Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Кыргызстан советтик жер-суу аталыштарынан качан арылат?


Жайыл районундагы Полтавка айылы, Чүй облусу.
Жайыл районундагы Полтавка айылы, Чүй облусу.

Казакстан үч миңдей айылдын аталыштарын 2025-жылга чейин өзгөртүү планын жарыялаганы соцтармактын кыргыз сегментиндеги талкууларды кайра жандантты. Кыргызстанда буга чейин мындай сунуштар ишке ашкан эмес. Аны Москва кескин сындап, Мамлекеттик Думанын депутаттары билдирүү жасаган учурлар болгон.

Башкалаа Бишкектин төрт районунун тең аталыштары советтик идеологияга ылайык коюлганы айтылып, маал-маалы менен аны өзгөртүү сунушу берилип жүрөт.

Борбордогу райондордун атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун он жыл мурда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдрахман Маматалиев иштеп чыккан. Ага ылайык, Биринчи май районуна Чыңгыз Айтматовдун, Свердлов районуна Исхак Раззаковдун атын берүү сунуш кылынган. Сунуш депутаттар арасында талкуу жаратып, биринчи окууда кабыл алынган бойдон унутта калган.

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

"Жапырт баарын өзгөртө берүүнү мен деле колдобойм. Бирок мамлекетке эмгеги сиңген, бир кылымда бир жаралган, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматов, мамлекетти бутуна тургузгандардын бири Исхак Раззаков сыяктуу адамдар тууралуу айткам. Свердлов деген ким болгон? Ал убагында Сталиндин аркасы менен келген, өмүр баянын окусак, бандит сыяктуу адам болгон экен. (Яков Свердлов - большевик-революционер, жалпы жонунан 12 жылдан ашык сүргүндө жана түрмөдө отурган - ред.). Анын атына коюлган аталыштарды Орусия деле өзгөрткөн. Биздикилер же менин атамдын атын койосуң же мурунку бойдон калтырасың дегендей эрегишип алганы уят. Шаардык кеңеште, мэрияда мамлекеттин тарыхын терең изилдеп билген, келечекти ойлогон адамдар азчылык болуп жатат окшойт. Кайдыгер мамиле кылып жатышат", - деди Маматалиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 2022-жылы Элдик курултайда Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштырууну сунуш кылган. Шакиевдин демилгесинен көп өтпөй Москва реакция жасап, бул кадам "Кыргызстанда жашаган орус тилдүү элдин укугун тебелөөгө" жатарын белгилеген. Грузияда жана Украинада да баары орус тилин кысуудан башталганын эскертип, бул маселеге Орусиянын президенти да көңүл бурушу зарыл дешкен. Орусиянын реакциясы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, «эгемен өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү» катары сыпатталган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева союз учурунда коюлган жер-суу аталыштары дагы тарых экенин белгилеп, аны чийип салууга болбойт деп эсептейт:

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

"Тарыхты чийип сала албайбыз, аны унутууга акыбыз жок. Тарыхын билген эл өнүп, өсөт. Мисалы, Ленин району Лениндин атынан коюлган. Ленин болбосо кыргыздар ушундай эгемендикке жетет беле деген дагы суроо бар. Бул дагы чындык. Эгемендикти алуудагы пайдубалдын ташын Ленин коюп кеткен. Ал эми Биринчи май өтө чоң майрам болчу, эмгектин майрамы. Октябрь району Октябрь революциясынын урматына коюлган. Свердлов Борбор Азияны караган куратор болчу. Бул өзүнчө тарых. Азыр алмаштыра турган болсок, ар ким өзүнүн тууган-уругунун атын таңуулай бергени жарабайт. Манас, Курманжан датка, Атаке баатыр, Шабдан баатыр деп өзгөртсө болот. Атаке баатыр Орусия империясына барып элчилик вазийпасын аткарган, мамиле түзгөн. Ушундай татыктуу аттарга алмаштырсак болот".

Белгилүү тарыхчы окумуштуу Кыяс Молдокасымов тарыхый аталыштарды калыбына келтирүү маселеси эбак бышып жетилген деп эсептейт. Ал бул багытта саясий эрк жетишпей жатат деген пикирде.

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

"Өзгөчө Чүй өрөөнүндө баратканда Орусияда жүргөндөй эле болосуң. Бул маселе эгемендик алган кезден бери эле бышып жетилген. Айрым өзгөрүүлөр болуп жатат, бирок ал жетишсиз. Биз эгемен өлкө болгондон кийин тарыхый аталыштарды кайра кайтарышыбыз керек. Болбосо падышалык Орусиянын, коммунисттик Орусиянын мезгилиндеги аталыштар менен дагы деле жүрөбүз. Биз которууга аракет кылсак эле Орусиянын бир-эки депутаты же саясатчысы ызылдап чыгат. Бирок Орусиянын өзүндө деле большевиктик, коммунисттик доордогу аталыштарды бүт өзгөртпөдүбү. Биз деле эгемен мамлекетибиздин кызыкчылыгына тууралап, бардыгын эчак эле жаңылашыбыз керек болчу. Ал аталыштар кезинде элдин ыктыярына койбой, саясий, идеологиялык өнүттө коюлуп калган. Бизде саясий эрк жетишпей жатат. Бишкек шаары - эгемен Кыргызстандын борбору. Төрт райондуку тең кыргызча эмес, коммунисттик доордогу идеологиянын алкагында коюлган аталыштар. Ошону эбак эле которуп коюш керек болчу", - деди тарыхчы.

"Кожоюн издеген коом өнүкпөйт". Колониалдык аң-сезимден кантип кутулабыз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:41 0:00

Бишкек шаардык кеңеши 2018-жылы баш калаадагы ушул эки эки райондун аталышын өзгөртүүгө байланыштуу чечим кабыл алып, өкмөткө жөнөткөн. Ал жерде Биринчи май районуна залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, Свердлов районуна саясий жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин атын ыйгаруу сунушталган. Демилгечи депутаттардын бири Рысбай Аматов шаардык кеңештин позициясы өзгөрбөгөнүн айтып, бирок азыр бул маселе күн тартибинде жок экенин билдирди:

Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

"Дагы эки район боюнча сунуштарды талкуулаганбыз. Кийин өкмөткө бир нече ирет кайрылдык. Бирок каралбай токтоп калды. Азырынча күн тартибинде жок. Негизи өзгөртүш керек. Шаардык кеңештин позициясы 2018-жылы эле белгилүү болгон. Биз бир добуш менен чечим кабыл алып бергенбиз".

Анткен менен Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик бул маселени Шаардык кеңеш гана чечерин белгилеп жатат. Мекеменин бөлүм башчысы Венера Исалиева расмий түрдө бул маселеге байланыштуу кайрылуу келип түшпөгөнүн "Азаттыкка" билдирди.

"Бул Бишкек шаардык кеңешинин эле ыйгарым укугуна карайт. Өздөрү кеңеште чечим кабыл алып, колдосо, өзгөртсө болот. Буга мыйзам кереги жок", - деди Исалиева.

Союз учурунда берилген жер-суу аталыштарын өзгөртүү же тарыхый аттарын кайтаруу маселеси маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Буга чейин район аттарын өзгөртүү сунушу эки жолу өткөн Элдик курултайда дагы көтөрүлгөн.

Учурда Бишкектин райондору Биринчи Май, Свердлов, Ленин, Октябрь деп аталат. Мындан сырткары ар бир аймакта жерлердин, шаар, кыштактардагы ондогон көчөлөрдүн коммунисттик идеологиядан улам ыйгарылып калган аталыштары бар.

Казакстан: 3 миңдей айылдын аты өзгөрөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG