Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Балыкчыда ЖККУнун аскердик машыгуусу жыйынтыкталды


ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук-2023” машыгуусунун жабылыш аземи. 13-октябрь, 2023-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук-2023” машыгуусунун жабылыш аземи. 13-октябрь, 2023-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” полигонунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуу күчтөрүнүн биргелешкен “Бузулбас боордоштук-2023” машыгуусу 13-октябрда жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жабылыш аземде тиешелүү өлкөлөрдүн министрлери жоокерлердин машыгуу учурунда көрсөткөн каармандыгы жана аракеттери үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлерине медаль тапшырышты.

Машыгууга уюмга мүчө Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын жана Тажикстандын 1500дөн ашык аскери, 200дөн ашык авиациялык, чопкутталган танктары жана автомобилдик техникалары, анын ичинде аскердик транспорттору, кыргын салуучу учактары, кемелери, учкучсуз учактары жана башка нерселери катышты.

Уюмга мүчө мамлекеттердин аскерлери Кыргызстанга 6-октябрдан баштап келе башташкан. Машыгуунун активдүү фазасы 9-октябрда старт алган.

Машыгуунун негизги максаты – ЖККУнун тынчтык орнотуу бөлүкчөлөрүнүн башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жана өздүк курамынын практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү. Ошондой эле жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда тынчтык орнотуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө аскер бөлүктөр менен кошуундардын шайкештигин жогорулатуу болуп саналат.

Аскерлер бийик тоолуу шартта кризистик зонада конфликтен кийинки жөнгө салуу – ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен тынчтыкты сактоо операциясын өткөрүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү көндүмдөрүн иштеп чыгышат.

ЖККУнун башка бир мүчөсү Армения бул машыгууга катышпай турганын жарыялаган. Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өткөн айда Армения-АКШ аскердик машыгуусун утурлай "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун" билдирген. Кийинчерээк ал Еревандын ЖККУга мүчө болушу Армения үчүн "натыйжасыз" экенин кошумчалаган.

Расмий Ереван Москваны Армениянын коопсуздугун коңшу Азербайжандын агрессиясынан коргой албаганы үчүн айыптаган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындан кийин армян бийлигине "АКШга ишенген мамлекеттердин тагдырын эске ала жүргүлө" деп кеңеш берген.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда ондогон жылдарга созулган жаңжалдын себеби болгон жикчил Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги 20-сентябрда Бакунун шарттарына баш ийип, багынып берген. Ал жактагы 120 миңдей этностук армяндын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Армян бийлиги бул үчүн Бакуну "этностук тазалоого" айыптаган, Азербайжан бул дооматты четке кагып, этностук армяндарды азери коомуна "реинтеграциялоо" аракетин көрүп жатканын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG