Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:20

Түркмөн президентинин сүрөтү бар сааттарды сатып алууга мажбурлоо жүрүүдө


Президент Сердар Бердымухамедовдун, анын атасы, экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү түшүрүлгөн сааттар
Президент Сердар Бердымухамедовдун, анын атасы, экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү түшүрүлгөн сааттар

Түркмөнстанда бизнес өкүлдөрүн жана бюджеттик жетекчилик кызматта иштегендерди өлкө башчылары Бердымухамедовдордун сүрөтү түшүрүлгөн кол сааттарды сатып алууга мажбурлап жатышканын бүгүн, 30-апрелде "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

Маалыматта айтылгандай, баасы 1500-3000 манаттык (болжол менен 400-800 доллардан ашуун), өлкөнүн азыркы президенти Сердар Бердымухамедовдун, анын атасы, мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү, өлкөнүн мамлекеттик туусу жана картасы тартылган сааттардын төрт түрү сунушталууда.

Ири ишканаларда жетекчилик кызматта иштегендерди 3000 манаттык, ал эми орто жана чакан бюджеттик мекемелердин башчыларын, мектеп директорлорун, айылдагы медициналык жайлардын жетекчилерин 1500 манаттык сааттарды сатып алууга мажбурлап жатышканы кабарланды.

Түркмөнстандын туңгуч президенти Сапармурат Ниязов башкарган кезде мындай сааттар мектеп окуучуларына белек катары бекер таркатылчу.

Президенттин көчөлөргө, мамлекеттик органдарга илинген сүрөттөрүн жаңылоого, ал жазган түрдүү китептерди сатып алууга, ар кандай иш-чараларга карата кооздоого бюджеттик ишкана-мекемелерде эмгектенген жарандардан акча чогултуу Түркмөнстанда кадимки көрүнүшкө айланганын, бул ишти бийлик менен байланышы бар ишкерлер да көзөмөлдөп турарын “Азатлык" радиосуна жергиликтүү тургундар айтып беришкен.

Экономикалык кризисти башынан кечирип жаткан бул өлкөдө жыл сайын жаңы ураан тандалат. Быйылкы жылга Гурбангулы Бердымухамедовдун "Махтумкули Фрагинин акыл кенчи" ырынан үзүндү алынган.

Ураан алмашкан сайын өлкөнүн бардык аймактарында жазуулар, билборддор жаңыланып турат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG