Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

"20 күн бою кордошкон". Сокулуктагы сестенткен окуянын чоо-жайы


Бишкектеги аялдардын укугун коргогон жүрүштүн катышуучулары. 8-март, 2024-жыл
Бишкектеги аялдардын укугун коргогон жүрүштүн катышуучулары. 8-март, 2024-жыл

Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктады деп шектелген эки жаран 48 саатка камалды. Ал эми кыздын жакындары кордук көрсөткөндөрдүн саны 10го жетерин айтып жатат. Алар милиция ушуга чейин чара көрбөй койгонуна, окуя коомчулукка жарыялангандан кийин гана тергөө жанданганына нааразы.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын тестиер кызды өткөн жылдын апрель айынан бери 19-22 жаштардагы тогуз эркек зордуктап жүргөнү тууралуу 20-марттагы билдирүүсү коомчулукту нес кылды.

"Алгач өзү, андан кийин достору зордуктаган"

Былтыр кордукка кабылганда кыздын жашы 13тө болсо, быйыл 14кө карады. 20-мартта ал ата-энесинин, адвокаттын жана психологдун коштоосунда Сокулук райондук милициясында түнкү экиге чейин жүрдү. Кыз аны кимдер зордуктаганын айтып, айрымдары менен беттештирилген. Көрсөтмөсүндө 10 шектүүнүн ысымын атап, анын экөө 48 саатка камалган. Алардын баары Сокулук айылынын 19-22 жаштагы жашоочулары экени белгилүү болду.

Жабырлануучунун жакындары тергөө учурунда тестиер кыздын денесин калтырак басып, жашын тыя албаганын айтып беришти.

“Биринчи зордуктоо 2023-жылы 10-апрелде болгон", - деди секелектин тууганы Бакыт. "Ушундай жаман ишти кылып, андан соң башка досторуна салып берген. Бул окуя бир жыл бою болуп келген. Окуя Сокулук айылында катталган. Биз бул жерге 2022-жылы көчүп келгенбиз”.

Бакыттын сөзүнө караганда, анын карындашы быйыл 22-январда мектептен чыккандан кийин дайынсыз жоголуп кеткен. Ата-энеси 23-январда Сокулуктун милициясына арыз менен кайрылып, издөө иштери башталган. Кыз 12-февралда Сокулуктагы мейманканалардын биринен табылган. Аны ошол учурда бир нече бала коштоп жүргөн экен.

Бул окуядан кийин жабырлануучу кыз өзүнө кол салып, андан соң 20 күн ичинде эмне окуялар болгонун айтып берген.

“20 күн бою бир жерде кармабаптыр. Кызыбызды коркутуп ар кайсы жерге ээрчитип жүрүшүптүр. Шаарга барганы да белгилүү болду. Биз сизге иштин чоо-жайын толук айта албайбыз. Кызыбыздын айтымында, балдардын айрымдары чөнтөктөрүнө бычак салып жүрүшкөн экен. Алар кызыбызды коркутушуптур. Бизге эч ким эч нерсе кыла албайт деп да айтышыптыр”.

Бул окуяны уккан кыздын жакындары ошол эле күнү, 12-февралда Сокулук райондук милициясына арыз менен кайрылган. Бирок ошондон бери милиция чара көрбөй келгенин айтып жатышат. Акыры Акыйкатчы институтуна кайрылып, алар аркылуу коомчулукка чыгууну туура көрүшкөн. Күтүлгөндөй эле, окуяны ачык айтып чыкканда 20-марттан кийин тергөө жандана баштаган.

“Биз милицияга кайрылгандан бери эч маалымат беришкен эмес. Мурунку тергөөчүбүз орой мамиле кылып, жөн жооп бербей, кагаздарды колубузга бербей, көрүнгөн шылтоо менен ушул күнгө созуп келген. Ушул күнгө чейин иш козголгону боюнча бир дагы маалымат беришкен эмес. Кыздын ата-энеси жөнөкөй жарандар, буга чейин милицияга барып көрүшкөн эмес. Милиция ушундан пайдаланып, бизди коргобой, тескерисинче, кордогон. Биз жогорку жетекчиликке, ички иштер министрине кайрылабыз. Биздин ишти көзөмөлгө алып бериңиздер!” - деди жабырлануучу кыздын тууганы Бакыт.

Бакыт күнөөлүүлөр жазасын алышы керектигин, ошол эле учурда кимдир бирөөгө жалаа жабуудан алыс экенин да кошумчалады.

Акыйкатчы институту укук коргоо органдарынын ишин сындап маалымат тараткандан кийин секелектин зордукталышы боюнча иш тууралуу Чүй облустук милициясы да дароо реакция кылып, жооп берди.

Милиция анда факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 157-беренеси (“Он алты жашка толо элек балдар менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, милицияга алып келингенин, иликтөө иштеринин жыйынтыгында мыйзам чегинде укуктук баа берилерин билдирди.

“Аталган кылмыш иши боюнча тажрыйбалуу кызматкерлерден турган тергөө тобу түзүлүп, иш Ички иштер министрлигинин жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин көзөмөлүндө турат. Кылмыш иши райондук милициянын аракети менен ачылган. Ата-энесинин милициянын аракетсиздиги боюнча айткандары чындыкка дал келбейт”, - деп жазылган билдирүүдө.

Бирок чуулгандуу зордуктоо фактысы боюнча мурда эмнеге маалымат берилбегени такталган эмес.

"Ата-энеси Сокулуктан көчүп кетебиз дешти"

Кыздын ата-энеси “Сезим” кризистик борборуна кайрылган, учурда жабыркаган өспүрүм менен психологдор иштешип жатат. Жакындары анын абалы оор экенин, аябай коркуп калганын айтышты. Кризистик борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова катуу жабыркаган кыз өз жанына кол салганын билдирди:

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

"Кыз колундагы күрөө тамырын кесип ийген экен. Психологдун жанына отургузуп сүйлөштүк. Кылбаганды кылышкан экен да. Дагы эле калтырап жатат. Кылмыш жасалган учурда 13 жашта болгон экен. Ага психологиялык басым кылышкан. Шектүү балдар "18 жаштамын деп алдаган" деп жатышат. Сотту Бишкекке алып кетүүгө аракет кылабыз. Анткени шектүү балдардын туугандары ар кандай кызматта иштеши мүмкүн. Алар басым жасайбы деп чочулап атабыз. Анан ата-энеси окуя болгон жактан көчүп кетүүнү да ойлонуп жатыптыр".

Рыскулова белгилегендей, кызды зордуктады делген дагы сегиз бала менен беттештирүү жүрүшү керек. Бирок алардын бирөө качып кеткени айтылып жатыптыр.

Кыргызстандын балдар омбудсмени Асел Чынбаева бул иштен кабардар экенин, тергөөнүн жүрүшүнө көз салып турарын айтты:

Асел Чынбаева
Асел Чынбаева

“Бул окуяга көз жумуп, унчукпай коюш, кечириш деген болбош керек. Эгер балдардын күнөөсү далилденсе, анда мыйзамдын чегинде жазасын алышы керек. Ошон үчүн тергөөчүлөр өз убагында ишин жасап, андан кийин сотко өткөрүшү керек. Анан, албетте, бул кызды ар кандай окуялардан оолак кармап, коргоп алышыбыз керек. Журналисттер, ата-энелери, достору аябай кылдат мамиле кылышы керек. Анткени азыркы учурда кызга абдан оор. Бул окуяны көтөрө албай калышы да мүмкүн".

Акыйкатчы институтунун зордуктоо тууралуу соңку маалыматында "Сокулукта мындан башка жашы жете элек эки кыздын кош бойлуу экени аныкталганы” жазылган. Алардын бири - 13 жаштагы кыз менен зордуктоого шектүү нике кыйдырганы, экинчисинин ата-энеси миграцияда болгондуктан, таенеси менен жашай турганы айтылган. Бул фактылар боюнча укук коргоо органдары маалымат бере элек.

23-январда президент Садыр Жапаров "Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Мыйзам жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарды коргоону көздөйт.
Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине, Жазык-процесстик кодексинин 24, 505, 507-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, оор кылмыштар боюнча (анын ичинен зордуктоо) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт.
Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 58, 82-беренелерине, Жазык-процесстик кодексинин 112-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, жыныстык кол тийбестик укугуна каршы кылмыштарга айыпталгандардын жоопкерчиликтен оңой кутулуп кетүүсүнө шарт түзгөн жоболор жоюлду. Тактап айтканда, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, айыпталуучуларга пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөрү алып салынды.
Милициянын маалыматына караганда, былтыр Кылмыш кодексинин "зордуктоо", "сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" беренелери менен 82 кылмыш иши козголгон.
Укук коргоочулар зордуктоого кабылгандардын көбү милицияга кайрылбоону туура көрөрүн, андыктан расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай турганын белгилешет.
  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG