Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Казакстандын ЖККУдан чыгуу планы "таптакыр"жок


ЖККУнун бейпилдик контингенти Казакстанда. Алматы. 2022-жыл, январь
ЖККУнун бейпилдик контингенти Казакстанда. Алматы. 2022-жыл, январь

Астананын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгуу планы таптакыр жок. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Умаров "Азаттыктын" казак редакциясынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Ал уюмдагы мүчөлүккө байланышкан пикирлер көп айтылат. Бирок бүгүнкүгө чейин бир да мамлекет расмий түрдө мүчөлүгүн токтотуу арызы менен кайрылган жок. Андыктан ЖККУнун курамында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Мындай уюмдун сыртында калууга караганда, анын катарында болгон жакшы", - деп айтты Умаров.

Дипломат Казакстан аскердик блокту түптөөнүн башатында турганын, ал "өлкөнүн кызыкчылыгына иштеп жатканын" белгиледи.

23-ноябрда Минскиде Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирген уюмдун саммити өткөнү жатат. Бир нече күн мурун Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ага катышпай турганын айткан.

Казакстанда Январь окуялары учурунда ЖККУнун контингенти киргизилгенден кийин активисттер менен айрым саясатчылар тарабынан альянстан жана Евразия экономикалык уюмунан чыгуу чакырыктары көбөйгөн.

Еревандагы айрым саясатчылар да ЖККУ жана КМШдан чыгууга үндөп келатканы менен расмий бийлик бул багытта аракет көрө элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG