Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

"13 жашында зордукталып, өз жанын кыйды". Адинайдын аянычтуу тагдырына ким жооптуу?


Кыргызстанда жашы жете элек кыздар менен балдар зомбулукка кабылып, бирок кылмыштын бети ачылбай калган учурлар арбын. Сокулуктун тургуну Болот Жаныбек уулунун жалгыз карындашы, 13 жаштагы Адинай зордукталып, өз жанын кыйган.

Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.

(Эскертүү: бул иш боюнча сот жүрүп жаткандыктан укук коргоо органдарындагы окуяга тиешеси бар кызматкерлердин аты-жөнүн ачык айта албайбыз)

Адинайдын дайынсыз жоголушу

Азиза Абдирасулова: Саламатсыңбы, Болот. Окуяны өз оозуңдан угалы.

Болот Жаныбек уулу: Бир тууган карындашым Жаныбекова Адинайдын иши боюнча адилеттик издеп, программаңызга келип отурам. Уруксат берсеңиз, окуянын башынан баяндап берейин.

Азиза Абдирасулова: Албетте.

Болот Жаныбек уулу: Бир тууган карындашым Жаныбекова Адинай 2021-жылы 15-январь (иште 18-январь болуп катталып калган) күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, мен Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылгам. Ата-энебиз көз жумган. Ошондуктан карындашым Сокулукта таежебиздин колунда жашап, ошол жакта окучу. Каникул сайын шаарга меникине келип кетчү. Акыркы жолу 10 күндүк каникулда үйдө жүрүп кеткен. Бирок ошол бойдон Сокулукка барган эмес. Телефону дагы өчүп турду. Негизи карындашымды кайра өзүм эле таптым. Милиция кызматкерлери иштеген деле жок. Издөө иштери жүргөн учурда дагы милиция кызматкерлери менен түшүнбөстүктөр болду. “Издебейт экенсиздер. Кандайдыр бир чара колдонбойсуздарбы”, - деп айтып жаттым.

Азиза Абдирасулова: Ошондо карындашың канча жашта эле?

Болот Жаныбек уулу: 13 жашта.

Азиза Абдирасулова: 13 жаштагы кыз дайынсыз деп кайрылганыңда милиция кызматкерлери издешкен жокпу?

Болот Жаныбек уулу: Ооба.

Азиза Абдирасулова: Качан, каякта, канча күндөн кийин таптың?

Болот Жаныбек уулу: 18-январь күнү-түнү шаардан издеп, бүт жакты карап чыктым. Анан Сокулуктан издей баштадым. Түнкү саат 2-3 болуп кетип, кайра шаарга балам, келинчегим болуп келе жатып, Интергельпо жакка жетпей, жолдон таптык. Кар дагы жаап жаткан болчу, автоунааны акырын айдап баратып, көрүп калдык. Табылганына аябай сүйүндүм. Дароо четке чыгып, машинени токтотуп, жанына барып, бетинен өөп: “Эмне кылып жүрөсүң? Эмне болду? Канча күндөн бери издеп жүрөбүз”, - деп, бир сүйүнүп, бир кабатырланып сурап жаттым. Аркасынан келе жатканда, бир нерсени ыргытып ийгендей болгон. “Эмнени ыргыттың” деп, сурадым. “эчтекени” деп койду. Алыс деле ыргытпаптыр. Барып алсам, бүтүн 5000 сомдук акча экен. “Кел, жүрү машинеге” деп, отургуздум. Урушкандан деле пайда жок. Ошондуктан болгонун болгондой эле сурайын дедим. “Эмне кылып жүрдүң, каякта болдуң? Сени канча күндөн бери издеп жүрөбүз” деп, сурай баштадым.

Башында “ушул жакта эле, ары-бери жүрдүм” деп эле эчтеке айта албай жатты. Анан “Адинай, азыр баары бир милицияга барабыз. Ал жактан дагы баарын айтып беришиң керек болот. Экспертиза жүрөт, суроолорду беришет. Андан көрө сен баарын болгонун болгондой мага айт” десем, болгон окуяны айтып берди.

"13 жаштагы кызды зордуктап, үйлөнөм деп ала качыптыр"

Болот Жаныбек уулу: Искендер деген бала менен таанышканына бир айга жетпеген убакыт болуптур. Телефондон сүйлөшүп жүрүшчү экен. Ал бала жалалабаддык экен.

Каникул бүткөндөн кийин меникинен Сокулукка барарда, ал бала чалып, сүйөм деп алдап, Бишкекти көрсөтүп, сейилдетерин айтыптыр. Анан "Ала-Тоо" аянтынын артындагы сейил бактарга барышыптыр, ойношуптур. Караңгы кирип калганда кечки Бишкекти көрсөтөм деп, панорамага алып барыптыр. Ал жактан келе жатып, Ош базар жактан “Гойша” деген мейманкананын жанына келип: “Мен ушул жакта батирде турам. Мен деле Сокулукка бармакмын. Бирөө акча алып келмек. Ошону эле күтүп жатам. Алып келсе, чогуу эле кетели. Сени үйүңө чейин жеткирип коём”, - дептир. 5-10 мүнөт эшикте тургандан кийин “жүрү, үшүбөй үйгө кирип, чай ичип туралы” деп, мейманкананы үйүм деп, алдап алып кирет. Киргенден кийин “сени сүйүп калдым, сени алам” деп кайра алдап, күчкө салып, кадимкидей эле зордуктаптыр.

Карындашым эмне кыларын билбей, ыйлайт. Тиги бала “экөөбүз үйлөнөбүз” деп карындашымды колунан жетелеп Жалал-Абадга, Ала-Букага өзүнүн айылына алып кетип калат. “Мына айылыма алып баратпаймынбы. Экөөбүз үйлөнөбүз” деп жолдон дагы 3-4 жерден токтоп, зордуктап барыптыр. Карындашымдын айтуусу боюнча тоолор жакка алып барып, кыйнаган экен. Үйүнө алып барса, баланын ата-энеси кичинекей кыз экенин кебетесинен эле көрүп, улуу баласына “кызды үйүнө алып баргыла” дептир. 13 жашар эле кыз да. Тиги бала ата-энесине болгон окуянын баарын, жыныстык катнашта болгонун дагы айтып бериптир. Эмне кыларын билишпей, тун улуу менен Искендерди, Адинайды кошуп, кайра шаарга жөнөтүп ийишет.

Карындашым ага ата-энебиздин көз жумганынан баштап, өзү жөнүндө бүт баарын эле айтып бериптир. Жолдон келе жатып, ал агасы карындашымдан баарын сураптыр. “Канча бир тууган? Туугандары кимдер? Каякта иштейт?” деп, биз жөнүндө толук маалымат алгысы келиптир. Жолдон карындашыма баарын үйрөтүп келиптир. “Адинай, сага акча берейин, шаарга келгенде бойго бүтүрбөгөн дары алып ич” дептир. Жанагы 5000 сомду ошого бериптир да. Карындашым кичинекей да эми, коркуп, эмне кыларын билбей, үйдүн дарегин айтпай коюптур.

“Макул, анда эртең жолугабыз” дептир. Анан жолдон Военно-Антоновка жактан маршрутканы сүзүп алышып, авария болушуптур. Тиги байкеси дагы куулук кылып: “Адинай, сен интернетке чейин чыгып, изделип жатыптырсың. Азыр милиция келсе, ызы-чуу болуп кетет. Күнөөлүбүз деп, бул иштерди бүтүрүп алалы. Ошон үчүн сен бир жакта жүрүп тур. Анан сөзсүз жанагы дарыны алып иче бер”, - деп 5000 сом берет.

Карындашым нес болуп калат, эчтекени түшүнбөйт, анысы аз келгенсип аварияга дагы кабылып жатышса... Ошентип, карындашым жолдон түшүп, Военно-Антоновка жактан шаарды көздөй жөө келе бериптир.

“Каякка бараттың эле? Үйгө келе жаттың беле?” десем, “Каякка бара жатканымды билбейм, байке” дейт. Анан Интергельпого жетип-жетпей, жолдон таап алып жатпаймынбы. Анан окуянын баарын айтып берди.

Милиция кызматкелери “кандай маалымат алсаңыз, бизге байланышка чыгып, кабар берип коюңуз, күнү-түнү жооп беребиз” деген эле. Анан мен “Кой, милицияга чалып коёюн. Айтып берейин. Карындашымды алып барайын” деп түнкү саат эки чамаларында чалсам, милиция кызматкери: “Сенин акылың ордуңдабы? Саатты карадыңбы?” - деп аябай орой жооп берди. “Байке, сиз өзүңүз айтпадыңыз беле! Өзүңүз айтканыңыз үчүн чалып жатам да. Карындашыңды таап калсаң же башка маалымат белгилүү болсо, чал дебедиңиз беле. Карындашымды таптым. Жанымда отурат. Иш аябай эле чатак экен. Зордукталыптыр. Болгонун болгондой айтып берди. Каякка барайын? Эмне кылайын?” - деп жардам сурадым. “Азыр түн. Нөөмөттөгүлөр жөн эле каттап коёт. Андан көрө эртең келиңиз. Азыр келгенде эмне кылмак элеңиз” деди милиция кызматкери. Анан “эртең болсо, эртең барайын, макул, жумушу ушундай го” дедим. Буга чейин мындай окуя болуп көрбөсө, биз деле билбейбиз да эчтекени.

Үйгө бардык. Адинайды жуунтуп, тазаланттырбай койдук. “Эртең экспертизалар болот. Бир күн чыдай тур. Анан жуунуп, тазаланасың” дедим. Ошол күнү баарыбыз уктаган деле жокпуз. Келинчегим үчөөбүз отуруп, эмне себептен мындай жолго барып калганын өзүбүз үчүн билип алалы дедик.

Эртеси милицияга бардык. Түндө чалган милиция эртең мененки тогузда: “Байке, келе жатасыздарбы? Карындашыңызды алып, келе калыңыз”, - деп өзү чалды. Онго жетип-жетпей бардык. “Жаш өспүрүмдөр менен иштешкен инспекциянын кызматкери тосуп алат” деди. Алар “Кирип келе жатканыңарды сүрөткө тартып алалы. Бетиңерди жаап коёбуз. “Табылды, келди” деп айтабыз”, - дешти. Көрсө, кийин билинди да, бизди видеого, сүрөткө тартып, “Биз таптык” дегени экен да. “Байкеси таап, алып келди” деп айтышпаптыр. Жалган маалымат дагы болуптур. Өспүрүмдөр менен иштешкен инспекциянын чоңу арыздын башын жазып берген.

Карындашым окуянын баарын кагазга жазып берген. Анан алардын баары бизди угуп, видеого тарткан эжелер “акмак, зөөкүр” деп ачууланып жатышкан. Сот иши башталганда эле, моюнга алышпай, “биз билген эмеспиз, көргөн эмеспиз, зордукталды дегенин уккан эмепиз” деп коюшту. Өзүм карындашымдын жоголуп кеткендиги боюнча кайрылган тергөөчүгө жолуктум. Ага карындашымдын зордукталганын айттым. “Каяктан?” деп сурады. “Ош базар жактагы бир мейманкана экен. Так аталышын билбейбиз” дедим. “Ош базар болсо, ал Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө карайт. Ошол жакка барыңыз” деди. “Мени күтүп туруңуз, арыз жазыңыз” деген эмес. Мен дагы “макул, иш ошол жактан каралабы?” десем, “ооба, ошол жактан арыз жазасыз” деди. Анан Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө бардык. Кагазга Жалал-Абадга барганынан бери баарын жазып бергем. Бир кагаздын эки бетин толук жазып бергем. Кийин окусам, арызым жарым эле кагаз болуп чыгып жатат. Ал дагы меники эмес. Өзүмдүн жазганымды билем да. Иш башталды. Тиги баланын номерин дагы билбейбиз. Карындашым айтпайт.

"Жалгыз сурак алып жатып, башын айлантып салышыптыр”

Келинчегимдин телефонун алып, карындашымдын Инстаграмына кирдик. “Күтүп туралы, жазып калат” дедик. Жарым саатка жетип жетпей, тиги бала жазды. Оперлер карындашыма “Эчтеке болбогон сыяктуу эле жаза бериңиз. Сыр бербеңиз” деп, кантип жооп бериш керек экендигин үйрөтө башташты. Анан ошентип тиги бала менен Жаш Гвардия бульвары жактагы "Октябрь" кинотеатрынын (азыр Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрынын) алдында жолукмай болду. Карындашым “дагы деле үйгө бара элекмин, байкеңиз менен келиңиз, күтүп турам” деген да. Ошол жактан тиги баланы кармап келишти. Тергөөчүлөр карындашымды жалгыз суракка ала башташты.

Азиза Абдирасулова: Эмнеге жалгыз? Жанында жок дегенде жеңеси, камкорчусу, социалдык кызматкерлерден эч ким болгон жокпу? Эч ким “13 жаштагы өспүрүм кыз экен, жанына бирөө керек” деп сураган жокпу?

Болот Жаныбек уулу: Жок, андай болгон жок. “Байке, чыгып туруңуз. Карындашыңыздан сурак алып алайын” деди. “Мен жок, карындашымды жалгыз сурак кыла албайсыз” дедим. “Жалгыз сурак ала албасымды билем” деди. “Анан эмнеге мени чыгарып жатасыз?” десем, “сиздин көзүңүзчө карындашыңыз уялып, эчтеке айтып бере албай жатат” деди. “Анда мейли” деп, чыктым.

Азиза Абдирасулова: “Кыз бала экен. Аял кызматкер сурак алсын” деген болдубу?

Болот Жаныбек уулу: Жок, андай болгон жок. Жалаң эле эркектер сурак алды. “Анда мен чыгайын, келинчегим, жеңеси отурсун, балам менен. Эшик дагы суук”, - дедим. 5-10 мүнөткө жетпей эле, балам менен жубайымды чыгарып ийишти. Мени дагы киргизбей коюшту. Мен билгенден, карындашымдан 5-6 жолу сурак алышты.

Азиза Абдирасулова: 5-6 жолу суракта карындашың жалгыз болдубу?

Болот Жаныбек уулу: Ооба, биринчи сурактарда жалгыз болду. Кийин кармап келген Искендер деген бала менен экөөнү чогуу сурак алышты. Биз эшикте күтүп турдук. Ошентип отуруп, карындашымдын оюн милициялар такыр эле бузуп салышыптыр.

Азиза Абдирасулова: Кандай кылып бузушуптур?

Болот Жаныбек уулу: Карындашым: “Соттотпой эле коюңузчу, байке. Суранам, ачыкка чыгарбай эле коюңузчу. Соттотсоңуз, анда мен жашабайм, өлөм”, - дей баштады. Буга чейин карындашымдын андай сөздөрү болгон эмес. Көрсө, ошол жактагы тергөөчү зордуктаган баланын жердеши - бир айылдан, бир көчөдөн экен. Бири-бирин сопсонун эле тааныйт. Кийин эле “тааныбайм, биринчи жолу көрүп жатам” деп чыгышты. Бирок Башкы прокуратурадан далилденген, булар айылдаштар экен. Коридордо турсам, тергөөчү карындашыма: “А-ий, экөөң жакшы кыз-жигит “парочка” турбайсыңарбы. Экөөң бактылуу болот турбайсыңарбы”, - деп атпайбы. Ошол жерден аябай ызаланып кетип, тергөөчүгө “Бактылуу боло албагандын баары силерге келип бактылуу болуш керекпи? Эмне деп сүйлөгөнүң, байке?!” - деп, аябай ачууландым. “Сен кыласыңбы ушуларды бактылуу?! Ишиңди алып барбайсыңбы?!” - десем, “Эми экөө бири-бирин сүйүп, жакшы көрүп жатса, эмне кылайын? Экөөнү кантип ажыратайын”, - деп койду. Ошондо иш туура эмес тергелип жатканын түшүнө баштадым. Макул, он бирде бардык деп коёюн, эртеси таңкы алтыда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн кетип жатпаймынбы. Бизди ошого чейин алып жүрдү".

“Жетим экен, социалдык коргоодон” чакыралы дешти, баарын айтып бердим. Кийин “документтерин берген эмес, кыздын жашын далилдей албай койгонбуз” деген куру шылтоолорду айта баштады. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө карындашымдын бүт маалыматын бергем. Карындашым таежебиз менен чет жакка эс алганы чыгып келген. Ошол паспортунан бери жөнөтүптүрмүн. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн бери баары катталыптыр. Кандай эле анан азыр “биз билбей койдук, таппай койдук” деп жатышат, билбейм. Арадан үч жыл өтүп, кээ бир учурлар унутулуп, так эстей албай жатам. Иш такыр туура эмес жүргүзүлө баштады. Искендердин байкеси менен тергөөчүлөр өзүнчө кирип чыгышып, сүйлөшүп жатышты. Аягында ачык эле сөздөр башталды.

“Сенин жердешиң турбайбы, өзүңдүн жердешиңди өзүң кара” деп, тергөөчүгө айтышты. Акча менен ишти бүтүрүп жатканы билинип калды. Бактар жакта, унаамдын жанында ачууланып, эмне кыларымды билбей тургам. Саат түнкү он бирлер болчу. Карындашымды чакырып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн артында сүйлөштүк. “Бул эмне кылганың? Баары мыйзам чегинде болсун да. Мыйзам өзү калыстыгын чыгарат”, - десем эле, “байке, соттотпой эле коюңузчу, мен жакшы көрөм...” деп жооп берди. “Кечээ эле башкача сүйлөп жаттың эле го. Милициялар башынды айлантып салдыбы?” деп аябай ызаланып, жаман болдум. “Эгер соттотуп салсаңыз, анда мен өлөм” деди. Өзү жалгыз карындашым болсо, өлүп калбасын деп корктум да. Эмне кыларымды билбей таежеме чалып, Адинайдын сөзүн айтсам, “үйгө келгиле, сүйлөшөбүз” деди. Сокулукка жөнөп жатсак, милициялар Искендердин байкесин, туугандарын бизге кошуп, “чогуу барып, сүйлөшүп келгиле” дешти. “Макул барсаңар, баргыла” деп ала келдик. Сокулукта Селекция айылынын социалдык коргоо кызматында камкорчуларды караган эже бар. Карындашым өзүнө бир нерсе кылып койбосун деп коркконуман жагдайды түшүндүрүп, ал эжеден өзүм сурандым.

Ал эже дагы “мыйзам чегинде эле кетели, мыйзам карай турган иш” деди. “Эже, макул мыйзам менен эле кетели. Бирок мыйзам жүзүндө болгондо Адинайдын зордукталганы ачыкка чыгат да. Кийин карындашым жашабай, өлүп алса эмне болот? Мага эле түшкөн азап. Жалгыз карындашым болсо. Эч ким билбей эле койсун. Андан көрө кеңеш айтыңызчы”, - дедим. Ишти бүтүрүш керек болуп калды. А мен эмне кыларымды билбей жаткам.

“Ленин РИИБнын милициясы карындашымды жалгыз сурак жатып, башын айлантып салышыптыр” дедим. Ал эже дагы жалгыз суракка алгандыгы туура эмес болгондугун айтып өттү. “Эже, бул жакта акча чечип коюп жатат. Түшүнсөңүз” дедим. Анан Искендердин байкесинен “Адинайга бир нерсе болсо, баш отум менен жооп берем” деген тилкат жаздырып, видеого сүйлөтүп алдым.

Түндө кайра РИИБге келдик. “Экспертизага барыш керек” дешти. “Макул” деп, Донецкий көчөсү жакка бардык. Адинай менен Искендерди чогуу экспертизага алып кирип кетишти. Эки мүнөткө жетпей кайра бат эле чыгышты. “Болдубу?” десем, “Эчтекени деле текшерген жок” деп жооп берди карындашым. Анан кайра РИИБге келсек, тергөөчү эртең дагы акыркы экспертиза болорун айтып, келип берүүбүздү суранды. Кийин тосмо арыз дагы меники болуп чыгып калды. Бирок мен эч качан тосмо арыз жазып берген эмесмин. Макул, мен унутуп калайын. Бирок жубайым мендей унутчаак эмес да.

Эртеси күнү дагы РИИБге келип, мен эшикте унаамдын жанында турганда, тергөөчү чыгып, тигилердин кара түстөгү Step Wgn унаасына отурду. Жарыгын күйгүзүп, бир нерселерди сүйлөшүп жатышты. Мага угулган жок. Телефонум дагы өчүп калып, тарта албай калдым. Анан унаанын эшиги ачылганда, тергөөчүнүн “Мен силерди жердештерим деп, силер үчүн аракет кылып жүрсөм, “толук эмес, күтө тур” дегениңер кандай?” деп тултуңдай баштаганда, тигилер “кел, кел, кайра сүйлөшөлү” деп калышты. Сөз акча жөнүндө болуп, соодалашып жатышканын түшүндүм. Карап турсам эле, дагы бир Tоyota Camry үлгүсүндөгү унаа келди. Ал жактан бирөө тигилерге акча алып келди. Машинанын ичинен акчаны кадимкидей эле бөлүштүрүп жатышканы көрүнүп турду.

Азиза Абдирасулова: Ошондо Искендердин байкеси берип жатат да ээ?

Болот Жаныбек уулу: Ооба, тергөөчүгө берип жатат. Унаанын ичи жарык болуп, терезесинен баары көрүнүп турду. Алар мени байкашкан жок. Тергөөчү унаадан чыгып РИИБ ичине баратты. Анан мен аркасынан дароо эле бардым. Киргенде эле күзөттөгүлөр “оо, эми качан майлайсыңар?” деп калды. Эч кимди көзгө илбей, ачык эле сүйлөшө башташты. Кордидордо бурчта тургам. Тергөөчү Искендерге келип, “убактылуу колуңа кишен салып туралычы, тигилер дагы сасып салбасын” деди. Кишенин эбак эле чечип коюшкан экен.

Ичинде өз ара сүйлөшүп жатышты. Агасы дагы бат-бат кирип чыгып жатты. Биз эшикте эле турдук. Же бизди кетирип ийишпейт. Бизди акыркы суракка милиция кызматкери деген чакырды. Ал суракка мен дагы кирдим. Бир кызматкер эжени психолог деп тааныштырды. Иштеги психолог кол коё турган документтерге милиция кызматкерлери өздөрү коюптур. Кийин жасалма экени билинип калды. Сотто “жардам керек болсо, чалыңыз деп номеримди Болотко беришкен” деп айтты. Бирок ал номерди берген-бербегенин чынында билбейм. Ал эжени деле күнөөлөбөйм. Психолог катары ишке катышты.

Азиза Абдирасулова: Демек, Болот, менин түшүнгөнүм боюнча, “карындашым өзүнүн өмүрүнө кол салбасын” деп, коркконуңдан, айлаң жок ишти бүтүргөнгө макул болуп жатасың да ээ? “Кылмышка тартылбасын, камалбасын” деп, оозеки болсо дагы. Ошондо туугандары менен кандайдыр бир келишимге бардыңарбы?

Болот Жаныбек уулу: Жок, андай деле келишим болгон жок.

Азиза Абдирасулова: Алар өзүнө кандайдыр бир милдеттенме алдыбы? 13 жашар кыздын тагдыры талкаланды. “Жетим балдар экен, жардам берели” деген сөздөр болдубу?

Болот Жаныбек уулу: Жок, андай деле сөздөр болгон жок. “Акчалай жардам беребиз. Эмне десең ошону кылабыз” деп, оозеки айтышты. “Мен силерден эчтеке сурабайм” дедим. Таежем дагы ооруп, камкорчулукту өзүмө каттатмакмын. “Болгону ошол маалда жардам бересиңер” дедим. Адинай дагы “Сокулукта окубайм. Баары билип калды, элдин бетин кантип карайм?” деп намыстанып, жаман боло баштады. Карындашымды шаарга алып келишим керек дедим. Өзүм шаарда батирде турам. Үйүм жок. Көрсө, шаардан дагы катташ керек экен".

Тааныш байке аркылуу бир үйгө каттатып, шаардагы №47 мектепке бере турган болдук. Окуусу калып бараткан. Ошондо карындашымдын окуусуна деп 400$ алганым чындык. Аны эч бир өз кызыкчылыгыма колдонгон эмесмин. Искендер “Адинайга келдим” деп биз жашаган батирге келет. Карындашым “Бир саатка чыгып келейинчи” дейт. Мен дагы коркконуман жок дей албадым, эптеп Адинайды ушул кырдаалдан чыгарыш керек болуп калды. “Өлөм деп коркута бер” деп тигилер башын айлантып койгон экен. Бир нерсе болсо эле “өлөм” деп калган. Ошол маалда дагы тиги бала карындашымды алып кетип, бир сутка жок болгон. Ата-энесине чейин чалып “эмне деген акмакчылык, дагы деле жок” деп эртең менен кайра Свердлов РИИБне барайын десем, карындашым эртең мененки жетилерде эшиктин алдында отуруптур. “Киного барып эле жүрдүк” деди.

“Макул, анда. Жуунуп, таранып, тамагыңды ичип, окууга бар” дедим. Азыр деле ойлонсом, ал ошол маалда деле зордуктап жүрүптүр. Тиги бала Москвага кете турган болуптур. Ошондо карындашымдын маанайы чөгө баштады. “Москвага барып эле кайра келет экен” деп, бир нерсе болуп кетпеси үчүн алдаш керек болду да. Уруша да албайм. Милицияга акча берип бүтүрүп койгон. Байкеси “10 000$ менен бүтүрдүм” деп өзү айткан. Анын айткандарын Башкы прокуратурага айтып бергем. Башкы прокуратура Искендерди кармап келген күндө деле ал менин сөзүмдү тастыктап берген.

"Терезени ачып эле секирип кетти". Адинайдын өлүмү

Азиза Абдирасулова: Ошондо Искендер Москвага кетти. Адинай экөө телефон менен байланышып турса керек?

Болот Жаныбек уулу: Ооба, телефондон сүйлөшүп жатышты.

Азиза Абдирасулова: Искендер Москвага кеткенден кийин экөөнүн мамилеси эмне болду?

Болот Жаныбек уулу: Мамилеси өзгөрдү. “Сен эмне деген кыз болдуң? 400$ менен мектепте окуйсуң. Сенин айыңдан 10 000$ милицияга бердик. Эксперттерге 500$ бердик. Акчамдын баары жок болду. Сенин айыңдан талаалап, Москвада иштеп жүрөм”, - деп Адинайды ыйлатыптыр. Аны кийин угуп калып, жиним келип, апасына чалдым.

Азиза Абдирасулова: Баягы трагедия качан болду? Аралыгы 3 айга жетпеген убакта болуптур да, ээ? Ошол күнү Адинайдын маанайы кандай эле?

Болот Жаныбек уулу: Адинай акыркы күндөрү, өлөрүнө жакын бир жумадай катуу депрессияга түштү. Өзүнө келе албай, такыр эле эч нерсеге көңүлү жок болуп калды. Сабакка эптеп барат. Келип эле жатып калат. Ошондо мен деле эмнеге мындай болгонун түшүнүп жаттым. Акыркы сүйлөшүүбүз 2-апрель күнү болду.

“Байке, мен сиздин айтканыңызды туура эмес түшүнүп алыптырмын. Сизди көп жерден укпай коюптурмун”, - деди. Милициялар жөнүндө сөз болуп жатат. “Ошол маалда макул деп, каматтырып салсам болмок экен” деди. Ошондо эмне себептен минтип айтканын түшүндүм.

“Адинай, Кудай бар. Баары жакшы болот. Келечегиң алдыда. Сарсанаа болбо. Ойлонбо. Болор иш болду. Ошол маалда сен дагы туруп албадыңбы. Кайгырба. Чөкпө. Андан көрө сабагыңды жакшы оку”, - деп ушинтип жакшынакай эле отуруп, сүйлөштүк. Анан “кой, жатайын” деп кеткем. Саат түнкү бир болуп калган. Телефонумду заряддагычтан алып, интернетти карап отургам.

Адинайдын телефону дагы заряддагычта болчу. 5 мүнөт өтпөй, үстөлдүн үстүн жыйнап, артыман кирип келди. Келип, бетимден өөп: “Байке, кечирип коюңузчу. Буюрса, бизде дагы баары жакшы болот. Башкача жашайм. Жакшы кыз болом”, - деп калды. “Ооба, маанайыңды түшүрбөчү. Жатып укта”, - дедим. Анан шкафты көздөй басты. Кийим же бир нерсе алат го деп ойлодум. Терезени ачып эле секирип кетти да. Мен эч нерсени түшүнбөй калдым. Туруп эле, жөн эле секирип кетерин ойлогон дагы жокмун да. Шок абалында эле болуп калдым. Кийин Свердлов районун оперлери келип, ишти карай башташты.

Ооруканага алып бардык. Жандандыруу бөлүмүндө жатты. Милиция кызматкерлери “Телефону каякта?” деп сурашты. “Үйдө заряддагычта турган боюнча” дедим. “Телефондон бир нерсе табабыз” деп ойлошту да. Телефону бүт тазаланып, өчүрүлүп калыптыр. Карындашым чын эле даярданганбы, билбейм. Кийин дептерлеринин арасынан бир кагаз таптым. Карындашым англисче көп жазчу, жакшы билчү. Англисче 3 кыздын, 3 баланын аты жазылуу экен. “Искен - маанилүү” деп жазып коюптур. Бирден он алтыга чейин номерлеп коюптур. Дагы жаза турган бир нерселери болгон окшойт. Эмне себептен антип жазганы билинбей калды.

Азиза Абдирасулова: Тилекке каршы, карындашың кайтыш болуп кетти. Андан кийин ушул иш боюнча кимдерге кайрылдың? Кайсы органдар ушул трагедия менен иш алып барууда?

Болот Жаныбек уулу: Ошондон кийин Башкы прокуратурга кайрылдым. Анткени Свердлов РИИБи карындашымдын өлүмү боюнча экспертиза жүргүзүшкөн, жыйынтыгын сурасам, мага бербей коюшкан. “Экспертиза эмне болду? Жыйынтыгын бербейсиздерби?” деп канча жолу кайрылдым.

Азиза Абдирасулова: Башкы прокуратура ишке киришптир. Анан канча кылмыш иши козголду?

Болот Жаныбек уулу: Ленин РИИБиндеги эки кызматкерге өзүнчө, экспертиза боюнча адиске өзүнчө иш ачылды. Свердлов РИИБинде өспүрүмдөр менен иштешкен инспекцияга жана мен баягы түндө чалган тергөөчүгө ачылды.

Азиза Абдирасулова: Искендер каякта?

Болот Жаныбек уулу: Иш Октябрь райондук сотунда каралып жатат. Искендер азыр камакта. Камалганына бир жыл болоюн деп калды. Сот процесси жүрүп жатат.

Азиза Абдирасулова: Искендер кайсы беренелер менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат?

Болот Жаныбек уулу: Зордуктоо жана “өлүмгө жеткизген” деген фактылары боюнча.

Азиза Абдирасулова: Эки кызматкердин үстүнөн козголгон иш боюнча Ленин райондук соту кандай чечим чыгарды?

Болот Жаныбек уулу: Аларга 3-4 берене боюнча иш ачылган. Мамлекеттин эсебине деп бир миллион сом штраф салыптыр. Иштин толук жыйынтыгын ала элекмин. Бир милиция кызматкерин дагы бир берене менен күнөөлүү деп таап, сыноо мөөнөтүнө чыгарышыптыр. Экспертиза боюнча адисти күнөөсүз дептир. Орозо айы, Кудайдан корком, калп айтпайм. Ошол адис 13 жаштагы карындашымдын жашын 18 деп документтерге жазып жатпайбы. Ошол эжени эмнеге күнөөсүз деп чыгарышты, билбейм. Башкы прокуратурада эксперт адистин “күнөөмдү мойнума алам, кылганым чындык” деген түшүнүк каты бар. Кийин сот процесси болуп жатканда “мени коркутушту” деп чыкты. Мен адвокаты жок сотко катыштым.

Азиза Абдирасулова: Бүгүнкү күндө 3 соттук иш жүрүп жатыптыр: Искендерге, Ленин, Свердлов райондук милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголуптур. Ошондо жактоочуң ким? Адвокатын барбы?

Болот Жаныбек уулу: Ушул кезге чейин адвокатым болгон жок.

Азиза Абдирасулова: Эмне себептен?

Болот Жаныбек уулу: Чынымды айтсам, адвокатка акча бериш керек да. Өзүм курулушта иштейм, батирде турам, бир уул, бир кызым бар. Айла жок, адвокаты жок күрөшкөнгө муктаж болдум.

Азиза Абдирасулова: “...алтынчы кабаттан секирип...” деген социалдык тармактарда маалымат кеткен. Үч жылдан бери өзүң жалгыз күрөшүп келе жатыптырсың. Мамлекеттик кызматтардан силерди бирөө түшүнүп, колдоо көрсөткөндөр болдубу?

Болот Жаныбек уулу: Мага колдоо көрсөттү, мындай кылды деп деле айтпайм. Мен Башкы прокуратурага жазгам да. Ошолорду иштейт деп айта алам. Мен аларга эч кандай жаман оюм жок. Чындыгында иштешти. Эки кызматкер аябай иштеди. Жерге бергенибизге бир жыл болуп калгандан кийин карындашымды эксгумация дагы кылдык. Жашы боюнча далил керек болуп калды.

Азиза Абдирасулова: Сенде паспорттор сакталып калбады беле?

Болот Жаныбек уулу: Бар болчу. Тигилер “Жашын жасалмалатты” деген маалымат чыгарышты. Жоопко тартылып жаткандар ушинтип коргоно башташыптыр. Прокуратура кызматкери мыйзамдуу түрдө эксгумация болушу керек экендигин түшүндүрүп айтып берди. “Сиз уруксат бересизби, бербейсизби, биз баары бир кылабыз. Анткени эксгумациянын жыйынтыгы жок сотко өткөрүп бере албайбыз” дешти. “Мен уруксат бербейм” деп чыгып кеткем. Болбой эле эксгумация кылышты.

Азиза Абдирасулова: Жыйынтыгы эмне болду?

Болот Жаныбек уулу: 14 жашта деп далилдеп чыгышты. Ошондо 14 жашка карап калган да. Ошол маалда аябай оор абалда болдум. Менин көз алдымда эксгумация жасашты. Сөөктүн ээси катары ошол жерде болушум керек экен. Аябай эле оор азап тарттым. Башкы прокуратура колунан келгенин кылды, аябай ыраазымын. Ушу күнгө чейин бир адамды жаман көрүп, кыжырым кайнаган учур болгон эмес. Туура эмес сүйлөсөм, кечирсин. Ушул адвокаттарды аябай жаман көрүп калдым. Тигилердин адвокаттары соттон баарын көрүп, билгендей эле ишенимдүү, орой сүйлөп, керсейишти. “Болот көрсөтмөсүнөн баш тартты” деп калп айтышты. Тергөөчү эмес, милиция кызматкери акча алган деп жазып алыптыр. Анан мен “Мен милиция кызматкерин айткан эмесмин. Ошондон эле баш тартам. Акчаны тергөөчү алган. Сен албадың беле? Алгандан кийин тигил кызматкердин кабинетине кирбедиң беле?!” - дедим.

Азиза Абдирасулова: Карындашыңдын өлүмүнө көңүл айтам. Жаман иш болуптур. Ошол маалда ата-энеси жок, жетим балдар, өзүңөр эле калып калыптырсыңар. Укуктарыңарды, мыйзамдарды түшүндүргөн бирөө дагы болбой калыптыр. Бизден кандай жардам күтөсүң?

Болот Жаныбек уулу: Сиздерден адилеттикти күтөм. Ушул иш акыйкат болсо дейм. Тигилер кутулуп кетти. Карындашымды өмүрү акчага бааланып калдыбы, билбейм. Бир боорумдан айрылып, күйүп-бышып, жаман болуп жатсам, “мамлекетке миллион сом төлөдү” деп чыгарып коюптур. Муну мен акыйкат деп эсептебейм. Адилетсиз чечим чыгарылып калды. Экөөнү тең куткарып ийишти. Жоопко тартыш керек болчу.

Азиза Абдирасулова: Адвокат алганга акчаң жок болсо, жабырлануучу тараптын ишеним каты менен башка укук коргоочулардан, өзүң ишенген, мыйзамды түшүнгөн белгилүү адамдардан, депутаттардан өкүл катары алсаң болот. Эгерде ишеним катты менин атыма жазып берсең, анда алдыдагы шаардык сотко, Октябрь райондук сотунун отурумуна катышсам болот. Себеби сен жабырлануучунун өкүлүсүң. Кааласаң, башка өзүң ишенген укук коргоочуларга да ишеним кат берип, катыштырсаң болот. Адвокат ала албаган бир канча үй-бүлөгө укуктарын соттордо акысыз эле коргоп, мүмкүн болушунча колдоомду көрсөтүп келем. Зордуктоого кабылган 13 жашар жетим кыз жөнүндө сөз болуп жатат. Тосмо арыз жазып берсе дагы, кыз “камабагыла” деп суранган учурда дагы зордуктаган жигитке кылмыш иши козголуп, бул иш мыйзам чегинде жүргөндө, балким, ушундай трагедия болбой, Адинай биздин арабызда жашап жүрмөк.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG