган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу жана көптөгөн эл аралык укук коргоо уюмдары Курмашевага коюлган айыптарды "саясий" деп атап, көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттарына басым көрсөтүү катары баалашууда.

Аны бошотууга бир катар өкмөттөр, Европа Биримдиги чакырган. Орусиянын белгилүү "Мемориал" укук коргоо уюму Курмашеваны саясий туткун деп тааныган.

Февралда Чехия жана дагы 22 өлкө Курмашеваны басма сөз эркиндигине кошкон салымы үчүн ЮНЕСКО/Гильермо Кано дүйнөлүк сыйлыгына көрсөтүштү.

АКШнын Мамлекеттик департаменти журналисттин ишине "чоң көңүл" бурулуп жатканын, аны "негизсиз кармалагандардын" тизмесине кошуу аракети көрүлгөнүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG