Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Армения Москвадан алыстап, Парижге ыктайбы?


Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Париж, 2022-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Париж, 2022-жыл.

Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) убактылуу чыгуу арызын тапшырабы же жокпу - дагы деле белгисиз. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 23-февралда өлкө аскердик альянска мүчөлүгүн токтоторун билдирген. Ал арада Ереван Франция менен курал-жарак алуу тууралуу келишимге кол койду.

Москва Еревандан түшүндүрмө күтүп жатканын айтса, Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Армения чыгып кетсе деле аймактык бирикме ыдырабасын айтты.

Өткөн аптада Пашинян France 24 телеканалына курган маегинде ЖККУдагы мүчөлүк убактылуу токтогонун, орус базасын Арменияда кармап туруу маселеси күн тартибинде жок экенин билдирген. Бирок жетекчи өлкө Орусия үстөмдүк кылган уюмдан чыгар-чыкпасын тактаган жок.

«Биздин баамыбызда, ЖККУ өзгөчө 2021- жана 2022-жылдары Арменияга карата коопсуздук милдеттенмелерин аткарган жок. Анын кесепетин биз кадимкидей сездик. Натыйжада биз иш жүзүндө альянстагы мүчөлүгүбүздү убактылуу токтотуп койдук. Эртең эмне болорун байкайбыз”.

Армения ЖККУдан чыгабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

“Азаттыктын” армян редакциясы – “Азатутюн” радиосу Тышкы иштер министрлигине өлкө жамааттык уюмдан чыгуу арызын береби деген суроо узатып, бирок жообун азырынча ала электигин маалымдады.

Ал эми Москва өкмөт башчынын билдирүүсүн чечмелөөнү күтүп жатат. Кремль 24-февралда Армения ЖККУга расмий арыз тапшырбаганын билдирди. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Ереван менен байланышып, бул маселеге айкындык киргизүүнү пландап жатышканын айтты.

Аскердик блок Пашинян мүчөлүктү убактылуу токтотуу жөнүндө кеп кылганда ЖККУнун жолугушууларына катышпоону айтып жатат деп чечмелейт.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодон кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Армениянын мүчөлүгүнө байланышкан маселе Минскини тынчсыздандырбасын айтты:

“Биз президенттер менен бул маселени Казанда кыйыр талкуулаганбыз... Армения ЖККУда болгусу келбесе, уюм андан ыдырап кетпейт, ойрон болбойт. Эң негизгиси, биз Армения ЖККУдан чыгып жатат деген расмий кат ала элекпиз”.

Армениянын нааразылыгы жана таарынычы

Кандай болгон күндө да, Еревандын ЖККУдан чыгуу ыктымалдыгы көптөн бери талкууланып келатат. Армениянын бийлиги альянс Азербайжан менен урушта так позициясын билдирбегени үчүн нааразы болууда.

Былтыр сентябрда Пашинян коопсуздук чөйрөсүндө бир гана Орусияга ишенүү саясаты «стратегиялык ката» болгонун моюнга алган. Быйыл февралдын башында ал бул оюн кайталады:

"Биз ким менен аскердик-техникалык жана коргонуу тармагындагы алакаларды түзө аларыбызды түшүнүшүбүз керек. Мурда концепцияны түзүүдө кыйынчылыктар жок эле, андай маселе да коюлчу эмес. Коргонуу чөйрөсүндөгү алаканын 95-97% Орусияга туура келчү. Азыр объективдүү жана субъективдүү себептерден улам муну өзгөртүү зарыл".

Былтыр ноябрда Пашинян блоктун Минск саммитине катышпай койгон, өз аймагында машыгуу өткөрүүдөн баш тарткан. Армян аскерлери бир нече машыгууга барган эмес.

Ага чейин саммиттердин биринде Пашинян орус президенти Владимир Путинге уюмдун иши оңунан чыкпаганын айтып, жыйынтыктоочу декларацияга кол коюудан баш тарткан. Ошондо Кремль пикир келишпестиктерге карабай, "уюмдун келечеги бар" деп белгилеген.

2023-жылы май айында армян премьери блоктогу мүчөлүк коопсуздук жаатында башка мамлекеттер менен кызматташууга тоскоолдук болуп жатканын айтып, өлкө ЖККУдан чыгышы ыктымал деп билдирген.

Пашинян Армениянын башка жерлерден курал-жарак же аскердик жабдууларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалаган.

Ереван - Париж кызматташтыгы

23-февралда француз коргоо министри Себастьен Лекорню Ереванга барганда, тараптар аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Франция Арменияны заманбап курал-жарак менен камсыздап, армян офицерлерин машыктурууга көмөктөшмөкчү. Армян коргоо министри Сурен Папикяндын айтымында, Ереван PGM деген франциялык курал чыгаруучу компания менен келишимге кол койду.

Ереванда француз коргоо министри Себастьен Лекорню менен армян коргоо министри Сурен Папикян келишимге кол койду, 23-февраль, 2024-жыл
Ереванда француз коргоо министри Себастьен Лекорню менен армян коргоо министри Сурен Папикян келишимге кол койду, 23-февраль, 2024-жыл

Буга чейин Баку Арменияны курал-жарак менен жабдып, Казказда "чыңалууну козутууда" деп Францияны айыптаган.

Андан тышкары өткөн сентябрда Арменияда америкалык аскерлер менен биргелешкен машыгуу уюштурулган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти “Америка авазы” радиосунун армян редакциясына берген комментарийде Орусияны Армениянын кызыкчылыктары түйшөлтпөсүн буга чейин да көргөнбүз деп билдирди:

“Армениянын эгемен өлкө катары коопсуздук тармагында өзу тандаган мамилелерди улантууга умтулганын урматтайбыз, региондоун бардык өлкөлөрдүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойбуз”.

Москванын реакциясы кандай болот?

Армениялык айрым саясат талдоочулар өлкө чындап эле аскердик альянстан чыгуунун расмий жараянын баштайт деген пикирде. Анын арты кандай болушу мүмкүн деген маселеге кайрылып, талдоочу Армен Багдасарян “Азатутюн” радиосу менен маектешүүдө Москванын Ереванга кысым көргөзүүчү үч инструменти бар деген оюн ортого салды. Ал экономикалык кысым, өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү жана Азербайжанды Арменияга каршы тукуруу ыктымалдыгын атайт.

Армениялык аскерлер ЖККУнун машыгуусунда. Архив
Армениялык аскерлер ЖККУнун машыгуусунда. Архив

Ички иштер демекчи, франциялык телеканалга берген интервьюда Пашинян Орусия ага каршы үгүт кампаниясын жүргүзүп жатканын да белгилеген:

"2023-жылкы сентябрь жана октябрь окуялары болгон убакта Орусиянын жогорку жетекчилик өкүлдөрү Армениянын жарандарын көчөгө чыгып, мыйзамдуу шайланган өкмөттү төңкөрүүгө түздөн түз чакырык жасашты. Орус телеканалдары алты жылдан бери Армениянын шайланган өкмөтүнө, жеке өзүмө каршы үгүттү ырааттуу жүргүзүп келатат. Анан кандай жыйынтык жасаса болот?”

Москва Пашиняндын бул сынына реакция кыла элек.

Буга чейин армениялык дагы бир талдоочу Рубен Меаграбян "Москва Арменияны өзүнүн таасир чөйрөсүндө кармап калууга аракеттенеби?" деген сурообузга жооп бергенде, Орусиядагы диаспора да бутага алынышы мүмкүн деген:

“Ошолор ар кандай кысымга, басмырлоого туш болушу мүмкүн. Же 2008-жылы грузиндерди кууп чыккандай армяндарды да кубалап, базарын жаап салат. Анда деле бизге эч нерсе болбойт, башка рынокторго – Европа, Жакынкы Чыгышка же Түштүк Азияга кете беребиз”.

Пашиняндын ЖККУга байланышкан билдирүүсү өлкө кошуна Азербайжан менен тирешип жаткан маалга туура келди. Эки мамлекет Тоолуу Карабак аймагы үчүн бир нече жолу согушуп, он миңдеген адамдардын өмүрү кыйылган. Ал жер былтыр азери бийлигинин карамагына кайтарылган. Тараптар чек арада ок чыгарды деп утур-утур бири-бирин айыптап келишет.

Москва пайдасын көргөн, Бишкек зыянын тарткан уюм
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:04 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG