Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

"Гумжардам жеткирүү маселени чечпейт". Газадагы кырдаал


Газа тилкеси. 11-март, 2024-жыл
Газа тилкеси. 11-март, 2024-жыл

Газага деңиз аркылуу 200 тонна жардам алып бараткан кеме сапарын улантууда. БУУнун агенттигинин өкүлү Израилди эл аралык коомчулуктун гуманитардык аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырды. Ал арада Израил парламенти согушту каржылоо үчүн бюджетке кошумча каражат киргизүүнү жактырды.

41 жаштагы Ум Махмуд Абу Ризек күйөөсү жана балдары менен Рафахтагы үйүнө кайтып барды. Урандыга айланган ал жерди турак жай деп да атоого болбойт. Бул үй-бүлө бир нече күндөн бери үйүлүп жаткан бетон, таш, темир-тезек арасында ооз ачууга аргасыз. Тамак-аш да тартыш.

Калган газалыктардай эле Ризек да согуштан кийин эмне болот деп санааркайт:

"Барар жерибиз, баш калкалай турган жайыбыз жок. Окуу токтогон, мектептерде жугуштуу оорулар жайылууда. Балдарымды ойлоп, кайталы, үйүбүзгө баралы дедим. Баарыбыз бир кезде келечектен үмүттөнүп, кыялданып жашаган үйүбүз кыйрап калды”.

Согуш жарым жылга аяк басып калган кезде, эл аралык уюмдар газалыктар жашаган шарттарды адам чыдагыс деп баалап жатышат. Гуманитардык жардам жеткирүү кыйындап, расмий булактар наристелер ачкалыктан чарчап калган учурлар көп каттала баштаганын кабарлашууда.

Рафах шаары. Газа. 6-март, 2024-жыл
Рафах шаары. Газа. 6-март, 2024-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, анклавда 2,3 миллион киши жашаса, анын бери дегенде 576 миңи ачарчылык коркунучуна кептелди. Бир миллиондон ашууну жер которууга аргасыз болду.

БУУнун палестиналык качкындарга жардам берүү агенттигинин (UNRWA) өкүлү Жюлиет Тума Израилдин бийлигин гуманитардык жардамды жеткирүүгө жолтоо болбоого чакырды:

"Израил бийлиги анклавдын түндүгүнө Улуттар Уюмунун, анын ичинен биздин агенттиктин баруусуна, гуманитардык жүктү ырааттуу жеткирип турушуна уруксат бербегендиктен, кербендерге сокку урулган учурлар болгон. Акыркы жолу Газанын түндүгүнө 29-январда жардам жеткиргенбиз".

Газага гуманитардык жардам алып бараткан кеме. 12-март, 2024-жыл
Газага гуманитардык жардам алып бараткан кеме. 12-март, 2024-жыл

Шаршембиде учактар Газанын түндүгүнө жардамдын дагы бир бөлүгүн абадан таштады. Бейшембиде АФП агенттиги тилкеге деңиздеги гуманитардык коридор менен 200 тонна жардам алып бараткан кеме сапарын улантып жатканын билдирди.

Америкалык World Central Kitchen кайрымдуулук уюму чогулткан азык-түлүк жана башка эң зарыл нерселер жүктөлгөн испаниялык Open Arms кемеси 12-мартта Кипрдеги Ларнака портунан жөнөп чыккан.

Алгачкы деңиз коридорун ачуу тууралуу чечимди Европа комиссиясы жана эл аралык донорлор 8-мартта биргелешип кабыл алышкан.

Amnesty International жана Oxfam баштаган 25 эл аралык уюм гуманитардык жардамды учактан таштоо же деңиз коридорун ачуу менен эле маселе чечилбей турганын 13-мартта билдиришти.

Рейтер Газанын саламаттыкты сактоо мекемесине шилтеме жасап кабарлагандай, 13-мартта Израилдин аскерлери палестиналык качкындарга жардам берген агенттиктин гуманитардык жардам тараткан борборуна сокку урганда, беш киши каза болду. Израилдин армиясы Рейтердин ал маалыматты комментарийлөө өтүнүчүнө жооп бере элек.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинен балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алып кеткенде баштаган. Тилкенин ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги ошондон бери сектордо 31 миңден ашуун палестиналык жай тургун, алардын арасында аялдар жана балдар да набыт болгонун билдирди.

Ал арада Израил парламенти– Кнессеттин депутаттары быйылкы жылдын бюджетине ХАМАСка каршы согушту каржылоо үчүн кошумча каражат бөлүү мыйзамын колдоду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG