Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:13

ИИМ: Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук бир жылда 32% көп катталды


Зомбулукка каршы өткөн акциядагы плакат. Бишкек. 2022-жыл.
Зомбулукка каршы өткөн акциядагы плакат. Бишкек. 2022-жыл.

2023-жылы Кыргызстанда 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2022-жылы жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 9880 учуру катталган. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдады.

Мунун ичинен 35 кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "киши өлтүрүү", 31 иш "ден соолугуна оор залака келтирүү", 18 иш "ден соолугуна жеңил жаракат келтирүү", 2 иш "этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү", 14 иш "уруп-сабап кыйноо" беренелери менен ачылган. Ошондой эле 82 иш "зордуктоо", "сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо", 18 кылмыш иши "он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" жана башка беренелер менен козголгон.

Козгол кылмыш иштеринин ичинен эң көбү - Жалал-Абад облусунда - 179 кылмыш иши катталган. Чүйдө -140, Ош облусунда - 87, Бишкекте - 70, Ысык-Көл облусунда -33, Нарында - 26, Ош шаарында - 26, Баткенде -22, Таласта - 8 иш катталган.

Козголгон кылмыш ишинин ичинен 391 иш сотко өткөн, 147 иш кыскартылган.

Былтыр Улуттук статистика комитети “БУУ-Аялдар” уюмунун колдоосу менен жарыялаган “Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттары жана гендер” деген баяндамада үй-бүлөдөгү зомбулукта жабыркагандардын 96% аялдар экени жазылган.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индексинде (WPS) Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG