Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:03

Алсунун абактагы 100 күнү: Эртең бардыгы башкача болот


Журналист Алсу Курмашева Казандагы сот залында
Журналист Алсу Курмашева Казандагы сот залында

25-январда кесиптешибиз, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын журналисти Алсу Курмашева Орусиядагы абакта отурганына 100 күн болду. "Idel.Реалии" сайты анын каттарынын негизинде Казандагы СИЗОдо жыл жаңырганда журналисттин өткөргөн күндөрүн баяндады.

"Башкаларга эшик ачуудан коркпогула"

18-январда жазган катында Алсу азыркы сезимдери, былтыр майда Казанга барганы үчүн өкүнүп-өкүнбөгөнү жөнүндө сөз кылган. Башында бейтааныш адамдар да андан кеп-кеңеш сурашканын айтып өттү:

“Ата-энелер балдары кайсы тармакта билим алса жакшы деп сурашат. Татар жигитти сүйүп калган кыз баланын ата-энеси аны кабыл алышы үчүн эмне кылсам деп жазат. Силерге кеңеш берүүгө укугум жок деп ойлойм. Бирок мага ишенип, купуя сырларыңарды айтканыңар үчүн терең ыраазымын. Өз убагында мага биринчи болуп ата-энем, андан кийин улуу досторум, кесиптештерим билимдин, маданияттын, турмуштун эшигин ачышкан. Андан кийин мен дагы биринчи кезекте балдарыма жана жакындарыма, андан кийин менин жардамыма, колдоомо муктаж болгон бардык кишилерге ошол эшиктерди ача баштагам. Ал маалда бирок муну аң-сезимим менен түшүнгөн эмесмин. Эми кимдир бирөөгө эшик ачып берүү – чоң жоопкерчилик экенин аңдап отурам”.

Алсу «ушундай заманда» өз үйүнө барганы үчүн анын эрдигине суктанган адамдарга жооп берип: “Биз азыр, ушундай маалда жашап жатабыз, “башка” мезгил болбойт. Убакыт, албетте, болот, бирок биздин жардамыбызга ушул учурда зарыл болгон жакындарыбыз кетип калышы мүмкүн. Бул жерде өткөргөн өмүрүмдүн үч айын эч ким кайтарып бербейт. Мен жашы толо элек балдарым, улгайып калган апам үчүн жооптуумун. Силердин да, менин да жашоомдо 2024-жылдын 18-январы кайталанбайт. Биз бүгүн эмне кылдык? Кимге эшик ачып бердик? Эртеңки күн келет, бардыгы башкача болот, бүгүнкү күн кайталанбайт”, - деп жазды.

СИЗОдогу Жаңы жыл

Майрам алдында Алсу Жаңы жылды тосууга даярдыктар кандай жүрүүдө деп, балатынын, жасалгалардын сүрөттөрүн салууну сураган. 18-декабрда рахматын айтып, анын алдында “Алла бирса” (татарча “кудай буюрса) вегетариандык оливье жасап берерин убада кылган.

“Кат менен аманатты алдым. Чоң рахмат! Абдан кубандым. Салганыңардын бардыгын жакшы көрөм. Соя соусу башка жашоону эске салат, ал үчүн өзүнчө рахмат. Балыктын икрасы бар!” - деп жазган Алсу Жаңы жыл алдында.

СИЗОдо кармалгандарга келген каттарды окуп, текшерип турууга жооптуу адамдар майрамдарда эс алууга кетишет. Алар кайтып келгенден кийин, январдын ортосунда жыл жаңырган түндү уйку-соонун ортосунда өткөргөнүн баяндаган.

"Алсуга боштондук" акциясы. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баш кеңсеси. Прага, 2023-жыл
"Алсуга боштондук" акциясы. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баш кеңсеси. Прага, 2023-жыл

“Күч-кубатты кайдан алам?”

Алсунун жакындары январдын ортосунда гана ал ооруп калганын билишкен. Тилекке жараша, кийин сакайып калганын кабарлаган. Алсу тамагы ооруп, көкүрөгүнө какырык туруп калгансып кырылдап-кышылдаганда жабык жайдагы фельдшерге кайрылганын, ал жадагалса парацетамолу жоктугун, эч кандай жардам бере албасын айтып, тамагын туз менен чайкоого кеңеш берген экен.

«Кадимки турмушта инфекция жугузуп же ооруп калганыңды сезериң менен суюктук көп ичип, тамак-мурдуңду чайкап киресиң го. Бул жерде эч нерсе жок. Кандайдыр бир сыйкырдуу түрдө сакайып кетесиң. Бардыгы ооруп атканы эч кимди кызыктырбайт», - деп жазыптыр Алсу 5-январда.

Жаңы жыл алдында ал биринчи жолу Казань шаарынан кат алганын, ага чейин Орусиянын чар-тарабынан - Санкт-Петербургдан, Челябинскиден, Ставрополдон, башка өлкөлөрдөн жазышканын, бирок өз жеринен кат келбегени көзгө урунганын айткан. Андан кийин Казандан дагы эки кат алыптыр.

«Чынын айтсам, бардыгы акырындык менен бирок туруктуу түрдө чыдагыс болуп баратат. Күч-кубатты кайдан алып жатам? Күчүмдү текке кетирбөөгө аракеттенем».

АКШнын реакциясы

АКШнын Мамлекеттик департаменти Алсу Курмашеванын ишине “олуттуу көңүл бурулуп жатканын” 18-январда мекеменин расмий өкүлү Мэттью Миллер билдирди. Мекеме журналистти негизсиз кармалгандардын тизмесине киргизбегени менен, Миллердин айтымында, бул - андай аракет көрүлгөн жок дегенди билдирбейт.

Алсу Курмашеванын Таймс-Скерде көргөзүлгөн сүрөтү. Нью-Йорк, 21-январь 2024-жыл
Алсу Курмашеванын Таймс-Скерде көргөзүлгөн сүрөтү. Нью-Йорк, 21-январь 2024-жыл

Көп узабай, 21-январда Нью-Йорктогу борбордук аянтта - Таймс-скверде "Код 58" долбоорунун алкагында орусиялык саясий туткундардын сурөттөрү, анын ичинде Алсу Курмашеваныкы көргөзүлдү. Инсталляция оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын камалганынын үч жылдыгына арналган болчу.

Алсуну бошотууга чакырыктар

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын кызматкери, АКШнын жана Орусиянын жараны, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барып, июнда кайра кайтып жаткан учурда аэропорттон кармалып, атайын кызматтар анын эки паспортун тең алып коюшкан.

11-октябрда Казан соту Курмашеваны «экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес» деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айыппул салган.

Алсу Курмашева сотто. Казан, 20-октябрь 2024-жыл
Алсу Курмашева сотто. Казан, 20-октябрь 2024-жыл

18-октябрда «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес» деген жаңы айып тагылып, журналист камакка алынган. Орусияда мындай кине менен соттолгондор беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

12-декабрда айрым маалымат каражаттары Курмашевага «орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан» деген айып тагылып жатканын, анын жазасы 10 жылга чейин эркинен ажыратуу экенин жазышты.

Маалыматка караганда, Курмашевага “Cогушка жол жок. Украинага кол салууга каршы чыккан 40 орусиялыктын окуясы” деген китепке байланыштуу кылмыш иши козголду.

Аталган китепти “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматы 2022-жылдын ноябрь айында чыгарган. Анда Волга-Урал аймагынын Украинадагы согушка башынан каршы чыккан тургундарынын баяндары камтылган. Китеп 2022-жылдын март-август айларында "Idel.Реалии" сайтына чыккан маектердин негизинде даярдалган.

Тергөөнүн версиясына караганда, Курмашеванын китепти жайылтууга тиешеси бар болушу ыктымал.

12-декабрда Татарстандын Жогорку Соту Курмашеванын адвокатынын доо арызын четке кагып, журналистти камакта калтырган.

Ноябрдын соңунда сот анын камактагы мөөнөтүн 5-февралга чейин узарткан.

Журналисттин кармалышын Канаданын, Чехиянын, Франциянын, Польшанын, Швециянын өкмөттөрү, Европа Биримдигинин башкы дипломаты, Европарламенттин төрагасы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары жана башка уюмдар айыптады. Адам укуктарын жана маалымат каражаттарынын эркиндиктерин коргогон бир катар эл аралык уюмдар Курмашеваны бошотууну орус бийлигинен талап кылууда.

Орусиянын белгилүү «Мемориал» укук коргоо уюму Курмашеваны саясий туткун деп тааныды.

Эки баланын энеси Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке какты. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу анын кармалышын кескин айыптайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG