Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Киев ракета чабуулуна, Белгород аткылоого кабылды


Киев ракета чабуулуна, Белгород аткылоого кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Киев ракета чабуулуна, Белгород аткылоого кабылды

21-мартка оогон түнү Украинанын баш калаасы Киевге ракеталык чабуул болуп, 12 киши жараат алды. Харьковдо буга чейинки соккуларда өлгөндөр беш кишиге жетти. “Блумберг” Орусияда мунай заводдор бутага алынганын, аларга дрон чабуулдарында күнүнө 600 миң баррелдей кара май жоготуп жатканын жазды.

Киев ракеталык соккуга кабылды

Бейшембиге караган түнү Киевде Орусиянын ракеталык чабуулунан 12 киши жараат алды. Алардын экөө ооруканага жаткырылганын шаардын мэри Виталий Кличко билдирди. Атып түшүрүлгөн ракета сыныктары калаанын бир катар аймактарында турак жайларга, ишканаларга, бала бакчага жана автоунааларга кулады.

Подольск облусунда көмөкчордондон өрт чыгып, бир үйдүн чатыры күйүп кетти. Киевдин Шевченко районунда өрт чалган көп кабаттуу үйдүн тургундары эвакуацияланды. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко 20-март күнү кечинде баш калаага бир эле учурда ар кайсы багыттан атылган 30га жакын канаттуу ракеталар атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Расмий маалыматта Орусиянын ракеталык чабуулу үч саатка созулганы айтылат.

Украинанын бардык аймагында аба чабуулу тууралуу айгай салынды. Мурдараак Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Мурманск облусундагы авиабазадан кеминде тогуз Ту-95МС бомбалоочу учагы учканын кабарлаган.

Белгороддогу чабуул

Орус Коргоо министрлиги 21-мартта Белгороддо 10 снаряддын мизи кайтарылганын билдирип, күбөлөр сүрөттөрдү жарыялады. Министрлик снаряддар RM-70 Vampire системасынан атылганын маалымдады.

Белгород облусунда дээрлик күн сайын дрон жана ракеталык соккуларга дуушар болуууда. Ар кайсы жерде жарылган снаряддардын үнү угулуп, социалдык тармактарга жабырган имараттардын, күйүп кеткен автоунаалардын сүрөттөрү чыгып жатат. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, Белгород облусундагы аткылоолордон 16 кишинин өмүрү кыйылды, жүздөй киши жараат алды. 20-мартта Белгород облусунун администрациясы мектеп окуучуларын убагынан эрте эс алууга чыгарып, жети калктуу конуштун кире беришине өткөрмө бекеттерин орнотуу чечимин кабыл алды. Ушул эле күнү кезектеги аба чабуулдан бир өспүрүмдүн өмүрү кыйылганы кабарланды. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Орусиянын президенти Владимир Путин Белгород облусундагы кол салууларды комментарийледи.

Анын айтымында, бийлик чек аралаш аймактардын коопсуздугун камсыздоого ниеттенип жатат. Ал муну кандай жол менен ишке ашыруу каралып жатканын тактаган жок.

“Албетте, биз аларга ушундай эле жооп кайтара алабыз. Каршылаш тарап сокку уруп жаткандай эле биз дагы жарандык инфратүзүмдөргө жана ушул сыяктуу обьектилерге чабуул кое алабыз. Бул боюнча биздин өз көз карашыбыз жана пландарыбыз бар”,— деген Путин Белгород облсусунун жана башка чектеш аймактардын тургундарына эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгородго жасалган соккунун кесепти. Аймак губернатору Телеграмга жарыялаган сүрөт. 16-март, 2024-жыл.
Белгородго жасалган соккунун кесепти. Аймак губернатору Телеграмга жарыялаган сүрөт. 16-март, 2024-жыл.

Харьковдо кыйылган өмүрлөр

Орусиянын армиясы күн сайын Украинадагы жарандык жайларга, карапайым тургундардын турак жайларына сокку урганы тууралуу кабарлар чыгып келет. Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан Москва жарандык жайларга сокку урганын танып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирүүдө.

Чек аранын аркы тарабында, Белгород сыяктуу эле аралыкта жайгашкан Украинанын Харьков шаарына жасалган орус армиясынын соккуларынан бир катар райондор урандыларга айланган.

20-мартта жасалган соккудан беш кишинин өмүрү кыйылды. Типография жана эмерек жасоочу цехтин урандыларынын алдында дагы он чакты киши болушу мүмкүн экенин жергиликтүү бийлик билддирди.

Ал эми украин президенти Владимир Зеленский Сумы облусуна эле март айында 200дөй бомба ташталганын айткан. Андан тышкары Орусия менен чектеш жайгашкан Сумы облусун аткылоодон улам ал жактагы тургундарды коопсуз жактарга чыгарып кетүү буйругу берилди.

Белгороддун калкы жарым милионнго жетет. Орусиялык аскерлер билдиргендей, аймак учурда чех өндүрүшүнөн чыккан RM-70 Vampire ракетасынан аткылоодо.

Орусиянын стратегиялык аэродрому бутага алынды

20-мартка караган түнү Саратов облусундагы Энгельс шаарынан анча алыс эмес жердеги стратегиялык авиабазага сокку урулду.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин кызматы чалгын кызматындагы булактарына таянып жазгандай, чабуул Украинанын Чалгын башкармалыгы тарабынан пландалып, ишке ашырылган. Бул үчүн Украинада чыгарылган дрондор колдонулган.

“Энгельс-2” деп аталган авиабаза Украинага чабуул койгон стратегиялык бомбалоочу учактар үчүн пайдаланылып келет.

Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин Энгельске чабуул койгон дрондордун мизи кайтарылганын Телеграмга жазган. Ал белгилегендей, өмүрү кыйылгандар же жараат алгандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Энгельстин тургундары социалдык тармактарга калаада төрт жарылуу болгонун жазышты. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги шаршембиде Саратов жана Белгород облустарында төрт украин дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Украина менен чек арадан 700 чакырымдай алыс жайгашкан Энгельс шаары 2022-жылы да чабуулга дуушар болгон. Анда алты аскердин өмүрү кыйылган.

Орусия бул соккуларды Украинадан көрүп келет. Киев адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт. Анткен менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба бул жолу өз пикири менен бөлүштү.

"Ал жакта эмне болбосун, бул Орусиянын Украинага каршы мыйзамсыз жана негизсиз агрессиясынын кесептети. Эгер Путин өз агрессиясын баштабаса, Украинада миңдеген орусиялыктар өлмөк эмес, Орусиянын өзүндө да тынчтык болмок",-деди министр.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

Мунай заводдорун бутага алган соккулар

Орусия мунай иштетүүчү заводдорго жасалган дрон чабуулдарынан күнүнө 600 миң баррелдей кара май жоготууда.

Бул тууралуу эле аралык Gunvor Group компаниясынын башчысы Торбьёрн Торнквист “Блумберг” агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал эми JPMorgan банкынын талдоочуларынын эсебинде, дрон соккуларынан улам Оруиянын заводдору күнүнө 900 миң баррел мунай аз чыгарууда.

Соңку эки жумада орус мунай өндүрүшү учкучсуз аппараттардын жапырт чабуулуна туш болду. Кеминде сегиз мунай иштетүүчү базага жана мунай сактоочу базага сокку урулганы катталды.

“Украинская правда” басылмасы 13-мартка караган түнү Орусиядагы үч мунай иштетүүчү заводго жасалган соккуларды Украинанын Коопсуздук кызматы уюштурганын аталган мекемедеги жеке булагына таянып жазды. Кеп Рязань, Нижегород жана Ленинград облустары тууралуу болууда.

"Биздин максат - душманды ресурстарынан ажыратып, мунайдан түшкөн кирешесин жана кара майын азайтуу. Мунун баарын агрессор түздөн-түз согушка, украин жарандарын өлтүрүү үчүн колдонуп жатат",- деп айткан чалгын кызматынын өкүлү.

Учкучсуз аппараттын соккусунан улам Рязань облусундагы заводдо өрт тутанып, ишкананын иши бир нече саатка токтоп, эки негизги бөлүмүн жапкан. Завод күнүнө 317 миң баррель мунай же Орусияда иштетилген кара майдын 5,8% чыгарат.

Орусиянын Брянск облусундагы мунай заводуна жасалган чабуул. 19-январь, 2024-жыл.
Орусиянын Брянск облусундагы мунай заводуна жасалган чабуул. 19-январь, 2024-жыл.

“Cогушта танктар, оор жүк ташуучу унаалар жана башка техника үчүн эбегейсиз көлөмдөгү кара май керектелет. Ошондуктан бул аймакка согушту кара май менен камсыздоо үчүн түз жоопкерчилик жүктөлгөн”,-деп билдирди Берлиндеги Херти башкаруу мектебинин талдоочусу Томас О’Доннелл “Америка добушу” радиосуна.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул соккулардан кийин өлкөсүндө чыгарылган дрондордун потенциалын жогору баалады.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG