Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Чет өлкө абактарында 1600дөй кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат


Орусиядагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда чет мамлекеттерде Кыргызстандын 1587 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү, 742си Орусиянын абак жайларында. Бул соттун өкүмү чыгып, жаза мөөнөтү чегерилген жарандар. Бул тууралуу 30-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

"Орусиянын кодекстерине ылайык, баңгизат менен кармалган адамдар өзгөчө оор кылмыштардын катарына киргендиктен оор режимге кесилип жатышат. Эки өлкөнүн режимдери туура келбегендиктен баңгизат ташып, курьер болуп түшүп калган жаш балдарды которууда маселе жаратууда. Өзгөчө баңгизат менен кармалгандарга силердин режимиңер туура келбейт деген баш тартуулар болуп, абактагылардын жакындары кайрылган учурлар көп болгон. Ошондуктан чет өлкөдөн которулгандарга мыйзамды ылайыкташтыруу зарыл болуп жатат", - деди Сыдыков.

Маалыматка караганда, Казакстанда 86, Түркияда 31, Тажикстанда 25, Италияда 10, Бириккен Араб Эмираттарында 15, Кореяда 8, Иракта 41, Өзбекстанда 45, Кытайда 13, Беларуста 4, Сауд Арабиясы, Грузия, Литвадан экиден, Германия, Чехия, Венгрия, Словакия, Словения, Румыния, Молдова, Румыния, Иран, Францияда бирден жаран абакта отурат.

Мындан сырткары 788 адам тергөө абактарында кармалууда. Алардын 744ү Орусияда. Соттолгондордун басымдуу бөлүгү 20-30 жашта.

Жогорку Кеңеш "Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкуулап, колдоду.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын 73ү 2023-жылы мекенине которулганын, дагы 40тайы которулуу алдында турганын билдирген. 450дөн ашуун жаран Кыргызстанга которулуудан баш тарткан.

Орусияда абакка кесилгендердин көбү баңгизат ишине байланыштуу айыпталгандар. ТИМдин маалыматына караганда, бул өлкөдө мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG