Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Орусия президентин шайлоо: "Путинге каршы чак түш" акциясы


Орусия
Орусия

Орусиянын президентин шайлоо боюнча Кыргызстанда төрт шайлоо тилкеси ачылды. Анын бири - Бишкектеги орус элчилигинин имаратында. Ал жерде элдин узун кезеги пайда болду. Орус оппозициясы Путиндин саясатына каршы тарапкерлерин добушканаларга чак түштө, саат 12ге келүүгө чакырышкан.

Бул өнөктүктү "Путинге каршы чак түш" деп аташкан. Бишкектеги добушканага келгендердин бир тобу акцияга катышуу үчүн келгенин “Азаттыкка” билдиришти.

Бишкектеги шайлоо

Орусияда 17-мартта президенттик шайлоонун экинчи күнкү добуш берүүсү уланууда. 15-мартта башталган шайлоо бүгүн аяктайт.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, алар Бишкектеги элчиликтин, Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун имараттарында, Кант жана Каракол шаарларында жайгашкан.

Добуш берүү үчүн Орусиянын жарандары паспорт менен барышы керектиги эскертилген.

Азыр элчиликтин алдында шайлоочулар топтолуп турушат. Имаратка добуш берүү үчүн баштык, телефон, ачкыч, сууну калтырып, паспорт менен гана кирүү талабы коюлуп жатканын жеринен кабарчыбыз билдирди.

Шайлоо Москва убактысы менен 9да, Бишкек убактысы менен 12де башталды.

12ге карай элчиликтин алдында шайлоочулардын узун кезеги пайда болуп, элчилик жайгашкан Манас көчөсүнөн Киев-Исанов көчөсүнө чейин созулду.

Бишкек. Добуш берүү үчүн кезекте турган орус жарандары. 17-март, 2024-жыл
Бишкек. Добуш берүү үчүн кезекте турган орус жарандары. 17-март, 2024-жыл

"Путинге каршы чак түш"

Орус оппозициясы Орусиядагы президенттик шайлоодо Путиндин саясатына каршы тарапкерлерин добушканаларга чак түштө, саат 12ге келүүгө чакырышкан. Бул өнөктүктү “Путинге каршы түшкү маал” деп аташкан. Бишкектеги добушканага келгендердин бир тобу ушул акцияга катышуу үчүн келгенин “Азаттыкка” билдиришти.

Коопсуздуктан улам аты-жөнүн ачык айтпаган жарандар акциянын алкагында Путинге каршы добуш бере турганын айтышты.

"Биз согушка каршыбыз. Албетте биздин добуш шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүп жибербейт, бирок, биз жок дегенде аракет кылып жатабыз. Бизге жаркыраган, боордош элине согуш ачпаган мекен керек”,- деди алардын бири "Азаттыкка".

Орусиянын элчилигинин алды. 17-март, 2024-жыл
Орусиянын элчилигинин алды. 17-март, 2024-жыл

SOTA Ташкенттен жана Бангкоктон тартылган сүрөттөр менен видеолорду жарыялады. Бангкокто (Тайланд) "Путинге каршы чак түш" 35 градус ысыкта өтүп жатат деп жазды аталган канал.

Австралияда Орусиянын Сиднейдеги консулдугунда орусиячыл жарандар “Путинге каршы чак түш” акциясына жана НАТОго каршы ураандар менен чыгышты.

16-мартка караган түнү Казан шаарында президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраган Борис Надеждиндин жергиликтүү штабынын башчысы Дмитрий Румянцев кармалганы кабарланды.

Ага чейин анын Владивостоктогу, Ханты-Мансийскидеги, Челябинскидеги, Петербургдагы жана Чебоксарыдагы тарапкерлери да кармалган. Согушка каршы чыгып жаткан Надеждиндин тарапкерлери шайлоо тилкелеринин алдында туруп, шайлоочулардан сурамжылоо жүргүзүп жатышкан.

Санкт-Петербургда шайлоо участкасында Молотов коктейлин ыргытышкан. Воронежде бюллетень салган урнага зеленка чачылган. "Голос" кыймылы участоктордогу көптөгөн мыйзам бузууларды байкашкан. Кемеров облусунда шайлоочуларга арак, Челябинскиде анализ тапшырууну сунуш кылышкан.

Орусиядагы шайлоо: урнага чачылган зеленка, Молотов коктейли
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Москва убактысы боюнча 16-март, таңкы саат 8:00гө карата шайлоого 36,2% шайлоочу келгенин маалымдады.

15-мартта Орусияда президенттик шайлоодо добуш берүү башталды. 2018-жылы кайра шайланып, төрт жыл мурун Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде 72 жаштагы Владимир Путин 2036-жылга чейин орус мамлекетин башкаруу мүмкүнчүлүгүн алды.

Шайлоо алдындагы пропагандага Кремль 1 млрд евро жумшады

1999-жылдын акыркы күнүндө Борис Ельцин атайын кызматтын мурдагы полковниги Путинди президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Ошондон бери эки ирет 4 жыл мамлекет башында турду, кийин өкмөттү башкарып, 2012-жылы президенттик мөөнөт алты жыл болуп өзгөртүлгөндөн кийин эң жогорку кызматка кайтып келди. 2018-жылы кайра шайланып, 4 жыл мурун Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдүн натыйжасында Путин 2036-жылга чейин орус мамлекетин башкаруу мүмкүнчүлүгүн алды.

Орусиянын булуң-бурчунда добуш берүүгө үгүттөгөн плакаттар илинген. Көбүндө орус аскерлери Украинага басып киргенден колдонгон символдорду көрүүгө болот.

Бийлик элди добушканаларга келүүгө чакырып түрдүү лотерея, оюн-зоок уюштуруп жатат. Кошуна Украина жана Батыш өлкөлөрү мамлекеттик медиада жана расмий адамдардын билдирүүлөрүндө мокочо кылып сүрөттөлүп келет.

Былтыр жыл этегинде Путин шайлоого “сырттан кийлигишүү аракети көрүлүшү мүмкүн” деп, андай болсо, “катуу жооп кайтарыларын” эскерткен.

Путиндин биринчи инаугурациясы. Москва. 2000-жыл
Путиндин биринчи инаугурациясы. Москва. 2000-жыл

7-мартта орус Тышкы иштер министрлиги АКШнын элчиси Линн Трейсини чакырып, Америка каржылаган бейөкмөт уюмдар шайлоо жана Украинадагы “атайын аскердик операция” тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп айыптаган. Moscow Times гезитинин маалыматы боюнча, Москва “андай аракеттерге аралашкан элчилик кызматкерлерин” өлкөдөн чыгаруу өңдүү аракеттер көрүлүшү ыктымал деп эскертти.

Орус бийлиги Батыш колдогон өкмөттүк эмес уюмдарды душман, Кремлге каршы аракеттенген топтор деп эсептейт. Батыш жана тийиштүү уюмдар айыптоолорду четке кагууда. Бир тобуна чет өлкөлүк агент, жагымсыз деген макам берилген. Буга байланыштуу орус жарандарынын алар менен кызматташуусу мыйзамсыз болуп саналат.

Эстониялык Delfi сайты жакында жарыялаган Кремлдин ички документинде орус өкмөтү шайлоо алдындагы пропагандага 1 млрд евро жумшаганы айтылат. Ошол эле маалда Путин дээрлик чейрек кылымда өнөктүк алдындагы бир да дебатка катышкан жок.

Өткөн айдагы кайрылуусунда президент бюджетти көбөйтүү, инфраструктураны модернизациялоо, жакырчылык менен күрөшүү, айлана-чөйрөнү коргоо, технологияларды өнүктүрүү убадаларын берди. Ал билдирүүсү өкмөттүн 2030-жылга чейинки программасы катары каралууда.

Чыныгы атаандашсыз шайлоо, оппозициянын жок кылынышы

Президенттикке ат салышууну көздөгөн үмүткөрлөрдүн экөө гана – Борис Надеждин менен Екатерина Дунцова Украинадагы согушка каршы чыккан. Алар он миңдеген кол топтогону менен, шайлоого катыштырылган жок.

Москва. 6-март, 2024-жыл
Москва. 6-март, 2024-жыл

Путинден тышкары дагы үч талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан өткөн: улутчул консерватор Леонид Слуцкий, Коммунисттик партия көргөзгөн Николай Харитонов жана ишкер Владислав Даванков. Үчөө тең согушту колдоп жүрөт.

Кремлдин сынчылары бул үч талапкерге добуш берүү плюрализм шартында өтүп жатат деген таасир калтыруу ролу жүктөлгөнүн айтышат.

Жылдардан бери куугунтукталып келаткан чыныгы оппозициянын катары Орусияда кыйла суюлган.

16-февралда Путиндин акыркы жылдардагы негизги оппоненти Алексей Навальный абакта тыбышмактуу жагдайда каза тапты. Жакындары, санаалаштары жана эл аралык коомчулук анын өлүмүнө орус бийлиги жооптуу деп айтышат.

Оппозициялык дагы эки саясатчы Илья Яшин менен Вадимир Кара-Мурза Путиндин Украинага каршы согушун сындаганы үчүн узак мөөнөттөргө кесилген.

“Проект” басылмасы февралдын этегинде чыгарган статистикага караганда, Путиндин соңку президенттик мөөнөтүндө саясий беренелер менен соттолгон адамдардын саны Никита Хрущев менен Леонид Брежневдин доорундагы көрсөткүчтөн ашып кетти.

Согушка каршы акция. Санкт-Петербург. 27-февраль, 2022-жыл
Согушка каршы акция. Санкт-Петербург. 27-февраль, 2022-жыл

Атап айтканда, тикелей репрессияларга акыркы алты жылда 116 миндей киши дуушар болду. Басылма саясий жана репрессивдүү деп сыпаттаган беренелер менен кылмыш же административдик жоопко тартылгандарды гана санап чыккан. Алсак, экстремизм, терроризмди актоо, армия тууралуу жалган маалымат таратуу беренелери менен 2018-жылдан быйылкы февралга чейин 5613 кишинин үстүнөн иш козголду.

“Проект” буларга “согушка катышуудан баш тарткандарды, мамлекеттик чыккынчылык, тыңчылык боюнча айыпталгандарды жана башкаларды кошкондо 11 442 деген сан чыгарын" жазды.

Мындан тышкары 100 миндей киши уруксат берилбеген митингдерге катышканы үчүн административдик жазага тартылган.

Журналисттер СССРди 1950-1980-жылдары башкарган Хрущёв жана Брежневдин тушунда антисоветтик үгүт жүргүзгөнү, өлкөнүн аброюна шек келтирген маалымат таратканы үчүн мындан аз киши соттолгонун белгилешет.

Путиндин оппозицияга, согушка каршы чыккандарга, сын көз караштагыларга кылган мамилеси Сталиндин репрессиялары менен көбүрөөк салыштырылып калды. Бирок Кремлге жан тарткандар президентти Орусиянын ыдырашын алдын алган, чечен жикчилдерди жана оллигарх миллиардерлерди ооздуктаган саясий “гений” деп санашат.

Согуш шартындагы шайлоо

Путиндин колдоочулары аны ошондой эле 2008-жылкы согушта Грузиянын жикчил аймактарын, 2014-жылы Крымды аннексиялаган, 2022-жылы кошуна өлкөнүн 4 облусунун кээ бир жерлерин кайтарганы үчүн кубатташат. Баса, эгемен Украинанын убактылуу оккупацияланган райондорунда да шайлоо уюштурулуп жатат. Киев ал жактардагы жергиликтүү тургундарды коркутуп, добушканаларга барууга мажбурлап жатышканын билдирди. Орус бийлиги андай айыптоону четке кагууда.

29-февралда Путин Батыш Украинага аскерлерин жөнөтсө, ядролук курал колдонорун эскертти. Москва АКШ менен Европага биринчи жолу сес көрсөтүп отурган жок.

Орусиянын Украинага кол салуусу Москва менен Батыштын 1962-жылы болгон Кариб кризисинен берки ири чыңалууга алып келди. Путин буга чейин да НАТО менен Орусия түздөн түз кагылышы мүмкүн деп эскерткен.

Батыш орус мамлекет башчысын согуш кылмышкери жана диктатор деп эсептейт. Кол салууну “атайын аскердик операция” деп атаган Путин Орусияны бөлүп-жарууну көздөгөн Кошмо Штаттар менен жаңы дүйнөлүк тартип үчүн күрөшүп жатканын айтып келет.

Кремлдин урушта тез жеңүү планы ишке ашпаганы менен, Батыш дагы орус аскерлерин Украинадан сүрүп чыгаруу максатына жете элек.

Айрым аналитиктердин пикиринде, Путин бул шайлоону согуш ачуу чечимин легитимдештирүү, калың элдин колдоосуна ээ болгонун, урушка карабай оурсиялыктардын жашоосу өзгөрбөгөнүн көргөзүү үчүн пайдаланышы ыктымал.

Буча шаары. 16-апрель, 2022-жыл
Буча шаары. 16-апрель, 2022-жыл

Украин аскерлеринин өткөн жайдагы контр чабуулу ийгиликсиз аяктады. Ушу тапта Орусия кошуна өлкөнүн аймагынын 17,3% көзөмөлдөп турат.

Согуш дүйнө өлкөлөрүн үч лагерге бөлүп койду: Киевди колдогондор, бейтарап позициядагылар жана Москваны жактагандар.

Алсак, согуш башталгандан кийин, 2022-жылы 22-мартта БУУда Орусиядан аскерлерин Украинадан чыгарып кетүүнү талап кылган резолюция колго салынганда, 193 мамлекеттин бешөө – Беларус, Эритрея, Түндүк Корея, Сирия жана Орусия каршы добуш берген, 141и аны колдогон. Калыс калгандардын катарында Кыргызстан жана башка борбор азиялык өлкөлөр бар.

Бир жыл мурун Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып кеткен деп айыптоонун негизинде Путинди камоо ордерин чыгарган. Ал эми Москва соттун чечимин тааныбай турганын билдирген.

БУУнун соңку санактарына ылайык, согуш украиналык 10 миңден көп карпайым кишинин өмүрүн кыйды. Уюм кармаштар жүрүп жаткан аймактардан маалымат алуу кыйын экенин, чыныгы статистикалык көрсөткүч мындан жогору болушу мүмкүн экенин эскертип келет.

Би-би-си жана "Медиазона" уруш талаасында 45 123 орус аскери каза тапканын аныктаган.

Орус экономикасы санкцияларга ыңгайлашып алды

Владимир Путин 29-февралда парламентке жасаган кайрылуусунда экономиканын көрсөткүчтөрү дүйнөлүк сандардан өйдө болгонун, бул жагынан Чоң Жетини артта калтырганын айтып мактанды. Анын айтымында, буга акыркы он жылдан бери түптөлүп келаткан пайдубал өбөлгө түздү. Орусиянын негизги экспорттук товары болгон мунайдын кымбатташы 1990-жылдардагы башаламандыктан кийин миллиондогон орусиялыктын кирешесинин көбөйүшүнө алып келип, Путиндин позициясын бекемдеген.

Бирок 2008-жылкы финансылык кризис, Москва Крымды аннексиялагандан кийинки, Украинага каршы согуш ачканда салынган санкциялар Кремлдин эсеп-пландарын өзгөрттүрдү.

Москва. 14-август, 2023-жыл
Москва. 14-август, 2023-жыл

Экономиканын абалы, катардагы орусиялыктардын жашоо-турмушу Путиндин тушундагы 24 жылда канчалык өзгөрдү?

Дүйнөлүк банктын маалыматына көз чаптыралы.

Ички дүң өнүмү: 2000-жылы 260 млрд долларга жетсе, 2022-жылы 2,24 триллион доллар болду.

Киши башына ички дүң өнүм: 1771,6 доллар, 2022 – 15 270,7

Жылдык инфляция: 37,7%, 2022-жылы – 15,8%.

Калктын саны: 2000-жылы - 146 596, 869, 2022-жылы – 144 236, 933

Жумушчу күч: 2000-жылы 73 291, 467, 2022-жылы 73 798, 702

Өмүр узундугу: 2000-жылы – 65 жаш 2021-жылы – 69 жаш

Жумушсуздук: 2000-жылы – 10,6%, 2022-жылы – 3,9%

Дүйнөлүк банк былтыркы жылдын жыйынтыгын жарыялай элек.

“Росстат” агенттигинин 7-февралдагы малыматына караганда, өткөн жылы орус экономикасы 3,6% өстү. Муну менен 2022-жылкы төмөндөөдөн суурулуп чыкмак турсун, дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн ашты.

Былтыр Орусия коргонуу тармагына сарптоолорду көбөйттү. Согушту улантуу үчүн санкцияларды буйтап өтүү схемаларын жигердүү пайдаланды.

Экономист Лиам Пичтин пикиринде, "Росстаттын" эсептери негизинен орус экономикасынын реалдуу абалын чагылдырат. “Экономика санкцияларга жана Батыштын обочолонтуусуна күтүлгөндөн жакшы ыңгайлашып, көнүп кетти”, - деп эсептейт адис.

Албетте, согуш орус экономикасына залакасын да тийгизип жатат.

Рубль кескин арзандап кетти, миңдеген кишилер өлкөдөн чыгып кетип, жумушчу күч тартыш болууда, инфляция максат коюлган көрсөткүчтөн жогору, калктын реалдуу кирешеси тегиз эмес болуп, жакырчылыкка баткан үй-бүлөлөр Орусияда дагы эле көп.

"Бюллетенге “Навальный” деп бадырайта жазсаңар болот"

Орусияда 112,3 миллион киши шайлоо укугуна ээ. Дагы 1,9 миллион шайлоочу чет жактарда добуш бере алат. 12-мартта Молдова Орусиянын Кишиневдогу элчисине Приднестровьеде добушкана ачылганына байланыштуу нааразылыгын билдирди. Кишинев макулдашпай туруп шайлоо участогун ачуу эл аралык ченемдер менен принциптерди бузарын, өлкөнүн суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө көлөкө түшүрөрүн эскертти.

Орусия бийлиги өнөктүккө көз салуу үчүн ЖККУнун байкоочуларын чакырган жок.

2018-жылкы президенттик шайлоодо элдин катышуусу 67,5% түзгөн.

Алексей Навальныйдын мүрзөсү. Москва. 2-март, 2024-жыл
Алексей Навальныйдын мүрзөсү. Москва. 2-март, 2024-жыл

Көз карандысыз эксперттер шайлоонун жыйынтыгы дээрлик белгилүү экенин, бийликтин колунда жыйынтыктарды бурмалоо, мамлекеттик кызматкерлерди пайдалануу инструменттери бар экенин айтып, маркум Алексей Навальный, кийин анын жесири Юлия чакырып келген нааразылык акциялары болобу деген суроо ачык кала бергенин белгилешет.

Юлия Навальная шайлоону “жасалма жана бурмаланган” өнөктүк деп атап, тарапташтарын нааразылыгын билдирип, добушканаларга келүүгө үндөгөн.

“Мындан ары эмне кылуу зарыл? Тандоо укугу өзүңөрдө. Путинден башка талапкерге добуш бере аласыңар. Бюллетенди жараксыз кылсаңар, чоң тамгалар менен “Навальный” деп жазсаңар болот. Добуш берүүнүн мааниси жок деп ойлосоңор, анда шайлоо участогуна барып, жөн эле туруп, анан басып кеткиле”, - деп айткан Навальная Ютьюбдагы видеодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG